Отуз жаштагы кытайлык кыргыз кыз Багым (жеке коопсуздугунан улам аты-жөнү өзгөртүлдү) Кызыл-Суу автоном облусунда туулуп-өскөн. Акыркы 11 жылдан бери Бишкекте жашайт. 2014-жылы кыргыз жарандыгын алган.
Багымдын ата-энеси, агасы жана эки сиңдиси Кытайда калган. 2017-жылы кытай бийлигинин Шинжаң аймагындагы мусулмандарга куугунтугу башталгандан тарта каарманыбыз жакындары менен байланыша албай келет. Жакында эле агасы Бээжин “тарбиялоочу лагерь” деп сыпаттаган жайга камалганын уккан. Андан бери жакындарынан абалын биле албай убайым тартып турганы чагы.
“2017-жылга чейин апам менен азыноолак сүйлөшүп жаттык. Ошондо апам жашоо кыйындап кеткенин айтып ыйлаган. Мен эч жардам бере албасымды айтып тим болгом. Биздин үй-бүлөдө алгач агам лагерге кирди. Анткени ал эки жолу Кыргызстанга келип, ишкердик кылып көрүүнү ойлонуп, кайра кеткен. Ал жактан беш жыл түрмөгө кескен экен. Андан кийин "апамды үйдөн чачын кырып, кара баштык кийгизип алып кеткен" дешти. Муну Кытайдагы айрым тааныштардан укканыман улам айтып жатам. Андан кийин атам лагерге камалыптыр. Мен төрт бир туугандын улуусумун, үч кыз, бир эркек. Эки сиңдимден жети жылдан бери кабар жок. 2015-жылы Кытайга барганда көрүшкөм, андан кийин байланыша албай калдык. Апамдан сураганымда “жакшы жүрүшөт” деген".
Дагы караңыз "Торугарттан өткөндө эле кишен салды". Шинжаң абагын көргөн кыздын баяныБагымдын айтымында, Кыргызстандагы кытайлык кыргыздар 2015-жылдын соңунда лагерлер, куугунтуктар жөнүндө байма-бай угуп, чочулай баштаган. Алар өз ара аракеттерди көрүү үчүн чогулуп, мамлекеттик органдарга жана президентке бир канча жолу кат жазып кайрылышкан. Бирок ал жактан бир дагы катка жооп алышкан эмес.
“Бул жактагы чогулган кытайлык кыргыздар Казакстанга чейин барып Америка, Европа өлкөлөрүнүн маасалык маалымат каражаттарына кат менен кайрылдык. Алар дароо реакция кылып бизди издеп келишип, маектерди видеолорду тартышты. Андан кийин Кыргызстада “Кырк чоро” деген топ этникалык кыргыздарга басымдын жасалышы боюнча митингге чыкты. Ошол окуялардан кийин кытай милициясы бул жактагылардын ар бирине байланышка чыгып, жакындарыбыз аман-соо экенин, кааласак алар менен сүйлөштүрөрүн айтышты. Ошондо мени 2019-жылы апам менен милиция кызматкерлери эки жолу сүйлөштүрдү. Апамдын мууну бошоп, “ыйлайын, ыйлайын” деп көп нерсени айта албай “баары жакшы” деп гана тим болду. Ары жакта милиция сүйлөшкөнүбүздү угуп турду да. Ошол үчүн эч нерсе айта алган жок”.
Багым айтып жаткан акция 2018-жылы декабрда Бишкекте өткөн. "Кыргыз чоролору" деп аталган коомдук бирикменин активисттери Кытайдын Бишкектеги элчилигинин алдына акцияга чыгып, Шинжаң аймагында "тарбиялоочу лагерлердеги" ар бир кыргыздын камалган себебин ачык айтууну суранып, элчиликке кат тапшырган.
Багымдын жакын туугандарынын (жээни) биринин дагы үй-бүлөсүнөн 10 киши лагерге камалган. Жээни апасына жолукканы Кытайга барып, бир ай лагерде жатып чыккан. Ошондо ал Багымдын апасын лагерден көрүп, бирок сүйлөшө албаганын кайра келгенде айтып берген.
Каарманыбыз андан бери Шиңжанда абал жакшырды дегенге ишенбейт. Себеби Кыргызстандан окууга барган абысыны чыныгы кырдаалды айтып келген:
"Негизинен лагерь деген жөн жерден чыккан эмес. Бизге жеткен маалыматтарда мектептер лагерге айланып, дагы бир канчасы жер асты, үстү болуп курулган. Биз окуганда кыргыз, уйгур мектептери болсо азыр баары кытай мектебине айланган. Окуу кытай тилинде, жашоо образы дагы кытайча. 2016-жылдан бери ар бир этникалык үй-бүлөгө бирден кытай жаранын бир тууган кылып берүү чечими чыгыптыр. Ал жаран бир күнү кытай үйүндө бир күнү кыргыз, казак, уйгур үй-бүлөсүндө жашайт. Азыр Кытайдын биз колдонуп жүргөн Тик-Токко окшогон социалдык тармагы бар. Андан видеолордон кытайга турмушка чыккан кыргыз, уйгур кыздарын, көңүл ачуучу жайларда бирге тамактанып жаткан жарандарыбызды көрө баштадык. Болбосо мен Кызыл-Сууда канча жыл жашап бир дагы жолу кытайга аралашкан эмеспиз. Алардын жашоо образын биз деле силердей болуп сыналгыдан гана көрчүбүз. Кошуна болуп жашасак деле киришип-чыгышуу деген жок болчу”.
Дагы караңыз "Жубайымды жети жылдан бери көрө элекмин". Шинжаң туткундарыБагым учурда күйөөсү менен Бишкекте турат. Кытайдагы "тарбиялоочу лагерлер" тууралуу кабарлар мурдагыдай баймай-бай чыкпай калганы менен дале болсо коопсуздуктун айынан коркуу бар экенин жашырбайт.
Каарманыбыз мындай кырдаал Бишкекте иштеп, окуп жашап жаткан кытайлык кыргыздардын ынтымагына да таасирин тийгизгенин жашырбайт.
“Бизге азыр Кытайдан эч ким акча же башка нерсе жөнөтө албайт. Анын айынан жанын араң багып жүргөндөр көп. Аларга каралашайын десең өзүңдүн деле абалың жакшы эмес дегендей. Кытай бийлигине иштейт деп шек туудурган айрым адамдар бар. Алардын жашоолору акыркы жылдары аябай өзгөрдү. “Мадина” базарында соода кылышып, бири-бирин аңдып тийиштүү маалыматтарды айтып жүргөндөрү толтура. Анын ичинде кытайлык кыргыздар деле бар. Иштеп жүрүшөт. Жашаган жери, айдаган автоунаасы аябай кымбат. Жеке ишкерлик дагы кылып алышкан. Алар тууган-уругу менен каалагандай сүйлөшө алат. "Лагердеги туугандарыбызга кандай жардам кылабыз?" деген кептер козголгондо ошол замат изин таптырбай качышат. Алар бул жакта кытайлык кыргыздар чогулуп кандай аракеттерди көрүп жатышат дегенге кулак түрүп эле жүрүшөт”.
Багым азыр үйдө отурат. Ал Кытайда абал өзгөрдү деген кептерди угат. Бирок Кызыл-Суу автоном облусуна бардым деген бир дагы кыргызды уга электигин айтып чочулайт.
“Барайын дейсиң, бирок кайра жакындарыңды ойлойсуң. Аларды кайра лагерге алып кирип кетип калсачы? Эми ачыгын айтканда, үмүт деген бар да. Үй-бүлөм аман-эсен, тирүү деп ишенем. Бирок бир дагы кабардын жоктугу кайра жаман ойлорго жетелейт. Барайын дейсиң, баралабайсың!” - деп Багым сөзүн жыйынтыктады.
Дагы караңыз "Өлүмдөн башкасынын баарын көрдүм". Шинжаңдык казак аял жардам сурадыКытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда кыргыз, уйгур, казак жана башка улуттагы жүз миңдеген мусулмандар "саясий тарбия берүүчү лагерлер" деп аталган жайларга негизсиз камалып жатканы бир нече жылдан бери айтылып келет. Багым сыяктуу жүздөгөн кишилер дүйнөлүк басылмаларга өздөрү же жакындары кабылган куугунтуктар тууралуу айтып чыгышкан. Иликтөөлөр жарыяланган. Бирок Бээжин Шинжаңдын тургундары диний же саясий көз карашы үчүн куугунтукталып жатканын четке кагып, андай лагерлерди "кесипке үйрөтүүчү борборлор" деп атайт.
Буга чейин АКШнын өкмөтү, Британиянын, Нидерланддын, Канаданын, Франциянын парламенттери Кытайдын аракеттерин геноцид деп таанып, санкцияларды киргизген.