АКШ менен Кытай алаканы жакшыртууну сүйлөштү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Американын президенти Жо Байден менен Кытайдын лидери Си Цзинпин эки державанын аскердик мекемелеринин ортосундагы байланыш каналдарын калыбына келтирүүнү макулдашты. Лидерлердин 15-ноябрда Сан-Францискодон алыс эмес Филоли аймагында болгон жолугушуусу дээрлик төрт саатка созулду. Жыйын жылуу маанайда өткөнү кабарланганы менен, Байден Си Цзинпин иш жүзүндө диктатор деген пикирин өзгөртпөгөнүн билдирди.