Өзбекстандан АКШга адам ташыган аткезчи түйүн аныкталды

АКШ-Мексика чек арасы. Иллюстрация.

Вашингтон Өзбекстандан АКШга адамдарды мыйзамсыз алып келүү менен алектенген түйүндүн ишмердигине чекит коюлганын билдирди.

Адам аткезчилиги менен алектенген түйүн

Америкалык расмий өкүлдөрдүн айтымында, түйүндүн бери дегенде бир мүчөсүнүн чет элдик террордук топ менен байланышы болгон. Ак үйдүн билдирүүсүндө кайсы террордук уюм экени айтылган жок. Атын атабаган америкалык расмий адамдардын бири кеп “Ислам мамлекети” радикал уюму тууралуу жүргөнүн "Ассошиэйтед Пресс" агенттигинин кабарчысына билдирди.

Ошол эле маалда Улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү Эдриен Уотсон белгилегендей, америкалык расмий адамдар аткезчилердин каналын пайдаланган өзбекстандыктар теракт пландаган же террорчулар менен байланышта болгон деп эсептебейт.

“Аткезчилердин жардамын колдонгон иммигранттар толук текшерилип, тез арада депортацияланат",- деди Уотсон.

Улуттук коопсуздук кеңешинин билдирүүсүнө ылайык, Вашингтон аткезчи түйүндүн негизги мүчөлөрүн колго түшүрүү, мыйзамсыз жолдорду бөгөттөө, АКШга кирүү үчүн алардын кызматынан пайдаланган кишилерди аныктоо үчүн башка мамлекеттер менен кызматташууда.

Ишти териштирип жаткан Федералдык иликтөө бюросу (FBI) да мигранттарга байланыштуу теракт коркунучу аныкталбаганын белгиледи.

Аткезчилер тууралуу биринчилерден болуп кабар тараткан CNN телеканалы ал түйүн аркылуу борбор азиялык ондогон жаран АКШга киргенин маалымдады. Атын атагысы келбеген америкалык аткаминердин айтымында, аткезчи Түркияда жашайт жана анын "Ислам мамлекети" террордук тобу менен байланышы бар.

Америкалык аткаминердин айтымында, Федералдык иликтөө бюросу аткезчилик түйүнү аркылуу АКШга кирген 120 өзбек жаранынын 15ке жакынын издеп жатат.

"Ассошиэйтед Пресс" агенттигинин жазганына караганда, жылдар бою Кошмо Штаттарда иш табуу максатында өлкөгө мыйзамсыз жол менен кирүүгө негизинен мексикалык эркек кишилер аракеттенген, бирок акыркы жылдары башка жерлерден да мигранттар агылууда.

Буга чейин Өзбекстандын укук коргоо органдары мекендештерин Мексика аркылуу АКШга жөнөтүүнү убада кылган бир нече жаран кармалганын билдирген.

АКШ-Мексика чек арасынан өтүүнү көздөп отургандар.

Сынга алынган гумандуу саясат

Президент Жо Байден 2021-жылы кызматка киришкенден бери рекорддук сандагы иммигранттар АКШ-Мексика чек арасын мыйзамсыз кесип өткөнү тууралуу маалыматтар бар, алардын көбү алыскы өлкөлөрдүн жарандары.

Республикачылар Байден мурдагы президент Дональд Трамптын катаал саясатын жеңилдетип, мыйзамсыз иммиграцияга жол ачканын белгилешет. Байдендин администрациясы президент көбүрөөк гумандуу саясат жүргүзүп жатканын билдиришет.

2022-жылдын октябрынан 2023-жылдын июль айына чейин АКШ-Мексика чек арасына келген 2 миллионго жакын иммигранттын 216сынын "терроризмге байланышы болушу мүмкүн" деп, АКШ өкмөтү аларды көзөмөл тизмесине киргизген.

2022-жылы АКШнын Бажы жана Чек ара кызматы чек арадан өтүүнү көздөгөн 3200дөй өзбекстандыкты аныктаган. Андан бир жыл мурун бул көрсөткүч 700дүн тегерегинде болгон.

Ал арада Өзбекстандын Ички иштер министрлиги 30-августта Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн адам Никарагуадан Өзбекстанга экстрадицияланганын кабарлады.

Мыйзамсыз миграцияга жана алдамчылыкка шектелген жаран АКШ, Орусия, Мексика, Түркия жана Панаманын күч органдарынын жардамы менен колго түшкөнү айтылууда.

Былтыр 6-декабрда Вашингтондун "Мексикада кал" саясаты расмий түрдө күчүнө кирди. Укук коргоочулардын айтымында, Мексикага депортацияланган мигранттар катаал шарттарда башпаанек издөө боюнча чечим кабыл алуу үчүн дээрлик бир жарым жылдай күтүүгө туура келет.

АКШ-Мексика чек арасынан тартылган сүрөт

Мексика аркылуу АКШга өткөргөн мыйзамсыз жол

АКШнын кургактыкта эки кошунасы бар: Мексика жана Канада. Борбор азиялыктар, жалпысынан постсоветтик өлкөлөрдүн жарандары АКШга визасыз кирүү үчүн Мексиканы тандашат. Быйыл жыл башында Канада АКШга жол алган качкындарды артка кайтарган мыйзам киргизген. Ошондой эле, Канадага виза алуудагы талаптар катаалдашкандыктан, баары эле виза ала албайт. Мындан улам Мексика АКШга визасыз кирүүнүн негизги жолу бойдон калууда.

Мексикалык журналист Висенте Калдерон "Азаттыктын" өзбек кызматына бул жаатта төмөнкүчө ой бөлүштү:

"Мексика өкмөтүнүн статистикасын карасаңыз, Тажикстан, Өзбекстан жана Казакстандан келгендердин саны көбөйгөнүн көрөсүз. Социалдык түйүндөр аларга жол табууга жардам берүүдө. Биз бул жерде украиндер жана орустарды жолуктура баштагандан кийин ал тургай Ютубда Мексика аркылуу АКШга кантип баруу керектиги тууралуу видеолор бар экенин көрдүк. Видеонун авторлору кантип автоунаа сатып алуу жана аны чек арадан өткөрүү боюнча кеңештерди беришет. Бул эки өлкөнүн өкмөттөрү үчүн жаңы көйгөйлөрдү жаратууда".

Ондогон Telegram каналдарында Америкага Мексика аркылуу визасыз баруу маселеси ачык талкууланат. Ал каналдарда Мексика аркылуу АКШга ийгиликтүү өтүп, Америкада чоң маяна алып жаткандардын баяндары бар. Бул окуялар оңой акча табууну каалагандарды өзүнө тартат. Ал эми мыйзамсыз топтор андан пайдаланып, акча табуу үчүн колдонушат.

Мыйзамсыз жол менен АКШга кирүүгө аракеттенгендер арасында Кыргызстандын жарандары да бар экени тууралуу "Азаттык" буга чейин макала-баяндарды жарыялаган.

Дагы караңыз АКШга жетүү азабы, Мексикада кордук көргөн журтташтар

Расмий маалыматтар боюнча, 2022-жылы АКШдан 72 177 иммигрант депортацияланган.