Орусиянын эл артисти Алла Пугачева бийликке кайрылып, аны күйөөсү Максим Галкин менен кошо "чет элдик агенттердин" тизмесине кошууну суранды.
Орусиянын Юстиция министрлиги 16-сентябрда Алла Пугачёванын күйөөсү, куудул, актёр жана шоумен Максим Галкинди чет элдик тыңчылардын милдетин аткарып жаткан адамдардын тизмесине киргизген.
Орусиянын Юстиция министрлигинин сайтында жарыяланган маалыматка ылайык, Максим Галкин "Украинадан акча алып, саясий ишмердүүлүк жүргүзгөн" деген доомат менен "чет элдик агенттердин" тизмесине киргизилген.
Галкиндин жубайы Алла Пугачёва бул маалымат жарыялангандан көп өтпөй Инстаграмдагы баракчасына аны да “чет элдик тыңчылардын” тизмесине кошууну талап кылган пост жарыялады. Мындай жол менен ал Орусиянын Украинага кол салуусу жөнүндө биринчи жолу ачык үн катты жана согушка каршы чыгып жаткан күйөөсү Галкиндин позициясын колдоду.
“Мен чынчыл, ак ниеттүү жана жакшы адам, Орусиянын чыныгы патриоту, Орусияга өнүгүү, тынч жашоо жана сөз эркиндигин гана каалаган өзүмдүн күйөөм менен тилектешмин”, – деп жазды ырчы бийликке кайрылуусунда.
Орусия Украинага басып кирген биринчи күндөн тартып Максим Галкин согушту кескин айыптап келет. Ал ошондой эле Буча шаарындагы орус аскерлеринин кылмыштарын да сындаган.
"Орусия ушундай көп кылмыштар үчүн күнөөлүү болсо дагы, күнөөсүн мойнуна албай келет. Бучадагы жырткычтыктарды биз кылган жокпуз, малайзиялык Боингди биз атып түшүргөн жокпуз, Мариуполду жер менен жексен кылган биз эмес, Одессаны бир аз аткыладык, ошол эле маалда биз эмес. Айтор, биз эч нерсе кылган жокпуз, сүттөн акпыз. Биз Украинада деги эмне кылып жүрөбүз?", - деп суроо салган.
Сентябрдын башында Орусиянын президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Галкин тууралуу комментарий берип, "Мен Алла Пугачевадан бир да билдирүү уга элекмин, ал эми анын күйөөсү менен биздин жолубуз бир эмес окшойт. Жолдошу аябай жаман билдирүүлөрдү жасады", - деген.
Социалдык тармактарда Алла Пугачеванын билдирүүсүн кубаттап, Максим Галкиндин "чет элдик агенттердин тизмесине" киргизилишин сынга алгандар көп.
Алардын бири орусиялык саясат таанучу Екатерина Шульман мындай деп жазды:
"Бул чет элдик агенттерди каржылоого Украина акчаны кайдан алат? Өлкө эмес эле Эльдорадо го. Аларга Гордеева, Галкин, Моргенштерн, Ходорковский, Макаревич жана башкалар иштеп, баарын Украина каржылайт имиш. Согуш маалында өзүнө каражат жетпей жаткан маалда ушинтсе, тынч убакта Кремлди толугу менен сатып алат го".
Айрымдар Алла Пугачеваны Орусиянын кийинки президенти катары көрүшөрүн жазып жиберишти. Башкалары Путинди жеңе турган "бир гана Пугачева", - деп белгилешти. Журналист Александр Невзоров ырчынын позициясын мындай баалады:
"Анын билдирүүсүнүн мааниси баарына айдан ачык. Бул согуш негизсиз, маанисиз жана чоң кылмыш. Бул билдирүүсү менен Пугачева бир эле "чет элдик агент" деп аталбастан, кылмыш жоопкерчилигине да тартылышы мүмкүн. Бирок ал тайманбастан, ачык айтты. Эми Кремлде бир маселе пайда болду. Же Пугачеванын билдирүүсүн көрмөксөн, билмексен болуп жутуп коюш керек, же кандайдыр бир кадамга барыш керек", - деди Невзоров.
Пугачева менен Галкин эки баласын алып, согуш башталгандан көп өтпөй Израилге чыгып кетишкен. Августтун соңунда Пугачева балдары менен кайтып келгени маалым болгон. Ал 4-сентябрда СССРдин президенти Михаил Горбачевдун өлүмү тууралуу билдирүү жазып, "Горбачев зомбулукту саясаттын бир ыкмасы жана өз бийлигин кармап туруу ыкмасы катары четке каккан", - деп жазды.
Украинадагы согушту айыптаган артисттер Орусияда куугунтукка кабылып, алардын спектакль, концерттерине тыюу салынууда.
"Чет элдик агенттер" тууралуу мыйзамга кимдер кирет?
Орусияда "чет элдик агенттер жөнүндө" алгачкы мыйзам 2012-жылы кабыл алынган. Ал сырттан каражат алган бардык коммерциялык эмес уюмдарды жана бийликтин көз карашына туура келбеген пикирди карманган мекемелердин баарын агент деп таанууга мүмкүнчүлүк берет. Мындай ишмердүүлүктүн критерийлери мыйзамда так аныкталган эмес. Ошондуктан бийлик тизмеге каалаган уюмдарды же каалаган адамдарды киргизип келген.
Ал эми быйыл июль айында Орусиянын президенти Владимир Путин өлкөдөгү “чет элдик агенттер” деп аталгандардын макамын жөнгө салуучу жаңы мыйзамга кол койду. Ага ылайык, эми чет элден каржылоо алгандарга эле эмес, чет элдиктердин таасиринде болгондорго дагы ушундай макам тагылып турат. Жаңы эрежелер 1-сентябрдан тартып күчүнө кирди.
“Чет элдик агенттер” макамын алган адамдарга жана уюмдарга мамлекеттик мектептерде жана окуу жайларда окутуу иштерин жүргүзүүгө, жашы жете электер арасында агартуу иштерин алып барууга жана чыгармачылык багытында мамлекеттик каржылоо алууга тыюу салынат. Аларга ошондой эле мамлекеттик сырларды алууга да укук берилбейт.
Адам укуктары боюнча Европа соту “чет элдик тыңчылар” жөнүндө мыйзамды адам укуктарын бузуу деп тапкан. Мындан сырткары сотко тогуз жыл мурда кайрылган орусиялык 73 коммерциялык эмес уюмдун ар бирине компенсация чегерген. Орусия аны төлөбөй турганын билдирген.