Ыш мээни иштетпей, кишини семиртет

Бишкек шаары.

Булганыч аба адамдын дем алуу органдарын эле жабыркатпай, психикасына да оор таасир этип, салмагын арттырат, акыл-эсти алсыратат.

Жакынкы келечекте кылмыштын бетин ачууда тергөөчүлөр кылмышкер жашаган жердеги абанын канчалык даражада булганганын да изилдегени калды. Бул албетте, илимий-фантастикалык чыгармадагыдай угулушу мүмкүн. Бирок булганыч абадан улам адам кылмышка көп барып, студенттердин билим деңгээли түшүп, ашыкча салмактуулар көбөйөрү аныкталды.

Бишкектин борбордук аянты.

Лондондогу Экономикалык жогорку мектептин окумуштуусу Сефи Роз 2011-жылдан бери булганыч абанын адамдын акыл-эсине тийгизген таасирин иликтеп келет. Ал студенттерге тажрыйба жүргүзүп, аба өтө ыштуу күндөрү алардын окуудагы жетишкендиктери менен аба таза кездеги ийгиликтерин салыштырган. Маселен, ыш күч алган убакта сынактарга кирген студенттердин билим деңгээли начар болуп чыккан. Бул тажрыйбанын чын-төгүнүн такташ үчүн Стефи Роз беш жылдык аралык менен аны улам кайталап, акыры булганыч аба билим алган окуучулардын жана студенттердин акыл жөндөмүн түшүрөрүн далилдеди.

Кыргызстан да изилдөөлөргө муктаж

Бишкектин абасы булганып, андагы уулуу заттардын өлчөмү боюнча дүйнөдө биринчи орунга улам-улам чыгып жаткан маалда балким, бизге да ушундай иликтөөлөр зарылбы деген суроо жаралат. Азырынча кыргызстандык психиатрлар менен неврологдор булганыч абанын окуучулар менен студенттердин акыл-эсине тийгизген таасирин изилдей элек. Ошентсе да жалпы психикалык абалга оор залакасын берип жатканын алар танышпайт.

Дагы караңыз Бишкек абасы эң булганыч шаарларга кошулду

Республикалык психикалык саламаттык сактоо борборунун башкы дарыгери Кубанычбек Эрмегалиев Бишкектин кир абасынан жабыр тарткандар тууралуу буларга токтолду:

- Ышка толгон аба, албетте, кишинин психикасына таасир этет. Көп учурда адамдын маанайы түшүп, ачуусу келип, стресс, депрессия болот. Аба таза болбосо дем алуу органдарына да таза кычкылтек кирбейт, натыйжада мээге да кычкылтек аз жетет. Ушундан улам неврологиялык бир топ кыйынчылыктар жаралат. Кишинин ачуусу тез келип, мээге аба жетпей жатканда кыйналат. Негизи эле психикалык оор кырдаалдан чыгууда биз таза абага көп басып, сейилдөөнү сунуш кылабыз. Ыштуу шаардын абасына кантип чыгышарын биле албайм, эми...

Кылмыштуулук артат

Кир абага байланыштуу дагы бир изилдөөдө анын кылмыштуулукка тийгизген таасири каралды. 2018-жылы британ баш калаасындагы 600дөй калктуу пункттагы кылмыштуулук рейтинги эсептелди. Анда кир аба кайсы райондо көп болсо киши өлтүрүү, уурулук, талап-тоноо, кишиге кол салуу сыяктуу кылмыштар да ошол аймактарда арбын катталган. Массачусетс технологиялык институтунун окумуштуусу Жэксон Лу баштаган топ АКШдагы 9 миң шаарды изилдеген. Анда абасы кир чоң шаарларда зордуктоо, тоноо, машине уурдап качуу, кол салуу сыяктуу кылмыштардын деңгээли жогору болуп чыккан.

Кыргызстандагы абактардын бири.

Түштүк Калифорния университетинин окумуштуусу Диана Юнан 982 адамды сурамжылап, аба булганыч болуп турган, башкача айтканда, уулуу Р.М.2,5 затынын көлөмү 30 эсе көп болгон учурларды байкоого алган. 12 жылдык илимий тажрыйбанын негизинде ал абасы кир шаарлардагы кылмыштуулук, адамдардын оройлугу ашыкча болорун аныктады. Мунун баарын окумуштуулар адамдын мээсине жетишерлик кычкылтек барбай калгандыктан, акыл-эси начарлап, кыжырданып, ачуусун башкалардан чыгарууга аракет кылганы менен түшүндүрүшөт.

Мээдеги психологиялык оор жагдайдын биологиялык өзгөчөлүгүн Жэксон Лу дем алган абага көз каранды деп түшүндүрөт. Абадагы кир заттар жалаң эле дем алуу органдарына кирип, кычыштырып, ачыштырып тынбай, мээге кеткен кычкылтектин түзүмүн өзгөртүп жатат.

Дагы караңыз Бишкек жакын арада ыштан арылбайт

Булганыч аба адамды кылмышка түртүп эле чектелбей, акыл-эстин саламаттыгын да начарлатууда. 2019-жылдын март айында Лондондун падышалык коллежинин окумуштуусу Жоан Нюберри уулуу заттары көп райондордо жашаган өспүрүмдөргө байкоо жүргүзгөн. Алардын окуу жөндөмү начарлап, уйкусу бузулуп, түнкүсүн жаман түштөрдү көрөрү билинди. Ушундан улам профессор Нюберри: «Биз мурда булганыч аба адамдын денесин, дем алуу органын гана жабыркатат деп жаңылышып жүрүппүз. Мындан ары кишинин неврологиялык саламаттыгы менен мээсине да терс таасир этерин көз жаздымда калтырбашыбыз керек», - деген билдирүү жасады.​

Ыштуу аба кишини семиртет

Кир абадан улам жылына 7 миллион киши ар түрдүү ооруга чалдыгып көз жумууда. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму адамзаттын 2020-жылдагы эң чоң коркунучунун сап башында дал ушул булганыч аба турарын эскертүүдө. Дүйнөдө улам көбөйүп жаткан жугуштуу эмес оорулардын көбү да климаттагы оор кырдаалдан улам келип чыгып жатканын адистер айтып келишет.

Машинеден, үйдүн морунан, тамекиден чыккан түтүндөгү майда уулуу заттар адамды ашыкча салмактуу болууга алып барат. Семиздик, кант диабети, жүрөк кан тамыр оорулары келип чыгат.

Кишини курчап турган кир заттардан турган катмар анын ашыкча энергияны чыгарышына бөгөт болот. Канаданын Онтарио коомдук саламаттык сактоо борборунун окумуштуулары кир заттар кишинин өпкөсүндө эле айланбай, кан тамырларын, жүрөк, өпкө, боор, бөйрөк сыяктуу органдарын да жабыркатарын аныкташты.

Бишкекте иштеген пульмонолог-терапевт Талант Жакыпов Кыргызстандагы булганыч аба менен мамлекеттик деңгээлде күрөшпөсө болбойт деген пикирде.

- Кир аба адамдын бардык организмине терс таасирин тийгизет, - деди ал. - Кычкылтексиз жашоону элестетүү кыйын да. Дал ушул кычкылтек организмде жетиштүү, сапаттуу болбосо, натыйжасы оор болот. Кант диабетинин экинчи тиби келип чыгат. Организм тамак менен энергия алат эмеспи, ошол энергияны кайра чыгарыш үчүн кыймыл керек. Ал кыймылды ыштуу абада жасасаңыз, организмде топтолгон энергия эч кайда кетпей, кайра эле денеге топтолуп, майга айланат да, кан тамырларды бүтөйт. Мээге кеткен артерияларга сапаттуу кычкылтек кирбесе, адамдын мээси дем ала албай, анын иштөө жөндөмү бузулат. Бишкектеги экологиялык абалды жогорку бийликтегилер өтө олуттуу кабылдап, мамлекеттик деңгээлде аны менен күрөшүү зарыл. Азыр эл аралык деңгээлде айтылып жаткан илимий тыянактар - айсбергдин бир эле учу. Дагы айтылбаган, ыштуу аба адамдын ден соолугун талкалаган бир топ жагдайлар мезгилдин өтүшү менен аныкталат. Ошондо кеч болуп калат.

ДСУнун маалыматына караганда, 10 адамдын тогузу азыр кооптуу, уулуу заттарга толгон аба менен дем алууда.

Жалаң эле шаарды каптаган түтүн эмес, үйдүн ичиндеги от жагуу, тамеки тартуудан да жабыркаган миллиондогон адамдар бар. Шаарларда жашаган элдин 80% булганыч абадан жабыр тартып турган чагы. Көбүнчө орто кирешелүү, жакыр катмардагы элдин саламаттыгы түтүнгө толгон абага ууланууда.

Абанын булганышы тууралуу илимий жаңылыктар ВВС дүйнөлүк кызматынын «Future» аттуу каналында жарык көрүп, 2019-жылдагы эң көп окулган маалыматтардан болду.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​