"Азаттык" аймактардагы кабарчылар жиберген сүрөт жана видеолор топтомун жарыялоону улантат.
Жалал-Абад
Чаткал районунун Кайын-Суу айылында 150 орундукка ылайыкталган эки кабаттуу мектептин курулушу башталды. Пайдубалын түптөөгө арналган иш-чара бүгүн, 23-июлда жергиликтүү тургундардын катышуусунда өттү.
Райондун акими Жуманалы Накетаев "Азаттык" радиосуна билдиргендей, мектептин курулушу 54 миллион сомго бааланып жатат. Аны районду өнүктүрүү фонду каржылайт жана типтүү мектеп алдыдагы үч жыл аралыгында курулуп бүтөт.
60 орундуу азыркы Кайын-Суу орто мектеби 1986-жылы ашар жолу менен салынган. 2017-жылы мектеп имараты жараксыз деп табылган. Ага карабай бул мектепте азыр 157 бала билим алууда.
Бишкек-Ош жолунун Маданият-Жалал-Абад участогун реконструкциялоо иштери графиктен кечигип жатат.
Каржылоо жана карантин чектөөлөрү жумуш ыргагын басаңдатып койду. Евразия реконструкциялоо банкынын каржылоосунда аткарылып жаткан долбоор 2022-жылы аякташы керек.
67 чакырымга созулган Маданият-Жалал-Абад жолундагы курулуш иштери айдоочуларды жүдөттү. Акыркы эки жылдан бери казылган жол ары-бери каттагандарга тосколдук жаратып жатат.
Ал эми Сузак районунда ашар ыкмасы менен жугуштуу оорулар үчүн бейтапкана ачуу демилгеси ишке ашууда. Ага ылайык 304 орундуу эски имаратты капиталдык оңдоо иштери башталды. Жалпы коомчулук колдоосуна алынган кесиптик лицейдин жатаканасын райондук штаб ооруканага айландыруу боюнча чечим кабыл алган. 21-июлда бул багытта марафон да уюштурулду. Район жетекчилиги демөөрчүлөрдү оорукананын курулушуна салым кошууга чакырууда.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Баткен
Сүйдүмкан Юнусова Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн медайымы.
Медицинага 32 жылын арнаган медайым учурда COVID-19 илдетин жуктурган бейтаптарды карайт. Ал ар бир кезметте алты сааттан коргонуучу кийим менен иштеген кенже медкызматкерлердин алган айлыгы, жашоосу, бийликке өтүнүчү тууралуу “Азаттыкка” айтып берди.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Талас
23-июлда президент Сооронбай Жээнбеков Талас облусуна иш сапары менен барды.
Президенттик аппараттан кабарлашкандай, мамлекет башчы анда медициналык кызматкерлер менен жолугуп, дары-дармектерди жеткирүү үчүн жергиликтүү бийлик бардык чараларды көрөрүн билдирди.
«Стационарлар сөзсүз керек. Кыска мөөнөттүн ичинде алар медициналык мекемелердин жүгүн бир топ жеңилдетип, өзүнүн натыйжалуулугун көрсөттү. Бирок биз бардык аймактарда комплекстүү ооруканаларды дагы кура баштайбыз», - деди Сооронбай Жээнбеков стационар менен таанышып жатып.
Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиевдин маалыматына ылайык, шаардагы күндүзгү стационар 100 орундукка ылайыкталган жана ачылган күндөн бери ага миңден ашуун адамдар жардам алуу үчүн кайрылган.
Жээнбеков андан соң Талас районунун Көк-Ой айылындагы кароосуз калган үй-бүлөлүк медицина борборунун имаратын көрүп чыкты.
Имарат беш блоктон туруп, 160 орундукка ылайыкталган. Ал 2005-жылдан бери иштебей турат. Реконструкциядан кийин орундуктардын санын 300гө чейин көбөйтүү мүмкүнчүлүгү пайда болот.
Чүй
Чүйдө пакистандык ыктыярчынын сабалышына шектүү үч адам бир айга камалды. Токмоктолгон Шах Аббас Али ыктыярчы катары Бишкектеги стационарларда дарыгерлерге жардам берип жаткан. Пандемия менен күрөштө ар бир ыктыярчынын орду баа жеткис. Алардын катарында чет элдиктер да бар.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
23-июлда Бишкектин Бакытжан Аманов аттуу тургуну Кой-Ташта кордук көргөн пакистандык жигиттен кыргыз элинин атынан кечирим сурап, коноктогону социалдык тармактарга тарады.
COVID-19 илдети менен күрөшүүгө чет жердеги кыргызстандыктар өз салымын кошууну улантууда. Адвокат Жоомарт Жолдошев Түркиядагы журтташтардын мекенине жөнөткөн аманаты өз дарегине жеткенин «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Ал Түркиядагы «Кыргызстан: достук жана маданият» коомунун активисттери жөнөткөн 30 куту Оксопар дарысы 10 кутудан бөлүнүп, Балыкчы шаарына, Жумгал жана Өзгөн райондоруна жөнөтүлгөнүн маалымдады.
Нарын
23-июлда Жумгал районунун Куйручук айылынын жанынан өткөн түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун курулушунун сапатына нааразы болуп жыйырмадан ашуун жергиликтүү жашоочулар чогулушту. Марат Оторбаев аттуу “Фейсбук” колдонуучу жайгаштырган видеодо тургундар саздак жердеги жол курулушунда тийиштүү технология колдонулбай жатканын айтууда.
“Жаштар көтөргөн маселени эң туура деп эсептейм. Бул жердин саздак экенин баарыбыз билебиз. Эч кандай технология колдонулган жок. Жолду туурасынан чоңойткондо болжолдуу 10 метрдей сазга кирди. Дренаж жок, суу турат. Эртең чөгүп кетпейт деп ким кепилдик берет?”, - деди жергиликтүү тургундарды бири.
Чогулгандар “эски асфальт айыл ичиндеги жолдорду оңдоого жумшалат” деген убада аткарылбай жатканын айтышты. Видеодо жол салып жаткан ишкананын өкүлүмүн деген киши курулуш иштери долбоордо көрсөтүлгөндөй жасалып жатканын түшүндүрүүдө.
Аким Адыл Сапаров райондо түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун курулушунун сапаты боюнча талаптар буга чейин эле айтылып келгенин “Азаттыкка” билдирди. Сапаров Куйручук айылынын тургундарынын талабын тийиштүү органдарга жеткирүүгө убада берди.
“Бул жолу Жумгал районунун Куйручук айылында иштеп жаткан италиялык компаниянын саздын үстүнө шагыл төгүп жатканын көргөн жергиликтүүлөр нааразы болуп чогулушту. Анткени Жумгал районунда жайгашкан Кара-Кече көмүр кенинен КамАЗдар көмүр ташып өтүшөт. Жаңы оңдолгон жол бат эле жарабай калбашы керек. Эл чогулганда мен иш сапар менен Нарын шаарында жүргөм. Эртең жол куруп жаткан компаниянын өкүлдөрү менен жолугуп, элдин талабын жеткирем”.
Акимдин маалыматына ылайык, Куйручук айылынын тургундары түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун 89,5-159,2 чакырымындагы курулуш сапатына нааразы болуп жатышат. Ал бөлүктү италиялык Todini Costruzioni Generali Company ишканасы куруп жатат.
Түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун курулушу 2014-жылы башталган. Автожолду 2023-жылы пайдаланууга берүү пландалып жатканы кабарланган. Дээрлик 500 млн. долларга бааланган түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун жалпы узундугу 433 чакырымды түзөт.
Бишкек
Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгы милиция кызматкерлери үчүн 40 орундуу күндүзгү стационар ачылганын билдирди. Стационар күн сайын саат тогуздан кечки жетиге чейин иштейт. Ал жерде Ички иштер министрлигинин (ИИМ) дарыгерлери ооруп калган милициялардын саламаттыгына көз салат.
Бишкек милициясы шаардагы бардык стационарлардагы “кызыл зонада” күч кызматкерлери күзөттө турганын, убактылуу бейтапкана алардын өздөрүнүн саламаттыгына кам көрүү үчүн ачылганын маалымдады.
Өлкө боюнча алты милиция кызматкери коронавирус илдети жуккандан кийин кайтыш болду.
Ал арада Бишкекте ооруканадан тышкары ачылган стационарларга кайрылгандар азая баштаганын мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, бир апта мурда күндүзгү стационарларга бир суткада 4,5 миң адам кайрылган, ал эми 22-июлда 2,9 миң адамга жардам көрсөтүлдү. Түнкү стационарларга 23-июлга караган түнү 581 адам кайрылды жана бул, мэрия билдиргендей, ага чейинки көрсөткүчтөн бир аз төмөнүрөөк:
“Тилекке жараша, соңку күндөрү стационарларда абал тынч. Медиктер уюшкандыкта иштеп жатышат. Эч кимди жоготкон жокпуз”, - деп билдирди мэриянын басма сөз кызматы.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.