Ооруканадагы жаңжалдан бир өмүр жайрады

Ала-Бука районундагы бир айыл.

Июнь окуясынан кийин түзүлгөн “Ынтымак жарчылары” тобунун Ала-Бука районундагы активисттери улут аралык мамилени жөнгө салуу жаатында түшүндүрүү иштерин жандантты. Буга жергиликтүү бир тургундун өз жердештеринен таяк жеп, мерт болушу себеп болду.
Каза болгон кишинин жакын туугандары кылмышка шектүүлөр тобу камакка алынбай жатканында улутчулдуктун белгилери бар дешет. Маркумдун бир тууган иниси Адахам Жумабаевдин айтымында, окуя ушул жылдын 28-ноябрында болгон. Анын 53 жаштагы агасы, Коргончо айылынын тургуну Комилжон Жумабаев райондук оорукананын короосунда таяк жеп, анын кесепетинен каза болуп калган:

- Агам экинчи топтогу майып болчу. Баш сөөгүнүн жарымы жок, пластмассадан жасалган. Ошондуктан тез-тез ооруканага жатып, дарыланып турчу. 26-ноябрда дарылануу үчүн бейтапканага жаткан. Эки күндөн кийин кечки саат 6ларга жакын оорукананын короосуна эс алганы чыгып, ошол жерде арак ичип отурган 3-4 жаш жигит менен сөз талаша кетиптир. Алар агамды катуу сабап койгондуктан, эс-учун жоготуп коюптур. Ошол жердегилер аны ооруканага алып кирип, реанимацияга жайгаштырышкан. Бирок агам өзүнө келбей, эртеси күнү каза болуп калды. Сабалган учурда баш сөөктүн ордуна коюлган пластмасса сынып кеткенин экспертизадан билдик.

Ала-Букадагы Сафед-Булан мазарында. 24-май, 2013-жыл

Окуя боюнча райондук ооруканадан комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Ичип алгандар бейтапкана короосунда эмне кылып жүргөнү тууралуу суроо ачык бойдон калууда.

Адахам Жумабаевдин айтымында, ошол эле күнү кылмышка шектүү катарs милиция жергиликтүү 23 жаштагы жигитти кармаган. Бирок маркумдун туугандары "өлүмгө тиешеси бар башка балдар эркиндикте жүрөт" деп нааразы:

- Милиция бир эле баланы камаганына нааразы болуп жатабыз. Кылмышты бир эле ал жасаган жок, топ болуп сабап атышпайбы. Анан неге бир адамды кармайт? Угушума караганда, дагы 2 бала чоңураак адамдардын балдары экен. Ошондуктан, алар камалбай жүрүптүр. Себебин сурап барсак, күч кызматкерлери кайра бизге догурунуп “Камалган баланын деле күнөөсү далилденген жок” деген сөздөрдү айтып жатышат. Анысын да бошотуп жибереби дейм да...

Маркумдун туугандары кылмышка шектелгендердин баары камалаарына ишенбей калышканын айтып, ал эмес кармалганы да боштондукка чыгып, арызыбыз ара жолдо калабы деп кабатыр.

Ала-Букадагы жол

Ал эми райондук Ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Асылбек Бийчиев маркумдун жакындары коюп жаткан доо негизсиз экенин айтууда. Милиция кылмышка бир гана адам катышкан деп эсептеп, ал жерде бир нече киши болгон деген фактыны тастыктабайт.

- Кылмышты бир киши жасаган. Буга күбөлөр да бар. Ошондуктан биз бир эле адамды кармадык. Же аны тууган-уругу менен кошо камакка алышыбыз керек беле?-деди Бийчиев.

Жергиликтүүлөр болсо бул окуя Ала-Букада улут аралык маселеге байланышкан ар кандай түкшүмөлдөргө жем таштап, эл ичинде кооптонуу пайда болгонун, милиция өз убагында кылмыштарды бейтарап иликтебегени маселени оорлотуп жатканын айтышат.

Ушуга байланыштуу Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун каржылык колдоосу менен үч жыл мурда түзүлгөн “Ынтымак жарчылары” тобу эл ичинде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ушак-айыңдарга алдырбоого чакыра баштады. Топтун жетекчиси Курманбек Ахмедов “Азаттыкка” буларды айтып берди:

- Ошол окуядан кийин биз Сары-Талаа, Ала-Бука, Коргончо айылдарына барып, түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Улутчулдук көз караштагы пикирлерге алдырбагыла деп кеңеш берип жатабыз. Биздин байкашыбызча, этностор аралык чатактарга көбүнчө мектеп окуучуларынын ортосундагы талаштар себеп болот экен. Жаштар арасында бөлүнүүлөр көп. Ошондуктан, мындан ары окуучулар менен иштешели деп чечтик. Жаңы жыл майрамы өткөндөн кийин мектептерге барып түшүндүрүү иштерин баштайбыз.

Ала-Бука районунда негизинен кыргыз жана өзбек тектүүлөр жашайт. Соңку жылдары аймакта этностор аралык чыңалуу сакталып келет. Расмий бийлик бул өңдүү көрүнүштөрдү тиричилик маселелерине байлап, ага этностук боёк сүртпөөгө чакырып келет. Ошол эле учурда укук коргоочулар этнос аралык жаңжалдарды күнүмдүк окуялар тутантат жана ага көңүлкош мамиле жасоого болбойт деп эсептешет.