Айзаданын өмүрүн кыйган кайдыгерлик

Кыздын дайын-дареги чыкпай жатканы тууралуу маалыматты басылмалар 7-апрелде жазышкан. Баштапкы кабарларга ылайык, 27 жаштагы кызды Бишкектин Тыныстанов менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар ала качышкан.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Бакыт Матмусаев уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованы милиция кызматкерлери убагында таба албаганы үчүн анын туугандарынан жана коомчулуктан кечирим сурады.

Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 175-беренеси («Адамды никеге туруу максатында уурдоо») менен катталып, иликтөө жүрүп жаткан.

Маркум Айзада Канатбекованы Бишкектеги Тыныстанов менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар ала качышкан. Интернетке үч киши көчөдөн бир кызды күчтөп машинеге салып кеткени тартылган видео тараган. Тасма видеокөзөмөлгө жазылып калган. Кыз уурдалган учурда жолдо өтүп бараткан кишилер эч кандай реакция жасашкан эмес.

Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу Бишкекте жана Ошто нааразылык митингдери өттү. Ага чыккандар кандуу окуяга жол берилгени үчүн ички иштер министри Улан Ниязбековдун отставкага кетишин жана чогулгандардын алдына чыгып жооп беришин талап кылышты.

"Отставка!", "Уят!", "Министр кетсин!", "Жетишет!", "Ала качуу салт эмес!", "Аялдарга сөз!", "Коопсуз мамлекетте жашагым келет!" деп кыйкырып турушат. 2018-жылы ала качуунун курмандыгы болгон Бурулайдын окуясын эске салышууда.

Окуядан улам коомчулукта милициянын ишине катуу сын айтылып жатат. Бишкекте жана Ошто күнөөлүүлөрдү жазалоо, мындай көрүнүштөргө жол бербөө жана ИИМдин жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылган акциялар өттү. 

ИИМдин отставкасын талап кылгандар

Акцияда мындан бир канча жыл мурда киши колдуу болгон Камила Дүйшебаеванын да сүрөтүн көтөрүп чыккандар болду.

Буга чейин ала качуунун курмандыгы болгон Бурулай Турдаалы кызынын сүрөтүн дагы көтөрүп чыгышты. 

Митингдин катышуучулары "кийинки болуудан коркорун" билдиришти.

Фемицидге каршылык билдирген кыздар

Кыздар менен жашы улуурак айымдар бир катарга тизилип нааразычылык билдиришти.

Акцияга белгилүү блогер Элдана Сатыбалдиева катышты.

Сүрөтчү Татьяна Зеленская

Ырчы Кайрат Примбердиев кайдыгерлик күчтүү болгон коомдо зомбулук да көп болорун эске салды. 

"Менин жашагым келет"

Айымдардын укугун коргоп келген эркектер

Митингдеги милиция кызматкерлери

"Качан толук кандуу ишке киресиңер?"

Митинг Өкмөт үйүнүн алдында уланды.

Акциянын катышуучуларына премьер-министр Улукбек Марипов чыкты

Улукбек Марипов акциянын катышуучуры менен кыска убакыт баарлашып, кийин имаратка кирип кетти.

Бишкекте Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында жарандык активисттер, блогерлер, укук коргоочулар, шаар тургундары Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу нааразылык акциясына чыгышты.