Британ ханышасынын доору

Ханыша Елизавета II Британ монархиясын 70 жыл башкарып турду. 

Елизавета II британ падышачылыгында ханыша Викториядан (1837-1901) кийин эле узак такта отурду. Сүрөттө: Виктория менен канзаада Aлберттин үйлөнүү үлпөтү, 1840.

Британ падышачылыгынын үй бүлө мүчөлөрү канайым Елизавета менен Филиптин үйлөнүү үлпөтүндө, Бэкингем сарайы. 1947-жылдын 20-ноябры.

Елизавета Вестминстер сарайында такка отуруу жөрөлгөсүндө Кентербери архиепискобунун колунан Мамлекеттик кылычты алууда. 2-июнь, 1953-жыл.

Ханыша Елизавета II такка отуруу жөрөлгөсүндө, 2-июнь, 1953-жыл. Алгачкы жолу британдыктар бул жөрөлгөнү сыналгыдан көрүшкөн. 

Ханыша, канзаада Филип үч баласы: Анна, Эндрю, Чарлз менен (Эдвард болсо мындан төрт жылдан кийин туулган) Белморал сепилинде, 1960.

Елизавета II уулу канзаада Эндрю (солдо) жана Эдвард менен Жаңы жыл алдындагы ханышанын куттуктоосун сыналгыга тартуу маалында, 1971.

Елизавета II уулу канзаада Чарлз жана анын сүйлөшкөн кызы Диана менен Бэкингем сарайында, 1981. 1996-жылы алардын үй бүлөсүнүн бузулганы британ падышачылыгына бир топ көлөкө түшүргөн.

Ханыша уулу Чарлз менен Эпсом шаарында ат чабышты көрүүдө. Ханышанын маанайы чөгүңкү көрүнгөнү байкалат. 1992-жылы эки уулу, кызы Анна ажырашкан эле.

Ханышанын 70 жашка чыккан урматына уюшулган сый тамакка британ премьер-министри Маргарет Тэтчер  келди. Лондон, 1995.

Елизавета II Лондондо жаңы оңдолгон Ханыша Елизавета ооруканасынын ачылышында, 2001.

Ханыша Елизавета II жана ханзаада Филип Вестминстер сыйынуу жайында үй бүлөлүк алмаз тоюн белгилөөдө, 2007-жыл.

Ханыша Елизавета II бедизчи Оскар Немон жасаган өз айкелин лорддор үйүндө ачууда, 2009.

Ханышага тун уулу жана түз мураскери ханзаада Чарлз сый көрсөтүүдө, 2009.

Ханыша Елизавета II Нью-Йоркто 2001-жылы 11-сентябрда "ал-Каиданын" соккусунан курман болгондордун элесине гүлчамбар коюуда.

Лондондогу Бэкингем сарайын күзөткөн атчан полициячылар.

Ханыша Букингем сарайынан британ парламентинин жылдык ачылышына катышууга ат чегилген арабада баратат, 2010.

Ханыша Елизавета II күйөөсү ханзаада Филип менен Вестминстер сарайында Падышалык галереяны кыдырууда, 2010.

Елизавета менен Филип (1-катар ортодо ) Гренадер гвардиялык полку менен расмий сүрөткө түшүү маалында,  2010.

Ханыша Рим католик чиркөөсүнүн башчысы Папа Бенедикт XVI менен, 2010.

Ханыша Ирландияга жасаган тарыхый сапары учурунда президенттик сарайга кирип баратат, 2011-жылдын май айы. Бул Ирландия 1922-жылы Бириккен падышачылыктын курамынан чыккандан кийин британ жетекчилери жасаган алгачкы сапар болду. 

Ханыша Елизавета II алмаз мааракесине куттуктоолорду алууда, 2012-жылдын 5-февралы.