Орусиялык учактын калдыктары табылды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кара деңизде 50-70 метр тереңдикте, Сочи жээктеринен бир жарым чакырым алыстыкта Орусиянын Коргоо министрлигинин ТУ-154 үлгүсүндөгү учактын калдыктары табылды. Маалыматка караганда, учак 25-декабрда таң эрте Адлер шаарындагы аэродромдон көтөрүлгөндөн кийин радардан жоголуп кеткен. Анын бортунда 83 жүргүнчү жана экипаждын 8 мүчөсү болгон. Арасында орусиялык аскер кызматкерлери жана Сириядагы аба базанын күчтөрүн жаңы жыл менен куттуктоо үчүн бараткан Александров атындагы ансамблдин артисттери, онго чукул журналист бар болчу.