Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:27

Бишкек көк түтүндөн арыла элек


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

Экологдор жаз келгенине карабай Бишкектеги абадагы ыштын көлөмү азая элек экенин айтышууда. Өлкөнүн экологиясын көзөмөлдөгөн мамлекеттик мекемелер мындай билдирүүлөрдү негизсиз деп эсептешет.

«Move Green»​ экологиялык кыймылы жакында эле казакстандык активист менен бирге Бишкек шаарындагы абанын абалын текшерип туруш үчүн жети билдиргич (датчик) орнотуп, айрым райондордо абал дагы деле кооптуу экенин ортого салды.

Бишкектин Бейшеналиев көчөсүндө абанын булганышы үч эсе күч алган.
Бишкектин Бейшеналиев көчөсүндө абанын булганышы үч эсе күч алган.

​Кыймыл сунуш кылган картадан онлайн режимде шаардын бардык аймактарындагы абанын көрсөткүчүн текшерип турууга болот. Маселен, 13-март күнү саат 15.00дө Бишкектин Бейшеналиев көчөсүндө абанын көрсөткүчү 27 мкг кубду көрсөттү (микрограмм куб).

Ушул эле аймакта 20.00дө абадагы булганыч заттардын көлөмү 100 мкг кубга жеткен. Бир суткада бул аймакта орточо көрсөткүч 67 мкг куб экени белгилүү болду.

«Move Green»​ ​экологиялык кыймылынын инженери Бактыгүл Стакеева бул көрсөткүч Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму көрсөткөн нормадан эки эсе ашык экенин белгилейт:

«Абанын булганышын текшерип турган билдиргичтерди биз алматылык активисттен сатып алдык. Ага таянып, шаардагы абанын абалын текшерип жатабыз. Карта тууралуу документтерди аккредитацияга жибердик. Албетте, жаз келери менен көбү меш, от жакпай, кара түтүн азайды. Бирок ошентсе да таптакыр эле абаны коопсуз деп айта албайбыз. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму абадагы булганыч заттардын орточо көлөмү 25 мкг кубга жетиши керек деп эсептейт. Демек, Бишкектеги айрым райондордо бул көрсөткүч эки же үч эсе жогору экенин көрөбүз. Мына бул картаны карасаңыз, эгер 25 мкг кубдан ашса, анда сары түскө боёлот. Сары өң - бул өзгөчө сезимтал катмардын, мисалы балдардын, оорулуу же кары-картаң адамдардын ден соолугуна залакасын тийгизиши мүмкүн. Кызыл түс дээрлик бардык тургундарга зыян дегенди билдирет. Норма болгону жашыл өң. Бирок ишенесизби, былтыр күздөн бери мен бир да жолу абанын көрсөткүчү картада жашыл өңдө болгонун көрө элекмин».

Бактыгүл Стакеева .
Бактыгүл Стакеева .

Экологдор жылуулук сезону башталары менен шаарды кара түтүн каптап, абадагы булганыч заттардын көлөмү нормадан ашып түшкөнүн былтыр күздөн бери айтып жүрүшөт. Калкынын саны 1,5 миллионго чукулдап калган Бишкектин жашоочуларынын көбү кышты көмүр жагып өткөрөт. Адистер автоунаалардан бөлүнүп чыккан ыш да шаарды булгап жатканын белгилешет.

Атмосферанын тазалыгын коргоо боюнча бир нече мамлекеттик орган иш алып барат. Кыргызгидромет абадагы өзгөрүүлөрдү тынымсыз байкап турат. Шаар ичинде сегиз метеорологиялык пункт бар.

Ал эми Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги Бишкек шаарынын экологиясына дрон менен байкоо жүргүзүп турат. Агенттиктин басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиев экологдордун минтип кооптонушун негизсиз деп эсептейт. Рысалиев Бишкек шаарынын экологиясы боюнча тиешелүү иштер жүрүп жатканын айтты:

«Аталган уюмдун билдиргичтери аккредитациядан өткөн эмес, ошондуктан бул так маалымат деп айтуу кыйын. Албетте, эркин экологдордун, жарандык коомдун тынчсызданып жатканын да түшүнсө болот. Бирок жакында эле Кыргызгидрометтин маалыматы келди, абадагы булганыч заттардын көлөмү нормадан аябай деле жогору эмес. ​Агенттиктин Бишкек шаарынын экологиялык абалын жакшыртууга багытталган иш-чараларынын планын өкмөт бекитти. 12 пункттан турган иш планынын алкагында экологиянын, анын ичинде абанын булганышына себеп болгон бардык мыйзам бузуу фактылары аныкталып, административдик чара көрүш үчүн тийиштүү мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилет»​.

Расмий маалыматтарга ылайык 2018-жылы абанын булганышына тиешеси бар деген жарандарга жалпысынан 485 миң сом айыппул салынган. Айыппулдун максималдуу көлөмү - 30 миң сом, жеке адамдар мыйзам бузса 2 миң сомдук айыпка жыгылат. Автоунаалардын ээлери миң сом айып тартат.

Кыргызстандын өпкө илдеттери боюнча башкы дарыгери Талант Сооронбаев маселени айыппул менен гана чечүү жетишсиз деп эсептейт. Ал кийинки жылдары өпкөсү ооруган адамдар көбөйүп жатканына тынчсыздануусун билдирди:

Талант Сооронбаев.
Талант Сооронбаев.

«Ушул тапта оор илдеттерге чалдыккандар көбөйүп жатат. Өпкөнү эт басып, дем албагыдай абалга жеткирип жатат. 10 жыл мурун абал мындай эмес эле. Эң өкүнүчтүүсү - аларды айыктырчу дарылар да жок. Мен муну ушул экологияны көзөмөлдөгөн мекемелердин иши солгун жүргөнү менен түшүндүрөт элем. Анткени шаардагы бир топ машинелерди айдаганга тыюу салыш керек. Эл өзү да сергек жашоого умтулушу керек. Үчүнчүдөн, жөө адамдарга, велосипедчендерге атайын шарт түзүлүшү керек. Тротуарлар ыңгайлуу болсо, веложолдор курулса, көп жарандарыбыз машине айдамак эмес».

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жылына жер жүзүндө 7 миллиондой киши абанын булганышынан көз жумарын билдирди. Алардын басымдуу бөлүгү Азия менен Африканын жакыр өлкөлөрүндө жашайт.

Тасмада: Абанын булгануусу тууралуу сурамжылоо

Абанын кирдегенин сездиңизби?
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:33 0:00

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG