Түркиянын Сыткы Кочман унверситетинин доценти Сердар Йылмаз, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы кызматташтык Садыр Жапаров президенттикке келгенден кийин кандай нукта өзгөрөрүн, эки өлкө ортосундагы саясий жана экономикалык абал жакынкы убакта кандай болорун айтып берди.
- 28-январда президент Садыр Жапаров кызматка расмий киришти. Негизи эле Түркияда Кыргызстандагы соңку саясий окуяларга кандай баа берилди?
- Түркия Кыргызстандагы акыркы саясий окуяларга «күтө туралы, анан көрөбүз» деген тактиканы колдонду. Жада калса октябрь айында түркиялыктарга Кыргызстанга баруу кооптуу экени эскертилди.
Анткени кыргыз жарандарынын өкмөткө койгон талабы бийликтеги АК партиянын көз карашына дал келбейт. Андыктан түрк бийлиги Кыргызстандагы саясий окуяларга четтен көз салып, бир тараптан жаңы бийликтин алгачкы кадамдарын байкап турат.
- Садыр Жапаров өнөктөш өлкөлөр, анын ичинде Түркия менен алакалар чоң мааниге ээ экенин белгиледи. Түркиянын тышкы саясатында Кыргызстандын орду кандай болот деп ойлойсуз?
- Бул суроого жоопту «Кыргызстан - Түркия үчүн эң маанилүү өлкөлөрдүн бири» деп баштагым келет. Бирок эки өлкө саясий же экономикалык жактан чоң ийгиликтерге жетише алган жок деп айтар элем. Кыргызстан Түркиядан эң көп товар импорттогон беш өлкөнүн ичине кирет. Ал эми эки өлкө ортосунда экономикалык кызматташтык 450 миллион доллардын тегерегинде. Башкача айтканда, Кыргызстан Борбор Азияда Түркия менен соода-сатык алакасы солгун эки өлкөнүн бири.
Ал эми тышкы саясатка келсек, 2016-жылы Түркиядагы төңкөрүш аракетинен кийин эки өлкө ортосунда ФЕТО кыймылына байланыштуу саясий кризис жаралганы баарыбыздын эсибизде. Анда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин маанисиз мүнөздөмөсүнөн улам алака солгундаган.
Кийин бийликке Сооронбай Жээнбековдун келиши деле «музду бир аз эриткендей» болгону менен Түркия Кыргызстанга түрк тилдүү мамлекеттердин маанилүү бир өлкөсү катары гана карап турат.
Президент Садыр Жапаровдун инаугурацияда айткан сөздөрүн талдай турган болсок, ал алгач коңшу мамлекеттер, андан кийин Орусия, Кытай жана Түркия менен кызматташтыкты жакшыртууга убада берди.
Менимче, Түркиянын тышкы саясатында Кыргызстан менен болгон мамиле начар абалда.
- Мындан кийин эки өлкө ортосундагы экономикалык кызматташтык кандай болот деп ойлойсуз?
- Экономикалык карым-катнашка токтоло турган болсом, акыркы жылдары көрсөткүчтөр төмөндөп кеткен. Мисалы, 2017-жылы Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда сооданын көлөмү 483 миллион долларга жетиптир. Учурда бул сумма 450 миллион доллардын тегерегинде экени айтылып келет.
(Редакциядан: Түркиянын Статистика комитетинин маалыматына ылайык 2019-жылга карата Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда 519.2 миллион долларга соода жүргүзүлгөн. 2020-жылдын ноябрь айына чейин бул сан 449 миллион долларга жеткен).
Буга албетте, пандемия да таасир этти деп ойлойм. Кыргыз бийлиги улам алмашканы жана башка факторлор чогулуп келип, эки өлкө ортосундагы экономикалык байланышты да солгундатты. Жаңы келген бийлик бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн түрк ишкерлерин өлкөгө чакырып, аларга шарт түзүп бериши керек.
Анткени азыр Түркиянын Кыргызстанда 300 миллион долларлык инвестициясы бар. Бирок мисалы, коңшу Казакстанга Түркия 15-20 миллиард доллар инвестиция салган. Айырманы ушундан эле көрсөк болот.
- Президент Садыр Жапаровдун бийликке келиши Бишкек менен Анкараны канчалык жакындатат? Алаканы бекемдөө үчүн эмне кылыш керек?
- Садыр Жапаровдун инаугурацияда Түркияга токтолгону чоң мааниге ээ, бирок эки өлкөнүн мамилеси «туу чокуга» жетет дегенге кошулбайм. Анткени Кыргызстандагы «ФЕТО мектептеринин» ишмердүүлүгү эки өлкөнүн мамилесинде чечүүчү ролду ойнойт.
«Садыр Жапаров ФЕТО мектептерине кандай мамиле кылат?» деген суроо негизги болуп турат. Албетте, мунун баары Садыр Жапаровдун Түркиядагы биринчи расмий сапарында байкалмакчы. Ал эми президент Садыр Жапаровдун алдында чоң милдет турат. Ал өлкөнүн экономикасын жандандыруу, ишсиз жаштарды жумуш менен камсыз кылуу, коррупция менен күрөшүү сыяктуу маселелерди чечкенде гана Кыргызстандын ички жана тышкы саясаты өз нугун табат деп ойлойм.