Кылмыш кодексинин «Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык» жана «Массалык башаламандык» деген эки беренесинин негизинде бир айга камалган Тилекмат Кудайберген уулунун ачкачылык акциясы уланууда. Бул иш боюнча башкалар да суракка чакыртыла баштады.
Митингден кийин күчөгөн кысым
Журналист, “Ханституцияга каршы” борборунун активдүү мүчөсү Эрлан Бекчоро уулу 19-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына чакыртылып, камакка алынган активист Тилекмат Кудайберген уулунун иши боюнча күбө катары үч саатка жакын сурак берип чыкты.
Шаардык милициядан чыккан журналист тергөөчүнүн суроолору “Ханституцияга каршы” борборуна жана ага тиешеси бар адамдар тууралуу болгонун билдирди.
Бекчоро уулу аталган борбордун имаратын ижарага алууда расмий тарап катары келишимге кол койгон.
«Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы 17-мартта саат 17:00го чакырган. Бирок жактоочумдун жоктугуна байланыштуу 18-мартка жылдырганбыз. Тергөөчү Тилекмат Кудайберген уулунун иштерине байланыштуу суроолорду берди. Ошону менен катар Жеңиш Молдокматов тууралуу суроолор көп болду. “Ханституцияга каршы” борборун эмне себептен ачканыбызга кызыгышты. Мен “Конституциянын жаңы долбооруна каршы чыккан адамдар үчүн түзүлгөн аянтча” деп жооп бердим. Булардын башкы максаты “Ханституцияга каршы” борборун жабуу, анын мүчөлөрүнө басым кылуу болуп жатат».
Жогоркуда сөз болуп жаткан “Ханституцияга каршы” борборунун мүчөсү Тилекмат Кудайберген уулу 15-мартта кармалып, 16-мартта Бишкектеги Свердлов райондук сотунун чечими менен бир айга камакка алынган.
Ал “Фейсбукка” жарыяланган билдирүүлөрү боюнча айыпталып жатат.
Активист сот залынан чыгып ачкачылык жарыялай турганын айткан. Акыйкатчы Токон Мамытов Кудайберген уулунун абалы боюнча буларды айтты:
«Биздин кызматкерлер 18-19-март күндөрү Тилекмат Кудайберген уулуна кирип чыгышты. Ал нааразылык иретинде жарыялаган ачкачылык акциясын улантып жатканын, буга соттун чечими себеп болгонун айткан. Анын сөзүнө караганда бийликти басып алууга аракет көргөн эмес, болгону Баш мыйзам боюнча өз пикирин билдирген. Мындан тышкары Кудайберген уулу баракчасын башка бирөө бузуп кирип, камалышына себеп болгон билдирүүлөрдү жазып кеткенин айткан. Кудайберген уулунун абалы азыр жакшы. Ал абактын шартына, ал жердеги кызматкерлердин мамилесине нааразы болгон жок».
Бир мүчөсү кармалып, экинчиси күбө катары сурак берген “Ханституцияга каршы” борборун Жеңиш Молдокматов баштаган саясатчы, активисттер түптөгөн.
Ушундай эле аталыш менен “Фейсбуктан” баракча ачылып, ал жерге Конституциянын жаңы редакциясына, бийликтин кээ бир чечимдерине каршы Жогорку Кеңештин депутаттарынын, партия лидерлеринин пикирлери жарыяланып турат.
Дагы караңыз Митингчилер бийликке талап койдуБул кыймыл 9-мартта Ала-Тоо аянтында Баш мыйзамдын жаңы долбооруна каршы митинг уюштурган. Ал жерден парламенттин ар бир депутатын, президент Садыр Жапаровду бийликти узурпациялоо боюнча сотко берише турганы айтылган.
Саясатчы Жеңиш Молдокматов “Ханституцияга каршы” борборунун мүчөлөрүнө кысым болгонуна басым жасап, жакын арада өзүн дагы суракка чакырыша турганын божомолдоп жатат.
«“Ханституцияга каршы” борбору саясий, коомдук ишмерлерден интервью алып коомго жайылтып жаткан. Кеңесебизде студия, камераларыбыз бар эле. Мындан тышкары аталган борбордун алкагында саясий күчтөдүн башы бириккен. Жыйынтыгында митинг уюштурдук. Биз Садыр Жапаровду сотко беребиз дегенден баштап кысым күч алды. Сотко документтерди даярдап жатканбыз. “Ханституцияга каршы” борборунун атынан кайрыла турган болгонбуз. Андан көп өтпөй эле бүгүнкүдөй окуялар кайталанып жатат. Менин суракка чакырыла турган күнүм дагы жакындап калды окшойт».
“Ханституцияга каршы” борборунун мүчөлөрү Баш мыйзамдын жаңы долбоорунан тышкары Нарын облусундагы Жетим-Тоо темир кенинин иштетилишине дагы каршы чыгып келет. Камакта жаткан Тилекмат Кудайберген уулу “Жетим-Тоону коргоо” кыймылынын жетекчиси болчу.
Президенттин аппараты жарандык активисттерге байланышкан окуялар боюнча кабардар экенин айтып, төмөндөгүдөй билдирүү таратышты.
«Эгерде суракка чакырууга негиздер болсо, анда бул мыйзамдуу көрүнүш. Кыргызстан демократиялуу өлкө. Эч ким негизсиз суракка чакыртылып же куугунтукталбашы керек. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө же жарандык активисттерге дагы мурдагыдай куугунтук жок. Эгер кимдир бирөөнүн кылмыш ишке катышы же ага себеп бар болсо, аны саясий куугунтук катары кароо же баалоо туура эмес. Ар ким өзүнүн кылган ишине жооп бериши зарыл».
15-мартта президент Садыр Жапаров «Азаттык» радиосуна берген эксклюзивдүү интервьюсунда Кыргызстанда саясатчылар, журналисттер жана активисттер саясий куугунтукка алынбай турганын айткан.
Дагы караңыз Садыр Жапаров: Кыргызстан демократиялык мамлекет бойдон калатАли Токтакунов: Артыман түшкөндөр бар
Ал арада иликтөөчү журналист Али Токтакунов 18-март күнү 22:30дар чамасында үйүнүн алдында белгисиз адамдар күтүп турганын билдирди. Анын айтымында, машинеден эки бала түшүп, шектүү суроолорду узаткан. Журналист бул окуяны өзүнө болгон басымдын бир түрү катары сыпаттап жатат.
«Машинемди токтотуп жатсам мага шектүү көрүнгөн машине жаныма келип токтоду. Андан эки бала түшүп терезени такылдатып калды. Терезени кичине түшүрсөм, “биз сиздин фанатыңыз болобуз” деген сыяктуу сөздөрдү айтышты. Меним баамымда алар менин машинеден түшкөнүмдү күтүп турган. Мен жалгыз болгондуктан ал жерден кетип калдым. Буга чейин артыман түшкөн адамдарды байкап жүргөм. Мындан тышкары жолугушууларды сүрөткө тарткан учурлар болгон. Мындай көрүнүштөр биздин оозубузду баса албайт».
Буга чейин 16-мартта “Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын активдүү мүчөсү Бекмурат Ооган уулун Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери кармап, суракка алышты. Кийин анын бошотулганы маалым болду.
17-мартта «Баштан башта!» кыймылынын лидери Улан Үсөйүндү үйүнүн жанынан жол инспекторлору артынан келип токтотуп, наркологиялык борборго барууну сунушташкан. Ал жерден активист ичимдик ичип же ичпегени, наркотикалык каражаттарды колдонгону же колдонбогону боюнча текшерүүдөн өткөн. Жыйынтыгында Улан Үсөйүн таза чыккан. Ал эми жол инспекторлору өз кадамын активист мас абалында рулда бараткандай көрүндү деп түшүндүрүшкөн.
26-февралда юридика илимдеринин доктору, конституциялык реформа мыйзамсыз экенин айтып келе жаткан Сания Токтогазиева өзүн милиция кызматкери катары тааныштырган адам аны үйүнө издеп барганын билдирген.
Премьер-министрдин кеңешчиси Каныбек Осмоналиев жарандык коомго куугунтук болуп жатат деген пикирге кошулбайт. Себебин мындай деп түшүндүрдү.
«Бул жерде Баш мыйзамдын долбоорунун эч тиешеси жок. Анткени бул боюнча каршы жана макул пикирлер ачык эле айтылып келет. Президент деле демейдегидей көрүнүш катары кабыл алды. Ошол эле учурда өмүргө коркунуч келген сөздөр айтылып жатпайбы. Мен соңку камоолорду ушуга байланыштырып жатам. Бул жерде Конституциянын жаңы долбоорун, экономикалык кыйынчылыктарды бетке кармабай коюшса жакшы болот эле. Бизде куугунтук болгон жок. Ар бир адамдын иши өзүнүн аракетине жараша каралып жатат».
Ал арада “Бүтүн Кыргызстан”, “Реформа” жана “Ата Мекен” партиялары активисттердин кармалышына жана аларга болгон басымга карата расмий билдирүү таратышты. Ал жерде мындай кадамдар адам укугун баалаган Кыргызстанды курганга залакасын тийгизе турганы жазылган.
Дагы караңыз
Саясатчы Адахан Мадумаров активисттерге куугунтукту токтотууну талап кылды Активисттер президенттен кодулоого жол берилбестиги тууралуу позиция билдирүүнү талап кылыштыСаясатчы Феликс Кулов активисттин камалышын сындаган билдирүү таратты