Кооптонуудан арылбаган аксайлыктар

Ак-Сайга Тажикстандын Кожоало айылындагы мына ушул жол менен гана барууга мүмкүн.

Ак-Сайга кире бериштеги белги.

Апрелде тажикстандыктар менен жаңжалдын баары ушул Ак-Сай - Тамдык жолунун курулушунун айынан чыккан эле. Айылдыктар дале ал жолдун курулушу зарыл дешет.

Айыл өзү баштан аяк эки-үч чакырымдан ашпаган негизги жолдон гана турат.

Күздүн бул күнү айылдыктар көпчүлүгү талаа иштери менен жүргөнүнөнбү, айтор, көчөдө көп деле адамды жолуктурбадык.

Бир аз өйдө көтөрүлүп, Ворухка жакын барганда жолго шалысын жайып, күрүч алып жаткан дыйкандарды көрдүк.

Айылдын тургуну.

Бул сүрөттү айылдын тургуну, азыр Бишкекте окуган студент Дастанбек Надыров апрелдеги чатак учурунда тарткан. Бийлик өкүлдөрү али келе элек. Айылга кетчү жол жабык турган учуру. Алдыда Ворухту тажик аскерлери, бери жакта Ак-Сайды кыргыз аскерлери коруп турушат. 28-апрель, 2013.

Жазындагы ал конфликттен кыргызстандык бир нече киши жаракат алган, машинелер талкаланган. Кийинчерээк тажик бийликтери компенсация төлөп, Согди облусунун бийлиги кыргызстандыктардан кечирим сураганы белгилүү. 28-апрель, 2013

Апрелдеги окуялардан бери жарым жыл өтсө да, айыл тургундары азырга чейин Баткенге тажик айылы аркылуу барып-келиш кыйын экенин, түнкүсүн алардын машинелери ташбараңга алынаарын айтышат. 4-октябрь, 2013.

Сууга бараткан апа - беш перзенттин энеси. Төрт кызын тең турмушка чыгарып, азыр Орусиядагы уулу жиберген акчага жашайт. "Бизге жардам бере аласыңарбы? Колуңардан эмне келет?", - деп сурайт. Мен ага эмне деп жооп беришти билбей турдум... 4-октябрь, 2013.

Таалайбек Ибраимов мурда айыл өкмөтү да болгон. Азыр болсо БУУнун Өнүктүрүү программасынын ыктыярчысы катары конфликттердин алдын алууга жардам берет. "Маселени эч качан элдин өзүнө таштабаш керек, бийликтер сүйлөшүшү абзел", - дейт ал. 4-октябрь, 2013.

Ал арада биз Ак-Сайдын бүткөн жерине, Тажикстандын Ворух анклавына келип калдык.

Кеч кирип бараткан, Ак-Сайдын элден бошоп калган көчөлөрү артыбызда калды, 4-октябрь, 2013.