АКШ: Инаугурация алдындагы кооптуу эскертүү

Капитолийдеги тополоң маалы. 2021-жылдын 6-январы.

АКШ бийлиги Байдендин ант берүү аземи күнүнө утурулай куралдуу нааразылык чаралары болушу ыктымалдыгын эскертти. Демократтар Трампка импичмент жарыялоо боюнча резолюция долбоорун сунушташты.

АКШнын Федералдык тергөө бюросу шайланган президент Жо Байден ант кармачу күнгө – 20-январга утурулай өлкөнүн ар кыл аймактарында куралданган топтор нааразылык чараларын өткөрүшү ыктымал, деп эскертти.

Дагы караңыз АКШ Конгресси Жо Байдендин жеңишин биротоло бекитти


11-январда АКШнын медиа каражаттарынын колуна тийген Федералдык тергөө бюросунун бюллетенине караганда, бардык 50 штаттын борборлорунда жана Вашингтондогу Капитолийдин жанында ушундай зомбулук чаралар үчүн камылгалар жүргөн. Вашингтондон тышкаркы көптөгөн штаттардын шаарларында курал-жарак алып жүрүү мыйзамдуу саналат.

Алиги бюллетенде дүрбөлөң коштолушу ыктымал болгон нааразылык чаралары 16-январдан тартып башталышы ыктымалдыгы, бери дегенде 20-январда өткөрүлүшү ажеп эмес экендиги айтылган.

6-январда АКШ Конгресси жайгашкан Капитолийдин жанында тынч башталган нааразылык жыйыны зомбулук мүнөзгө өтүп, демонстранттар капысынан парламент имаратын басып алышкан. Полиция менен кагылышууда 5 киши набыт кеткен.

Дагы караңыз Вашингтондо Трамптын тарапкерлеринин акциясы өтүп жатат


Президент Доналд Трамп эч жүйөөгө негизденбестен, былтыр 3-ноябрда өткөн “президенттик шайлоонун жыйынтыгы одоно бурмаланды” деп улам-улам кайталап айткан соң, тополоңчулар Сенат менен Өкүлдөр үйүнүн орток отурумуна бир нече саатка жолтоо кылышты.

7-январга караган таңкы сааттарда баары бир АКШ Конгресси Шайлоочулар коллегиясынын бүтүмүн расмий күбөлөндүрүп, демократ Жо Байдендин 3-ноябрдагы жеңишин биротоло тастыктады.

Дагы караңыз Трамп Байдендин инаугурациясына катышпай турганын айтты, демократтар ага импичмент жарыялоо жагын талкуулашууда


Федералдык тергөө бюросу (ФТБ) “эгерде Трамп 20-январга чейин эле бийликтен кетирилчү болсо, анда жер-жерлерде расмий бийликтердин кеңселерин басып алуу керек” деген чакырыктар жасап жаткан топ бар экендиги тууралуу маалымат алган. Бул тууралуу “Эй-Би-Си Ньюс” жана “Си-Эн-Эн” сыналгы каналдары маалымдашты.

Байден мырза 20-январда демейдегидей эле Капитолийдин сыртында туруп ант берүүдөн эч коркпой тургандыгын 11-январда билдирди.

АКШнын бардык штаттарынын борбор шаарларында коопсуздук чаралары күчөтүлдү, анткени ушул тапта көптөгөн штаттардын мыйзам чыгаруу бийликтери өз отурумдарын өткөрөт.

Дагы караңыз АКШ сотуна 50дөн ашык шектүүнүн иши Капитолийге кол салуу окуясы боюнча өткөрүлдү


Ал арада АКШнын Адилет министрлигинин Улуттук коопсуздук башкармалыгына караштуу террорчулукка каршы күрөш бөлүмү 6-январдагы тополоңго катышкан айрым кишилердин жоруктарын ички террорчулукка байланыштырып иликтей баштады. Шектелгендердин бири – Техастан Ларри Брок, экинчиси – Теннеси штатынан Эрик Мюнчел. Алар Капитолийде тактикалык кийимдер менен сүрөткө түшкөн.

Полиция Капитолийдин имаратын кайрадан бошотуп жаткан маал. 2021-жылдын 6-январы.


Демократ конгрессмен Жейсон Кроунун АКШ куралдуу күчтөрүнүн министри Райан Маккартиге шилтеме кылып 10-январда билдиргенине караганда, ички террорчулукка байланыштуу бери дегенде 25 иш тергөөгө алынды.

ФТБнын мурдагы кызматкери Майкл Герман ашынган оңчулдарга каршы күрөштө ФТБ чабалдык кылды, айрым тополоңчулар мурда деле мыйзамсыздыкка жол койгон кылмышкерлер болушу мүмкүн эле, деп бул уюмду сынга алды.

Айрым мыйзамчылар Капитолийдин өзүндө иштеген полициячылар тополоң кылгандар менен чогуу сүрөткө түшкөнүн айыптап, полициянын ичинде да Трамптын тарапташтарына керектүү маалыматты шыбыштагандар болгон-болбогондугун териштирүүгө чакырды.

Конгрессмен Мондейр Жонс “Си-Эн-Эн” каналына берген маегинде Капитолийдин ичинде туруп, сырт жактагы тополоңчуларга маалымат бергендик тууралуу маалыматты тергөөгө алуу керек деп билдирди.

Дагы караңыз АКШ Конгрессинин Өкүлдөр үйүндөгү демократтар Трампка импичмент жарыялоо боюнча резолюция долбоорун сунуштоодо


Ал арада демократ конгрессмендер Доналд Трампка импичмент жарыялоо чакырыгын 11-январда керектүү резолюция долбоорун сунуштоо менен бекемдешти. Эми ал сунушту бери дегенде 218 киши жактап добуш берүүсү кажет.

Эгерде Байден кызматка келгенден кийин деле Трампка кечирээк импичмент жарыяланчу болсо, анда ал сакчы менен камсыз болуу, өзгөчө пенсия алуу жаатында ж.б. экс-президентке таандык айрым артыкчылыктардан кол жууп калышы күтүлөт.