Ооган армиясынын даярдыгы чеке жылытпайт

Быйыл президенттик шайлоо өтө турган АКШда Ооганстандан аскер чыгарууга кысым күч алууда. Ушуга байланыштуу ооган армиясы өлкөнү өз алдынча коргоого канчалык даяр деген суроо туулат.
Кагаз бетинде ооган улуттук армиясы өлкөнүн коопсуздугун кепилдөө милдетин бүгүн болсо да өз мойнуна алууга даяр. Былтыр октябрга карата Ооганстандын куралдуу күчтөрүндө 173 миң аскер бар болсо, келерки жылдын этегине чейин бул көрсөткүч 195 миңге жетет.

Башкача айтканда, 2013-жылдын аягында ал бүгүн Ооганстанда турган 130 миң эл аралык аскерден бир жарым эсе көп санда болот.

Бирок улуттук армия сан жагынан өскөнү менен, анын согуштук даярдыгы канчалык экенин так кесе айтуу кыйын. АКШнын Ооганстандагы Кайра куруу боюнча атайын инспекторунун кеңсеси 2010-жылы июнда жарыялаган отчетто ооган күчтөрүндө кызматка келбей коюу, коррупция, баңгилик көрүнүштөрү кеңири жайылгандыгы айтылган. Документте ооган аскерлеринин 23 пайызы гана көзөмөлсүз иштегенге дараметтүү экендиги белгиленет.

Андан бери айрым жылыштар болду. Былтыр августта НАТОнун Ооганстандагы Машыктыруу миссиясы айлык көтөрүлгөндөн бери армияга жаңы алынгандардын деңгээли жана кызмат өтөөнүн сапаты жакшырганын билдирген.

Вашингтондогу Америкалык Коопсуздук долбоор изилдөө институтунун аймактык эксперти Жошуа Фоуст ооган армиясына мындай баа берет:

- Армия айрыкча аскерлерди кызматка алууда ишке жарады. Бирок 2008 же 2009-жылга караганда алардын деңгээли өскөн менен, дагы деле өз алдынча иш алып бара албаган бөлүктөр көп.

Фоусттун айтымында, ооган күчтөрү улам барган сайын өздөрү көзөмөлдөгөн аймактарда текшерүү иштерин көбүнесе өз алдынча жүргүзүп калышты. Ошол эле убакта дагы деле чет элдик аскерлерге болгон муктаждык көп:

Камсыздоо, пландоо, чалгын, абадан колдоо, куткаруу иштеринде алар дагы деле АКШга же НАТОго көз каранды. Ооган армиясы өз алдында иш алып бара тургандай көрүнгөнү менен, чындыгында даярдык начар.

АКШнын Ооганстандагы аскер башчылары армиянын жалпы деңгээли Батыш чен өлчөмдөрүнөн кыйла төмөн бойдон кала берип жаткандыгын мойнуна алышат. Бирок алар Ооган Улуттук армиясынын деңгээли күндөн күнгө жакшырып жаткандыгын жана козголоңчу күчтөр менен күрөштө чечүүчү рол ойношорун белгилешет.

"Кой терисин жамынган" талиптер ооган армиясынын дагы бир баш оорусу. 2007-жылдын май айынан быйыл январга чейин НАТО баштаган эл аралык күчтөргө 42 жолу ооган армиясынын ичинен кол салуу жасалып, аларда 70тей чет элдик аскер набыт болду. Бул сандар армиядагы тыңчыларды аныктоонун таасирдүү жолдору керек экендигин көрсөтөт.

Ооганстандын түштүк аймактардындагы аскер бөлүктөрү үчүн жооп берген генерал Абдул Хамид «душман армияга тыңчыларын билгичтик менен жайгаштырарын, талиптер аларды атайын даярдыктан өткөрөрүн» белгилейт.

Ал армияга талиптердин тымызын кирип алышын алдын алуу үчүн шектүүлөрдү аныктап, алардын армияны ичинен козутушуна жол бербөө үчүн чалгын иштерин азыркыдан алда канча күчтөндүрүү керек деп эсептейт.