Анкарада Жапаров менен Эрдоган жолукту

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Түркиянын Режеп Тайып Эрдоган. 09.06.2021-жыл.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган ушул сааттарда Анкарада жолугушту.

Жолугушуу Эрдогандын "Фейсбуктагы" баракчасында түз көрсөтүлдү.

Эки лидер көп тараптуу алаканы, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин алкагындагы байланышты талкуулай турганы кабарланган.

Жапаров Түркияга 9-июнда расмий сапар менен барды. Аны "Эсенбога" аэропортунда Түркиянын маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой тосуп алды. Ушул эле күнү Кыргызстандын президенти тарыхый инсан Мустафа Кемал Ататүрктүн бейитине гүлчамбар койду.

Эки мамлекеттин Стратегиялык кызматташуунун жогорку кеңешинин V жыйыны президенттердин катышуусунда өтөт.

Андан сырткары Жапаров Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушат, бизнес-форумга да катышат.

Жапаров 11-июнга чейин пландалган сапарында Анкарада иштеп, окуп жүргөн кыргызстандыктарга кезигет.

Бул - Садыр Жапаровдун президент катары постсоветтик алкактын тышындагы биринчи чет өлкөлүк сапары.

Кыргыз-түрк алакасы: Жапаровдун Анкарага сапары

Бүгүн, 9-июнда президент Садыр Жапаровдун Түркияга расмий сапары башталат. Ал Анкарада түрк лидери Режеп Тайып Эрдоган менен жолугат. Сапар Кыргызстандын экономикасы каржалып, чек ара маселеси күн тартибине чыккан жана түрк бийлиги айыптаган "Сапат" мекемелеринин президенти Орхан Инанды дайынсыз кеткен учурга туш келди.

Жапаров президенттик кызматка киришкенден дээрлик төрт жарым ай өткөндөн кийин Анкарага жол тартты. Бул анын президент катары постсоветтик алкактын тышындагы биринчи чет өлкөлүк сапары.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Солак: саясий окуялар кыргыз-түрк ымаласына доо кетирбейт

Ал февралда Орусияга, мартта Казакстанга жана Өзбекстанга барып келген. Анкарада Жапаров Түркиянын жетекчилиги менен биринчи жолу көзмө-көз жолукканы турат.

“Иш-сапарынын алкагында Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Өз ара жана көп тараптуу кызматташтыкты, ошондой эле Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин алкагындагы байланыштын актуалдуу маселелерин талкуулашат”, - деп билдирди президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дүйшекеев.

Сапардын максаты жана мааниси

Жапаров кыргыз экономикасы коронавирус пандемиясынын кесепетинен каржалып турган учурда жана 50дөн ашуун адамдын өмүрүн алган кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан кийин Анкарага баратат. Чек арадагы жаңжалдан кийин социалдык тармакта Түркия менен аскердик кызматташтыкка көңүл буруу тууралуу чакырыктар айтылган.

Ошондой эле сапар Кыргызстанда "Сапат" билим берүү мекемесинин президенти, теги түркиялык, бирок кыргыз жарандыгын алган Орхан Инанды дээрлик тогуз күндөн бери дайынсыз болгон маалга туш келди. Бишкекте аны табууну талап кылган акциялар уланып жатат.

Дагы караңыз

Табышмактуу жагдайда жоголгон Инанды табыла элек


Жубайы Рейхан Инанды күйөөсү "Бишкектеги түрк элчилигинде күчтөп кармалып турушу мүмкүн” деп жарыялаган. Түркиянын Бишкектеги элчилиги мындай маалыматты четке какканын Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү билдиришкен. Ал эми Кыргызстандын башка расмий органдары маалыматты териштирип жатканын айтуу менен чектелишти.

Орхан Инандыны табууну талап кылган акциялардын бири. 2-июнь, 2021-жыл.

Жапаров менен Эрдогандын сүйлөшүүлөрүнүн күн тартиби жана кандай макулдашууга кол коюлары азырынча белгисиз.

Жогорку Кеңештин депутаты, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрага орун басары Каныбек Иманалиев Түркия НАТОнун, Кыргызстан Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун мүчөсү болгондуктан, эки өлкөнүн аскердик тармакта кызматташуусу кыйла татаал болот деп эсептейт. Ал Жапаровдун сапарында экономикалык жардам алуу маселесине көңүл бурулушу мүмкүндүгүн айтты.

“Жолугушууда бардык эле актуалдуу маселелер көтөрүлүшү мүмкүн. Анча-мынча саясий диалог болушу ыктымал. Себеби, Түркиянын таасири менен Азербайжандын чек ара маселелери өзгөрүлбөдүбү. Анан түрк тилдүү мамлекеттердин интеграциясы, маданий маселелер талкууланат. Акыркы мезгилде коомчулукта “Сапат” билим берүү мектебинин негиздөөчүсү жана директору Орхан Инандынын ушул күнгө чейин Кыргызстандын аймагында кыргыз жараны болуп туруп, жок болуп кетиши көп күмөн саноолорду жаратып жатат. Ал жөнүндө да сөз болушу мүмкүн”, - деди Иманалиев.

Гүлен фактору

Расмий Анкара 2016-жылдын 15-июлундагы Түркияда ишке ашпай калган төңкөрүш аракети боюнча АКШда бозгунда жүргөн түрк диниятчысы Фетхуллах Гүленди жана анын “Хизмет” кыймылын айыптап келет. Түркия кыймылды “ФЕТО” же “Фетхуллахчы террорчул уюм” деп атап, анын миңдеген тарапкерлерин кармаган.

Гүлен кыймылы түрк бийлигинин айыптоолорун четке каккан. Акыркы беш жылдан бери Анкара Бишкекке кайрылып, бул кыймылга тиешеси бар деген окуу жайларды, анын ичинде мурдагы “Себат”, азыркы “Сапат” лицейлерин жабууну табууну талап кылып келет.

Дагы караңыз

Түркия «гүленчилерди» Жапаровдун бийлигине да эскертти


“Сапат” борбору түрк тараптын мындай айыптоолорун четке каккан. Мурдагы президент Атамбаевдин бийлиги түрк тарапка кескин жооп берген соң эки өлкөнүн алакасы сууй түшкөн. Атамбаевдин ордун баскан мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда алака кайра жанданганы менен Гүлен кыймылы тууралуу маселе күн тартибинен түшкөн эмес. 2019-жылы май айында муфтият Бишкекте уюштурган ооз ачарга чакырылган ошол кездеги түрк элчиси Женгиз Камил Фырат “Сапат” борборунун жетекчиси менен бир үстөлгө отуруудан баш тартып, “же Түркияны, же террордук уюмду тандайсыңар” деп кесе айтканы белгилүү.

Соңку жылдары Түркия альтернатива катары “Маариф” фондунун мектептерин сунуштап келет. Кыргызстанда былтыр октябрь айында бийлик алмашкан соң тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Анкарага барып, анда “Маариф” мектептерин ачууга мүмкүнчүлүк берген макулдашууга кол коюлган. Быйыл мартта Түркиянын башкы дипломаты Мевлют Чавушоглу Бишкекке келгенде да "гүленчилердин" маселесин көтөргөн.

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менен кыргыз президенти Садыр Жапаров. Бишкек. 10-март, 2021-жыл.

Кыргызстандын Түркиядагы мурдагы элчиси Мамбетжунус Абылов Жапаровдун Анкара сапары сууган алаканы кайра жандантууга көмөкчү болушу керек деген пикирде.

“Себеби, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы байланыш Атамбаевдин тушунда начарлап кеткен. Бул Гүлендин системасына да байланыштуу. Анан Сооронбай Шарипович келгенден кийин кичине аракеттер болду. Бирок жандана элек болчу. Ошондуктан абдан маанилүү. Түркия бизге аскердик-техникалык жардам бере алат. Булар Азербайжанга деле колдоо көрсөтүп койбодубу”, - деди Абылов.

Президент Садыр Жапаров да май айынын башында “TRT Avaz” телеканалына курган маегинде акыркы төрт-беш жылда кыргыз-түрк мамилеси солгундап кеткенин белгилеген. Бирок ал мунун себебин Кыргызстандын жетекчилигинин “Түркия менен Орусия мамлекетинин ортосундагы ишке кийлигишкени, туура эмес позициясын көргөзүп алганы” менен байланыштырган.

2015-жылдын күзүндө Түркия Орусиянын аскердик учагын Сирия менен чек арасында атып түшүргөндө ошол учурдагы президент Атамбаев түрк тараптын кадамын “туура эмес чечим” деп сыпаттаган жана Анкараны күнөөсүн мойнуна алууга чакырган эле.

Экономикалык кызматташтыктын эртеңи

Садыр Жапаров соңку маегинде Кыргызстан менен Түркиянын кызматташтыгын өнүктүрүү керек экенин белгилеп, эки өлкөнүн ортосунда товар жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү зарылдыгына да токтолгон.

“Ортодогу соода алаканын көлөмү 400 миллион доллар деген күлкү келерлик нерсе. Биз муну 2-3 миллиард долларга чыгарышыбыз керек. Ал үчүн эки мамлекет чын ниет менен, активдүү болуп, эки өлкөнүн бизнесмендеринин форумун өткөрүшү керек”, - деген Жапаров.

Кыргызстан менен Түркиянын өкмөттөрү жалпы товар жүгүртүүнүн бир жылдык көлөмүн 1 миллиард долларга чыгаруу демилгесин 2010-жылдардын башынан бери көтөрүп келишет. Бирок бул максат азырынча аткарыла элек.

Атамбаев алгачкы үч жылда ошол кездеги түрк премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган менен өтө жакын ымалада болуп, 2014-жылы Эрдоган президенттик шайлоону жеңип чыкканда, Анкарага барып, түрк лидерин даңазалап сүйлөгөн.

Түркия Кыргызстандын негизги алты соода өнөктөштөрүнүн бири болгону менен соода жүгүртүүнүн көлөмү боюнча Орусия, Кытай, Казакстан жана Британиядан артта калат. 2019-жылы ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков Түркия Кыргызстанга эгемендик жылдарында 600 миллион доллардан ашык түз инвестиция салганын айткан.

Түркиянын Кыргызстандагы мурдагы элчиси Метин Кылыч эки өлкөнүн кызматташтыгында ишенимди бекемдөө үчүн айрым жагдайлар эске алынышы керектигин “Азаттыкка” курган маегинде айтты:

“Элчилик кызматты аркалап жүргөн мезгилде кыргыз бийлиги Түркиядан барган жардамдарды максаттуу пайдаланбай, текке кетиргенин көп көрдүм. Бирок Түркиянын ресурстары да чектелүү. Кыргызстанга берилчү жардамдын туура жана натыйжалуу пайдаланылышы маанилүү. Ошондой эле түрк бийлиги дагы, кыргыз бийлиги дагы бири-бирине аткарылбай турган убадаларды бербеши керек. Өкмөттөр ортосунда ишенимди орнотуу үчүн куру сөз эмес, конкреттүү кызматташтыкты түзүү маанилүү”, - деп билдирди Метин Кылыч.

Жапаровдун сапары Кыргызстан менен Түркия дипломатиялык алака түзгөнүн 30 жылдыгына туура келүүдө. Түркия Кыргызстандын эгемендигин биринчи болуп тааныган. Эки өлкө 1991-жылдын декабрь айында дипломатиялык алака түзгөн. Туңгуч президент Аскар Акаев биринчи чет мамлекеттик сапарын Түркиядан баштаган. Учурда ал жакта расмий эсеп боюнча 25 миңдей кыргызстандык эмгектенет.

Расмий сапардын экинчи күнүндө президент Түркиядагы кыргызстандыктар менен жолукканы турат. Мындан тышкары ал кыргыз-түрк бизнес форумуна катышаары да кабарланды.