АКШ оогандыктарга башпаанек берүү планын бекитти

Кабул. Эл аралык аскер күчтөрү менен кызматташкан оогандыктар коопсуздугун камсыздоону талап кылышууда.

АКШ июлдун аягынан тарта америкалык аскерлер менен кызматташкан оогандыктарды өлкөдөн алып чыга баштайт.

Ак үй “Өнөктөштөргө баш калка” операциясынын алкагында иммиграциялык визага тапшыргандар биринчилерден болуп Ооганстандан чыгарыларын жарыялады. Бирок коопсуздукка байланыштуу орун которууга кимдер арыз бергени, алардын так саны жана каякка жайгашары азырынча белгисиз.

Вашингтон Ооганстанда 20 жылдай турган АКШнын аскер күчтөрү менен кызматташып, бирок алар чыгып кеткен соң жеке коопсуздугуна коркунуч туулган оогандыктарга башпаанек берүү планын бекитти. Бирок атайын иммиграциялык виза алууга кайсы адамдар укуктуу экени, аларды алып чыгуу жана жайгаштыруу жол-жобосу азырынча белгисиз.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Нед Прайс коопсуздуктан улам операцияны ишке ашыруу жагдайлары жашыруун экенин белгиледи:

Вашингтон. Нед Прайс, АКШ мамдепартаменттинин өкүлү.

"Мында атайын иммиграциялык виза ала тургандардын коопсуздугу биздин башкы максат. Алар узак жылдан бери көп учурларда чоң тобокелчилик менен Кошмо Штаттарга жардам берип келишти. Биз аларды коркунучка калтырып кетүүнү каалабайбыз. Азыр пландын негизги жагдайларын айта албайбыз. Ошондуктан алардын саны, жайгаша турган аймагы тууралуу айтылбайт", - деди Нед Прайс.

АКШ Конгресси Ооганстанда аскер күчтөрү менен кызматташкан оогандыктарды ара жолдо калтырып, талибдердин өч алуусуна жол бербөөнү өтүнүп, өткөн айда президент Жо Байденге кайрылган. АКШ аскер базаларында жарандык кызматта иштеген оогандыктар коопсуздугун камсыздоону талап кылып, өткөн айда митингге чыккан.

"Бардык чет элдик аскер күчтөрү Ооганстандан чыгууда. Кийин Талибандын көздөгөн бутасы биз болобуз. Талибдер бизди өлтүрсө ал үчүн жоопкерчиликти ким моюнуна алат? Ошондуктан адилеттикти талап кылып жатабыз. Коопсуздукту камсыздап, коргоону суранабыз", - деди америкалык аскер базасында жарандык кызматта иштеп кеткен оогандык адис Умид Махмуди.

Ал эми АКШ базасында котормочу болуп иштеген Хезат Шах талибдердин аларга “тийбейбиз” деп берген убадасына ишенбейт:

"Алар бизге эч качан ишенишпейт. "Силердин тынчыңарды албайбыз" деп айтып, бирок бейкүнөө адамдарды өлтүрүп кеткен учурлар болгон. Ошондуктан ишене албайбыз, алар душмандар. Бардык котормочулардын душманы", - деди оогандык котормочу Хезат Шах.

АКШ мамкатчысы Энтони Блинкен Кошмо Штаттардын аскер күчтөрү менен кызматташкан 18 миңдей оогандык атайын иммиграциялык виза алууга талапкер экенин жана алардын арыздары каралып жатканын өткөн айда Конгрессте билдирген.

Орун которчу оогандыктар АКШга чыгарылары же үчүнчү бир өлкөгө жайгашары жарыялана элек.

Пентагондун маалымат катчысы Жон Кирби ооган жарандарын жайгаштырууга бир нече чет элдик аймак аныкталып, бирок акыркы чечим кабыл алына электигин билдирди.

Жон Кирби оогандыктар үчүн атайын аба каттамдары уюштуруларын айтып, бирок алар кайда багыт аларын тактаган жок:

Вашингтон. Жон Кирби. Пентагондун пресс-катчысы.

"Бүгүн тиешелүү талаптарга жооп берген оогандыктарды жана алардын үй-бүлөлөрүн көчүрүп чыгуу боюнча алгачкы аба каттамдарын уюштурууга АКШ президенти Байден көрсөтмө берди. Ушул айдын соңунда Кошмо Штаттар баш болгон эл аралык күчтөргө жардам берген оогандыктарга атайын иммиграциялык визалар берилип, атайын аба каттамдары башталат", - деди Кирби.

АКШ аскерлери менен кызматташкан оогандыктарды алып чыгуу боюнча “Өнөктөштөргө баш калка” операциясын Мамлекеттик департаменттин өкүлү Трейси Якобсон жетектейт. Мурда ал Тажикстандагы, Түркмөнстандагы миссияларды дагы карап келген.

Ак үйдүн коопсуздук боюнча кеңешчиси Элизабет Шервуд-Рэндалл ушул жумада Ташкент шаарында өтө турган эл аралык конференцияда Борбор Азиянын лидерлери менен Ооганстандагы коопсуздук маселесин талкуулай турганы маалым болду.