АФК Кубогу: кыздар командасынын жеңиши

АФК Кубогунун тандоо оюндары ушу тапта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп жатат.

Гуам аралдарынын курама командасынын футболчулары. 

20 жашка чейинки кыздар арасындагы АФК кубогунун тандоо оюндарында Кыргызстан "С" тайпасында Австралия жана Гуам аралдарынын курама командалары менен ойноп жатат.

"С" тайпасындагы биринчи оюн 6-мартта өтүп, мында Австралия курама командасы Гуам аралдарынын курамасын 13:0 эсебинде жеңген.

8-мартта Кыргызстан Гуам аралдарынын курамасы менен беттешип, оюндун биринчи бөлүгүндө кыргызстандык кыздар эки гол киргизди. 

Алгачкы голду 22-мүнөттө Аделя Ахматбекова киргизди. Бул голдон бир мүнөт өтпөй Медина Рысбекова дагы бир гол тээп, Кыргызстан курама командасы алдыга чыкты. 

Оюндун экинчи бөлүгүндө эсеп өзгөргөн жок. 

Учурда кыргызстандык футболчу кыздар бир оюнду жеңип, үч упайга ээ болуп тайпада экинчи орунга жайгашты. Биринчи орунда Австралия курама командасы турат.

Кыргызстандык кыздар эми 10-мартта Австралия курама командасы менен беттешет. 

20 жашка чейинки кыздар арасындагы АФК кубогунун тандоо оюндарына 21 өлкөнүн курама командалары үч-үчтөн өз ара жети тайпага бөлүнүп ойноп жатат. Тайпада биринчи орунду ээлеген жети команда жана экинчи орунду ээлеген эң мыкты бир команда кийинки баскычка чыгат. Ал эми Кубоктун финалдык баскычында 8 команда ойнойт.

20 жашка чейинки кыздар арасындагы АФК кубогу 2024-жылы март айында Өзбекстанда өтөт.