"Колумдагы балам менен беш саат кордук көрдүк"

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Евгения Кучерявая үч күндөн бери Бишкектеги Улуттук госпиталда жатат. Ооруканага ал баш мээси чайкалган, бети көгала, көзү ачылбай калган абалда түшкөн. Евгениянын беш айлык уулу учурда Бишкектеги №3 Балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө. Эне-бала 24-февралда үй-бүлөлүк зомбулукка кабылышкан.