Акча алмаштыруу көмүскө базарга көчтү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстанда көпчүлүк ири суммадагы соода-сатык, насыя, бизнес долларга байланган. Учурда накталай доллар тартыштыгы, банктардагы чектөөлөр, кошумча комиссия акысы ишкерлерге түйшүк жаратып, айрымдарынын кирешесин азайтты. Каржы базарындагы олку-солку кырдаалда коммерциялык банктар кирешеге туйтунуп, ал эми валюта рыногунда көмүскө базар пайда болду.