Аксы: отуруш артынан келген каргаша

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда ууланып каза болгон алты адамдын үчөө эркек, үчөө аял экени аныкталды. 2-мартта саат 14:00 чамасында Кара-Жыгач айыл аймагындагы ашканага Кара-Суу айыл аймагынын 1956-жылы туулган Э.Б. буюрутма берген. Бул чакан кечеге 19 адам барган. Учурда ооруканада жаткандар отурушта ичимдик ичишкенин айтышууда. Алар жашаган айылда 2017-жылдан бери арак-шарап сатууга тыюу салынган.