Кызыл-Кыянын тургундарын кубанткан «Тез жардам»

"Азаттык" аймактардагы кабарчылар жиберген сүрөт жана видеолор топтомун жарыялоону улантат.

Нарын

Учурда Ат-Башы районунда балчылардын иши кызуу жүрүп жатат. Кыргызстандын чар тарабынан келген балчылар Ат-Башынын тоолорун этектей бал челектерин тизип алышты. Дүйнөнү пандемия каптай электе эле бал сатууда кыйынчыкка туш болгон балчылар, эми чек ара жабылып, экспорт маселеси андан да татаалдашып кеткенин белгилешет.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ат-Башы: балчылардын иши татаалдашты

Ысык-Көл

Премьер-министр Кубатбек Боронов Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык ыкчам штабдын 29-июлдагы жыйынында аймактардагы абалга токтолду. Анын айтымында, облустарда илдеттин кесепетинен каза болгондордун статистикасы жогорулап жатат.

Боронов акимдерге маселени үстүртөн көзөмөлдөбөй, ишке өздөрү аралашууну, тапшырманы жүзөгө ашырууну тапшырды.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Дамир Моңолдоров ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу облустук бийликтин басма сөз катчысы Жаныбек Кожоев 29-июлда билдирди.

Дамир Моңолдоров бул кызматка 2016-жылы келген. Ага чейин Жети-Өгүз районунун акими болуп иштеген. Ал 29-июлда өкүлчүлүктө иштеген кесиптештери менен коштошуп, убактылуу эс ала турганын билдирген.

Жалал-Абад

Базар-Коргон айылындагы “Хизр алейхисалам” атындагы жума мечитинин жаңы имараты ашар жолунда курулуп жатат. 300 орундуу эски мечит союз убагында курулуп, адамдардын саны көбөйгөндүктөн жаңылоо жана кеңейтүү зарылчылыгы жаралган. Мечит 1500 адамга ылайыкташкан. Бул мечит Базар-Коргон районундагы үч чоң жума мечиттеринин бири.

Жаңы мечиттин курулушу. 29-июль, 2020-ж.

Баткен

Бүгүн, 29-июль күнү Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына Кыргызстандын ар кайсы аймагындагы демөөрчүлөр "Тез жардам" автоунаасын сатып берди. Бул иш-чаранын демилгечиси шаар тургуну, жеке ишкер Ибрагим Балтабаев. Ал өзү да коронавирустан айыгып, ооруканага жардам берүү максатында өзүнө окшогон ишкерлерди жардамга чакырып демилге көтөргөнүн "Азаттыкка" айтып берген. ​

Балтабаев эки жумадан ашык созулган акциянын жүрүшүндө эл тарабынан 979 148 сом чогулса, 883 миң сомуна 2007-жылкы "Мерседес Спринтер" үлгүсүндөгү тез жардам унаасы сатылып алынганын, калган каражат муктаж болгон жарандарга азык-түлүк жана дары-дармек катарында таратылып берилерин айтып берди.

Алайда жана Кадамжайда сел жүрдү

Баткен жана Ош облустарындагы шейшемби күндөгү нөшөр жаандан кийинки селдин кесепетин жоюу иштери уланууда. Бул тууралуу 29-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Ош облусунун Алай районунда 28-июлда нөшөр жаандан кийин кокту-колоттон келген сел суусу Ош – Сары-Таш – Эркечтам жолунун 114-чакырымын көлөмү болжол менен 1 500 куб метрлик кум-шагылга толтурган.

Бишкек

Италиянын Сардиния аралында жашаган кыргызстандыктар өз ара акча чогултуп, COVID-19 илдети менен күрөшкөн дарыгерлерге жардам жөнөтүштү. Аталган аймакта жашаган Миргүл Өмүралиева жардамды тапшыруу учурунда тартылган видеону "Фейсбуктагы" баракчасына жарыялады.

Маалыматка караганда Сардиниядагы журтташтар аталган аралда эмгектенген дарыгер Камиля Үсөнованын демилгеси менен 2000 евро чогултушкан. Ал каражатка Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасына 1000 еврого бааланган жеке коргонуу каражаттары, FF3 (үлгүсүндөгү) респиратордук беткаптар жана Улуттук оорукананын пульмонология бөлүмүнө 1000 еврого бааланган сатурация өлчөгүч аппараттар жана башка медициналык каражаттар ташырылган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​