Amnesty International өкмөттөрдү сындады

Amnesty International (Эл аралык мунапыс) уюму бүгүн (24-майда) жарыялаган жылдык баяндамасында соңку бир жылда адам укугунун корголушун талап кылган демонстрациялардын өзгөчө активдүүлүгү байкалганын билдирди. Анткен менен эл аралык жана жергиликтүү деңгээлде аларга жетекчилик тарабынан “дурус, татыктуу жооп” болбогонун белгиледи.
“Эл аралык мунапыс” уюму соңку бир жыл боюнча отчетунда былтыркы айтылуу “араб жазын” активисттик кыймылдын “бурулуш учуру” деп атады. Ошентсе да, адам укуктарынын бузулушуна каршы ал толкундоолорго жооп берүүдө кандай гана саясий мүнөздөгү өкмөттөр болбосун, адам укуктарын “өздөрүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн колдонууга аракет кылышты” делет документте.

Орусиядан курал-жарак сатып алган Сириянын өкмөтү тууралуу айтып, уюм Орусия менен Кытайды Сирия боюнча эл аралык коомчулуктун аракеттеринен коргоп калышканы үчүн сындады. Докладда айтылгандарга караганда, “бул эки өлкө Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешин адам укугун коргоочу катары “жараксыз абалда” калтырышты.

Amnesty International уюмунун Эл аралык мыйзам жана саясат бөлүмүнүн директору Уидни Браун: "Акыркы 12 айда 9 миңдей сириялык жаран өздөрүнүн өкмөтү тарабынан кырылып жатса Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши эч кандай чара көргөнгө жарабады, - деп билдирди. - Кеңеш сунуш эткен резолюция анчалык күчтүү болбогонуна карабай, Орусия менен Кытай аны добуш берүүдөн өткөрбөй коюшту. Мунун өзү дүйнөдөгү эң куралданган алты өлкөнүн экөө мындай учурда эл аралык мыйзам же коопсуздук эмес, өздөрүнүн чөнтөгүнүн гана камын ойлонуп иш кылаарын көрсөтүп турат".

Бул докладда Бахрейндеги укук бузууларга каршы демонстрацияларга көзүн жумуп койгон Сауд Арапстанга да сын айтылган. Уюмдун баш катчысы Салил Шетти: “Айрымдар эң оболу жеке корпоративдик кызыкчылыгы же кирешесин эмес, адам укугун ойлонушуна мажбур кыла турган мезгил келди”, - дейт.

"Биздин докладда айтылган билдирүү жөн гана дүйнөнүн бир бөлүгүндөгү лидерлерге багытталган эмес. Өкмөттөрдүн алсыздыгы жөнүндө сөз жалгыз Орусия же Кытайга эмес, глобалдык деңгээлде бүт жетекчиликтерге тиешелүү нерсе. Ал өкмөттөр дүйнө алдындагы жоопкерчилик деген милдетти унутпашы керек, - дейт ал. - Ошол мамлекеттердеги адамдар өздөрүнүн укуктары корголушун, репрессия-кодулоолор токтотулушун, акыйкаттык кирешеден өйдө коюлушун талап кылып жатышат. Ал адамдарды уккула деп жатабыз. Антпесеңер, өзүңөр жоопко тартыласыңар".

Докладда, мындан сырткары, Орусия, Беларус, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Азербайжандагы өкмөттөр өздөрүндөгү элдик толкундоолорду да күч менен басышканы үчүн сынга алынышты.

“Эл аралык мунапыстын” Европа жана Борбор Азия боюнча директору Жон Далгюсен: "2011-жыл мурдагы Советтер Союзунун чөлкөмүндө сөз эркиндиги үчүн жакшы жылдардан болбоду, - деди. - Биз Беларуста жана Азербайжанда нааразылыктар күч менен басылганын көрдүк, Өзбекстан менен Түркмөнстан дале жабык өлкөлөр бойдон калышууда. Орусияда болсо коммунизм кулатылгандан бери алгачкы ирет көчөгө чыккан элдин саны улам көбөйгөнүн, бирок күч менен таркатылып, медиада өкмөттүн гана сөзү сүйлөнүп жатканын байкап жатабыз".