Ооган командирлердин "бала оюну"

Ойноп жаткан ооган балдар. Жалалабад шаарынын чети. 19-февраль 2015.

Ооган офицерлердин балдарды сексуалдык жактан пайдалануусун токтотууга аракет кылган америкалык аскерлер дисциплиналык жазага тартылган.

Ооганстандын коопсуздук жана куралдуу күчтөрүнүн катарындагы бачабаздык же балдарды сексуалдык жактан пайдалануу жөнүндө “Нью-Йорк Таймс” гезити акыркы сандарында жазды. Аларда айтылгандай, АКШ аскерлерине ооганстандык союздаштардын балдар менен “сексуалдык кумар жазуусуна” көңүл бурбагыла деп эскертилген. Мындай бейдаба окуялар, гезит жазгандай, америкалыктар менен бир базада жашаган Ооган аскерлери арасында да болуптур.

Эркектердин көңүлүн ачуучу кыздай кийинген бийчи өспүрүм балдардын көбү жарды үй-бүлөлөрдөн жана кээ бирөөлөрү малдуу-мансаптуу эркектердин, кызмат адамдарынын жана лашкер башчылардын сексуалдык кулуна же малайына айланган.

Капитан Дэн Квинн Ооган милициясынын командирин секс кул баланы зоолу менен керебетине байлап алганы үчүн сабап салгандан кийин кызматтан алынып, Кошмо Штаттарга жөнөтүлгөн. Квинндин айтымында, бачабаздыкка көңүл бурбагыла, анткени балдарды эркектердин сексуалдык пайдалануусу оогандардын “маданияты” жана ага кийлигишип, жергиликтүү бийликтердин аброюна шек тийгизбейли деп түшүндүрүлгөн командачылык тарабынан.

Сержант Чарлз Мартлендди да бачабаздык кылган Ооган командирди төпөштөгөнү үчүн армиядан кетирмекчи болушкан. Аны атайын күчтөрдүн катарында калтыруу үчүн республикачыл конгрессмен Дункан Хантер АКШнын коргоо министри Эш Картерге чейин кайрылган.

“Эгер Пентагон биздин солдаттарга бул сыңары жүрүм-турумдарга көңүл бурбагыла десе өтө жаман. Аны токтотконго аракет кылгандарды биз жазаласак андан да жаман”,-дейт америкалык конгрессмен Верн Бьюкенен.

Ооганстандагы АКШ аскерлеринин өкүлү Брайан Трибус “Нью-Йорк Таймс” гезитине бачабаздык кылды деп шектелген ооган аскерлерин же полицайларды жоопко тартуу Ооганстандын ички иши деп айткан.

Бул көз карашты 21-сентябрда Пентагондун өкүлү, капитан Жэфф Дэвис да кайталаган. Анын сөзүнө караганда, Коргоо министрлиги балдарды ооганстандык ырасмий адамдар тарабынан сексуалдык оюндар үчүн пайдаланууга көңүл бурулбасын деген саясат жүргүзбөйт.

New York Times гезитиндеги макалаларга байланыштуу Ак Үйдүн өкүлү Жош Эрнест 21-сентябрда брифинг өткөрдү. Ал педофилияга Вашингтон каршы экенин баса белгилеп, “мындай жүрүм-турумду биз жактырбаганыбыз жалпы журтка маалым" деди:

- Кошмо Штаттарды Ооганстандын улуттук коопсуздук жана коргонуу күчтөрү тарабынан пайдаланылчу ооган балдардын коопсуздугу жана аманчылыгы терең тынчсыздандырат. Бул тейдеги сексуалдык пайдалануу Ооганстандын мыйзамын жана Ооганстандын эл аралык милдеттенмелерин бузат. Кеңири айтканда, адам укуктарын коргоо, анын ичинде балдарды пайдаланууга каршы турууга АКШ өкмөтү астейдил көңүл бурат.

Эрнест бирок берегидей жосунсуз иштерге карата аскерлердин мамилеси кандай болуш керектигин Пентагон аныктоосу зарыл экенин айтты:

- Ооганстанда кызмат кылган америкалык аскерлер менен алардын ооган өнөктөштөрү арасындагы мамилени тескөө тейдеги саясат боюнча Коргоо министрлигине кайрылыңыз деп кеңеш бермекмин.

Бачабаздык же “балдар оюну” Ооганстан менен Пакистандын айрым бөлүктөрүндө эзелтен кеңири жайылган. Борбор Азияда Самарканд, Бухара, Ташкентте да 20-кылымдын башына чейин ачык кездешкен.

АКШ Мамдепартаменти Адам аткезчилиги боюнча июлда жарыялаган докладында Ооган өкмөтүн балдарды сексуалдык кемсинтүүнү токтотуу үчүн чечкиндүү чара көрүүгө чакырып, бачабаздар жазаланбай калып жатышканына көңүл бурган.