Алматы акимин дайындоого каршы митинг

Митингдин катышуучулары Ерболат Досаевди Алматынын акими кылып дайындоого каршы. 5-февраль, 2022-жыл

Өткөн ишембиде Алматыда кандуу калабадан бери биринчи жолу уруксат берилген митинг өттү. Анда жаңы калаа башчы дайындоого каршы чыгып, шаар мэрлерин түз шайлоо талабы коюлду. Ошондой эле кан төгүүнүн чыныгы күнөөкөрлөрүн табуу жана эскертүүсүз ок атуу буйругунун кесепеттерин иликтөө демилгеси да көтөрүлдү.

Бул арада Казакстандын соту Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Даулет Ергожинди камакка алууга санкция берди.

"Жаңы акимди эл кабыл алгысы келбей турат”

Алматыда Ерболат Досаевди шаар акимдигине дайындоого каршы уруксат берилген митинг өттү. Буга карата социалдык тармакта “өзүнө каршы митингге Досаев өзү уруксат берди” деген тамаша кеп тарады. Бул казак аткаминерине мүнөздүү болбогон көрүнүш жаңы мэрдин өз абройун көтөрүү аракети катары каралды.

Досаевдин мурдагы репутациясын эске алгандар аны токтоосуз кызматтан алып, шаар мэрлерин түз шайлоону талап кылышты. Полиция шаар акимдиги расмий түрдө уруксат берген митингге сырттан байкоо салып турду. Анын катышуучулары кармалган эмес.

Милиция кызматкерлери митингди Казакстандын Улуттук илимдер академиясынын имаратынын балконунан көрүп жатышат. Алматы, 5-февраль, 2022-жыл.

Саясат талдоочу Дос Көшим "Эски чиновниктер жаңы Казакстанды кура албайт” деген бул митингдин негизги ураанын чечмеледи:

“Менимче, мына ушундай жагдайда мамлекеттик аткаминердин кызматтан өз ыктыяры менен баш тартканы дурус. Бизде моралдык принциптерин көрсөтүүгө эрки бар кызмат адамдары аябай аз. Ал өзү деле коомдо азыр кандай талаптар болуп жатканын көрүп жатса керек. Ошондуктан ал мурдагы иштеген тармагында – экономика жагында кала бергени жакшы мисал болмок. Калк аны кабыл алгысы келбей турат”, - дейт саясат талдоочу.

Дагы караңыз Тополоң курмандыгы: Жазыксыз окко учкан Ерназар

Бийликке айтылган сын

Жүзгө чукул адам катышкан бул тынч митингде бийликке карата сындар арбын болду. Чогулгандар кандуу окуяны талкуулап, каза болгондорду эскерип, камактагыларды бошотууну талап кылышты.

Бул окуяда эскертүүсүз ок атууга буйрук бергени үчүн президент Касым-Жомарт Токаевди күнөөлөгөндөр да болду. Ал кандуу окуяны "төңкөрүш жасоону пландаган террордук топтордун чабуулу" деп атап, бирок ага эч кандай далил келтирген эмес. Митингде бул окуяда окко учкандардын аты-жөнүн ачык жарыялоо талабы да кайталанды.

Казакстан. Митингдин катышуучулары Ерболат Досаевди Алматынын акими кылып дайындоого каршы. 5-февраль, 2022-жыл

5-январда Алматыдагы борбордук аянтта окко учкан кол өнөрчү Марат Мусабековдун сөөгү 18-январда кайра казылып алынып, эксгумацияга берилген. Бирок, маркумдун жубайы Айнаш Смагулова соттук-медициналык корутундусу кандай чыкканы дагы эле белгисиз экенин айтты.

“Эмнеге анын жасатын “алып кеткиле” деп бизге берет. Бардыгын текшерип, документтерин толтуруп беришкен. Ошондон бери эми өздөрүнөн дайын жок. Полициядан же башка бир бийлик өкүлүнөн кабар жок. Мына ошол убакта биздин бардыгыбызды эмнеге бийлик таштап койду? Эмне үчүн? Биз ошол учурда бардыгыбыз эмне болуп жатканын түшүнбөй, сыртта жүрүп калдык. Азыр тергөө жүрүп жатат дешет. Бирок корутундуну кантип чыгарышканын билбейм. Азыр эми “ал өзү митингке чыккан, анан аны террорчу деп ойлошуп, атып салышты” деп айтып, жооп кайтарышса деле таң калбайм. Адамдарды атууга алардын кандай акысы бар эле?”

Бул митинг үч саатка созулуп, чогулгандар түштөн кийин тарап кетишти. Расмий маалыматтар боюнча, калабада кеминде 227 адам набыт болгон. Анын ичинен каршылык акциясына чыккан карапайым калктан канчасы набыт болгону белгисиз.

Ергожинди камакка алуу чечими

Бул кандуу калаба боюнча кармалган Казакстандын улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Даулет Ергожинди сот эки айга камакка алган чечим чыгарды.

Даулет Эргожин 2016-жылы ноябрда бул кызматка дайындалган. Ал Карим Масимов атайын кызматка жетекчиликке келгенден эки айдан кийин орун басар болуп бекиген.

Дагы караңыз Казак бийлиги кандуу окуяларды өз алдынча иликтейт

Алматыдагы 5-6-январдагы нааразылык акциясына белгисиз топтор аралашып, кан төгүү менен аяктаган.

Президент Токаев бул окуядан соң Назарбаевдин ишенимдүү адамы Карим Масимовду кызматынан алып, ал мамлекетке чыккынчылыкка айыпталып, камакка алынган.

Анын үч орун басары Марат Усупов, Даулет Эргожин жана Ануар Садыкулов кызматынан бошотулган. Ага чейин Назарбаевдин инисинин уулу, атайын кызматтын төрагасынын дагы бир мурдагы орун басары Самат Абиш кармалганы айтылып, бирок кийин төгүндөлгөн.