Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жыл башында 227 адамдын өмүрүн алган нааразылык акциялары боюнча эл аралык иликтөө жүргүзүү талабын четке какты.
Токаев жана башка казак аткаминерлери башаламандыктарга чет элдик байланыштары бар “бандиттерди жана террористтерди” күнөөлөгөнү менен эч кандай далилдерди келтире алган жок.
Токаев толкундоолор башталгандан берки алгачкы интервьюсунда Казакстан "согушкерлердин чабуулуна кабылганын" дагы бир ирет кайталап, мамлекет бул окуяларды өз алдынча иликтей аларын айтты.
“Казакстанда болуп өткөн окуяларга эл аралык иликтөө зарыл деген тынчсыздануулар тууралуу айта турган болсом, мен мындай иликтөөгө муктаждык көрбөй турам. Биздин элибиз чынчыл жана калыс”, – деди Токаев 29-январда “Хабар” мамлекеттик телеканалына курган маегинде.
Европа парламенти 20-янаврда көпчүлүк добуш менен “Казакстандын элине каршы жасалган кылмыштар эл аралык деңгээлде иликтенишин” талап кылган резолюция кабыл алган. Токаев ал резолюцияны “объективдүү эмес, шашылыш жасалган” деп баалап, резолюция аны тынчсыздандырбай турганын кошумчалады.
Жыл башындагы нааразылык акциялары 2-январда Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингдер менен башталып, кийин Казакстандын башка аймактарына жайылып, башаламандыктар менен коштолду.
Митингге чыккандардын нааразылыгы Казакстанды 1989-жылдан бери башкарып келаткан Нурсултан Назарбаевге дагы каршы багытталды.
Назарбаевдин мураскери Касым-Жомарт Токаев нааразылык акциялар күч алгандан кийин Алматыга “20 миң террорист” кол салганын айтып, аларга "эскертүүсүз ок атууга" буйрук берген жана Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун аскерлерин киргизүүгө чакырган.
ЖККУнун аскерлери өлкөгө 6-январда келе баштаган жана кырдаал турукташкан соң эки аптадан кийин чыгып кетти.
Касым-Жомарт Токаев Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев тууралуу да суроого кыска жооп берди. Ал Назарбаевге жана анын ишине 28-январда өткөн Нур-Отан партиясынын курултайында калыс баа бергенин айтты. Анда Токаев “биздин биринчи президентибиз өлкөбүздү күчтүү мамлекетке айландыруу үчүн зор эмгек жасады” деп билдирген.
Токаев Назарбаевден Коопсуздук кеңешинин төрагылыгын 5-январда нааразылык акциялары күчөгөн маалда өткөрүп алган. Ал кезде Назарбаевге жакын бир катар жогорку даражадагы аткаминерлер кызматтан бошотулган соң, Назарбаев менен Токаевдин бийлик талашы тууралуу божомолдор жаралган. Токаев Назарбаев тууралуу суроого мындайча жооп берди:
“Эч кандай жеке артыкчылык тууралуу сөз болгон жок. Болгону Коопсуздук кеңешинин төрагалыгы боюнча маселени тез арада чечүү керек деген сөз болду,” – деди Токаев.
Токаев 28-январда Назарбаевдин ордуна башкаруучу Нур-Отан партиясынын лидери болуп дайындалган.
Назарбаев 2019-жылдын март айында Казакстанды 30 жыл башкарып келген соң кызматтан кеткенин жарыялаганы менен таасири күчтүү Коопсуздук кеңешинин төрагалыгынан кетпей, башкаруучу партиянын лидери катары Казакстандын ички жана тышкы саясатына олуттуу таасирин тийгизип келген.
Учурда Нурсултан Назарбаев жогорудагы сөз болгон үч позициядан тең кол жууганы менен Элбашы макамына ээ.
"Нур-Отан" партиясынын курултайында партиянын айрым мүчөлөрү "кан төгүүнү токтотуп кала албагандыгы үчүн" партиядан чыгуу чечимин кабыл алышканын жарыялашты.
Январь айынын башында болгон тополоңдо жалпы 227 адам набыт болгону аныкталды. 10 миңдей адам кармалганы жана 700дөй кылмыш иши козголгону кабарланган.