ЖАМК жазаны жеңилдетүүгө даяр

Иллюстрациялык сүрөт.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) абактагы 500гө жакын адамдын жаза мөөнөттөрүн жаңы мыйзамдарга ылайыкташтыруу процессин баштады. Мурда мерчемделгендей эми алардын дээрлик баарынын жазасы жеңилдетилип, көпчүлүгү боштондукка чыгышы мүмкүн.

Бирок мекеме буга коомчулук ойлогондой «Мунапыс жөнүндө» мыйзамдын тиешеси жок экенин билдирүүдө. Мунапыска байланыштуу бир мыйзам ишке кирип, бири иштелип жаткандыктан буга чейин соттолуучуларды бошотууну ушуну менен байланыштыргандар чыккан.

Боштондук алдында тургандар

Жаңы жылдан баштап күчүнө кирген кылмыш жана жазык багытындагы мыйзамдар иштелип жаткан күндөн бери эле ЖАМК бул актылар жүздөгөн соттолуучуларга жеңилдик бере турганын билдирген.

Ал тургай мекеме алардын саны 460-470 адамды түзүшү мүмкүн экенин алдын ала жар салган эле. Азыр эми тиешелүү кызматкерлер болжолдуу тизмеге кирген камактагылардын жаза мөөнөттөрүн кайра карап чыгуу иштерин баштады.

ЖАМКтын башчысы Таалайбек Жапаров мунун башкы максатын жеңил кылмыш кылгандарга гумандуулук көрсөтүү менен түшүндүрдү:

Таалайбек Жапаров.

- Жаңы мыйзамдар менен кодекстерге мүнөздөмө бере турган болсок, булар гумандаштыруу мыйзамдары. Анткени аларда басымдуу беренелердин жаза мөөнөттөрү кыскарып жатат. Андан тышкары өтө оор эмес кылмыштардын көбү Жоруктар тууралуу кодекске киргизилди. Буга чейин «тоок уурдаганы деле камалды, киши өлтүргөнү деле камалды» деп сын айтылып келчү эмес беле? Азыр ошол жеңил кылмыштарга жаза жеңилдетилди. Жаңы мыйзамдарга ылайык өтө оор эмес кылмыш кылгандарга айып пул салынып же коомдук жумуштарга тартуу менен жазаланат. Демек ошол жаңы мыйзамга ылайык жазасы жеңилдегендер боюнча биз сотко сунуш жөнөтөбүз. Алар боюнча эң акыркы өкүм чыгарган сот иштерди кайра карап, ар бир адамдын жазасын жеңилдетип берет. Көбүн боштондукка чыгарат, айрымдарынын мөөнөтүн азайтат.

Кылмыш-жаза кодексинин 9-беренесине ылайык («Кылмыштарды жиктөө» («Классификациялоо») кылмыштар мүнөзүнө жана коомдук коркунуч даражасына жараша «чоң коркунуч келтирбеген», «анча оор эмес», «оор» жана «өзгөчө оор кылмыштар» болуп бөлүнөт.

Жаңы мыйзамдар ушунун «чоң коркунуч келтирбеген» жана «анча оор эмес» беренелер менен соттолгондорго жайылтылат. Бул типке көп беренелер киргендиктен ЖАМК баарын эсептеп берген жок.

Кылмыш-жаза кодексинин эки беренеси.

Ошентип жаңы мыйзамдар мурда соттолгондордун жазасын жеңилдеткени турат дейли. Бирок анда юристтердин айтылуу «мыйзам артка иштебейт» деген сөзүн бул жерге кантип байланыштырабыз? ЖАМКтын буга жообу бар.

Мекеменин өкүм аткаруу жана атайын эсеп бөлүмүнүн башчысы Бакытбек Термечиков мындай деди:

- Эгерде жаңы чыккан мыйзам соттолгон адамдын шартын катаалдаштырып, жазасын көбөйтүп жатса, анда мыйзам ага колдонулбайт. Эгерде жаңы мыйзамдар анын жазасын азайтып, жеңилдик берип жатса анда мыйзам ага колдонулат. Маселен, коррупция боюнча соттолгон адамдардыкы мурда сегиз жыл болсо, азыр он жыл болуп кирди, бирок коррупция боюнча буга чейин соттолгондорго бул мыйзам колдонулбайт. Ал эми майда уурулук, баңгизатты өзү колдонуу сыяктуу беренелер менен соттолгондордун жазасы эркинен ажыратууга байланышпаган жазалар менен алмаштырылат. Бул адамга кам көрүү, жардам берүү, гумандуу мамиле кылуу принциби. Биз абактан чыга тургандардын жазасын жаңы мыйзамга ылайыкташтыруу маселесин үч айда карап чыгып сотторго жиберебиз. Алардын ишин сот да үч айда карап чыгып, жыйынтык чыгарат. Демек кеп болуп жаткан 460 адамдын канчасы бошотулуп, канчасыныкы кайсы статуста калганы 2019-жылдын июнь-июль айларынан кийин так билинет.

«Мунапыс жөнүндө» жана «Мунапыс берүү жөнүндө» мыйзамдар

Маалым болгондой, 1-январдан тартып жаңы Кылмыш-жаза кодекси, Жазык-процессуалдык кодекс, Жазык-аткаруу кодекси, Жоруктар тууралуу кодекс жана Бузуу тууралуу кодекс күчүнө кирди. Андан тышкары «Пробация жөнүндө» жана «Мунапыс жөнүндө» мыйзамдар иштей баштады.

Бирок ЖАМК 500дөй адам коомчулук ойлогондой «Мунапыс жөнүндө» мыйзам менен бошоп жатканын төгүнгө чыгарды. Анткени бул мыйзам болгону жаңы редакция жана ал соттолгондорго мунапыс берүү маселесин карабайт.

«Мунапыс жөнүндө» мыйзамды иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү, экс-депутат, юрист Ирина Летова ага киргизилген өзгөртүүлөр тууралуу буларга токтолду:

- «Мунапыс жөнүндөгү» буга чейинки мыйзамда, маселен, бир адамга эки жолу мунапыс берүү маселеси каралган эле. Маселен, он жылга соттолгон адамга мыйзамды эки жолу колдонуп туруп, төрт жыл абактан кийин чыгарып жиберишчү. Бул коомчулукту нааразы кылып келген. Жаңы мыйзамда мына ушул алынып салынып, бир адамга бир эле жолу мунапыс берүү шарты киргизилди. Мындан сырткары «терроризм, экстремизм сыяктуу көрүнүштөр боюнча соттолгондорго мунапыс колдонулбасын» деген беренелер кирди. Ошондой эле «жабырлануучулардын чыгымдарын төлөп бербесе да соттолууучуга мунапыс колдонулбайт» деген норма бар. Мындан башка да өзгөртүүлөр бар, бирок ушулар эң негизги өзгөртүүлөр десек болот.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттар тобу «Мунапыс жарыялоо жөнүндө», дагы тактап коелу, «Мунапыс берүү тууралуу» мыйзам долбоорун тармактык комитетке талкууга чыгарганы белгилүү. Ошондон улам коомчулукта бул мыйзам менен жаңы ишке кирген «Мунапыс жөнүндө» мыйзамды чаташтыруу орун алган.

Юристтердин тили менен түшүндүрө кетсек, «Мунапыс жөнүндө» мыйзам - бул мунапыс берүүнү камсыз кылган мыйзамды иштеп чыгуучу колдонмо, негиз. Бул багытта боштондукка чыгаруу мыйзамы ошол документке каршы келбеген жагдайда, өз алдынча акт катары иштелип чыгышы керек.

Бирок мунапыс жарыялоо тууралуу депутаттардын мыйзам долбоору азырынча биринчи окууга да чыга элек. Мыйзамдын авторлорунун бири, парламент депутаты Исхак Масалиев жаңы кодекстердин ишке киришине байланыштуу аталган долбоорду кайра карап чыгуу зарыл экенин мойнуна алды:

Исхак Масалиев.

- «Мунапыс жөнүндө мыйзам» - бул жалпы мыйзам, анда мунапыс берүүнүн жол-жоболору, эрежелери каралган. Ал эми биз сунуш кылып жаткан мыйзам долбоору - бул «Мунапыс жарыялоо тууралуу» мыйзам. Бул бир-эки жылда, ар кандай себептерге байланыштуу бир жарыяланат. Эми азыр жаңы кодекстер күчүнө киргенине байланыштуу ал мыйзам долбоорун кайрадан карап чыгышыбыз керек. Анткени ал жерде беренелер башкача коюлган, күчүнө кирүү процедуралары каралган, ошолорду оңдоого туура келет. Эгер биздин мыйзам долбоору кабыл алынып, ишка ашып калса бул камактагы төрт миңдей адамга тийиштүү болот. Алардын ичинен кеминде миңдей адам боштондукка чыгышы мүмкүн, көпчүлүгүнүн мөөнөтү кыскарат. Мунун ичинде азыркы камактагы саясатчылардын да айрымдары илешип калышы мүмкүн. Баары эмес, албетте, айрымдарына тиешелүү болушу ыктымал.

Кыргызстанда акыркы жолу мунапыс 2016-жылы эгемендиктин 25 жылдыгына жана Үркүндүн 100 жылдыгына карата берилген. Ошол жылы кабыл алынган мыйзамга ылайык анда 3 миң адам боштондукка чыгары айтылып, кийин миңдей адам азаттык алганы кабарланган. Азыр Кыргызстандагы жабык жайларда 12 миңдей адам кармалууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.