Ооганстан президенти Ашраф Гани 25-апрелде парламентте сүйлөгөн сөзүндө Исламабадды талиптерди сүйлөшүүгө отургузууга аракеттенбей, аларга каршы күрөшүүгө чакырды. Ашраф Гани мындай чакырык менен 64 кишинин өмүрүн алып, 340 кишини жарадар кылган өткөн жумадагы Кабулдагы теракттан кийин чыкты.
Ооган президентинин парламентке кайрылуусу алдында Кабулда жана парламент имаратынын айланасында өтө күчөтүлгөн коопсуздук чаралары көрүлгөнү кабарланды.
Ашраф Ганинин айтымында, Кабул Пакистан талиптерди сүйлөшүүгө алып келет деп күтпөйт. Андан көрө Пакистан өз аймагында жүргөн талип лидерлерине каршы аскерий операция жүргүзүш керек.
АКШ, Кытай, Пакистан жана Ооганстан быйыл жыл башында талиптер менен сүйлөшүүнү баштоого аракеттенген. Бул максатта төрт тараптын эксперттери бир нече жолугушууларды да өткөргөн. Бирок талиптер алардын шарттары эске алынмайын сүйлөшүүгө катышпай турганын билдирген.
Талиптер негизги шарты катары аларды Бириккен Улуттар Уюмунун террордук уюмдар тизмесинен чыгарууну, Дохадагы өкүлчүлүктү таанууну, абактагыларды бошотууну жана талиптердин эркин жүрүүсүнө уруксат берүүнү аташкан. Талиптер ошондой эле чет элдик аскерлер чыкмайын Ооганстанда тынчтык орнобойт деген талапты да коюп келишет.
Президент Ашраф Ганинин 25-апрелдеги Пакистан жана талиптер дарегине карата кескин билдирүүлөрү төрт тараптуу сүйлөшүүнүн аяктаганын билдиреби деген суроо жаралууда. “Азаттыктын” Ооган кызматынын журналисти Хамаюн Шинвари:
- Менин оюмча, бул сүйлөшүүлөр бүттү дегенди билдирбейт. Президент Ашраф Гани чынында эле Пакистан талиптерди сүйлөшүүгө алып келет деп күтпөсүн айтты. Ал Пакистан талиптерге каршы куралдуу чара колдонуусун талап кылды. Талиптердин машыгуу борборлору жана жетекчилери Пакистанда экенин айтып, Пакистан ага каршы чара колдонуш керек деди.
Ооган президенти Ашраф Гани ошондой эле Пакистан талиптерге карата чечкиндүү чараларды көрбөсө, анда Кабул дипломатиялык кадамдарга барарын эскерткен.
Апрель айынын баш чендеринде талиптер жазгы чабуулун башташканын жарыялап, ал “Омар операциясы” аталарын билдирген. Мына ошондон кийин алар бир катар провинцияларында активдешип, өзгөчө Тажикстанга чектеш Кундуз провинциясында катуу чабуул койду. Андан кийин Кабулда кандуу теракт уюштурушту.
Ооганстандан АКШ баштаган коалициялык күчтөрдүн негизги бөлүгү чыгарылган. Бирок ооган күчтөрүн машыктыруу жана аларга жардам берүүчү топтор калган.
Кошмо Штаттардын президенти Барак Обама 24-апрелде Германияга сапары учурунда Вашингтон Ооганстандын өкмөттүк күчтөрүнө жардам берүүнү улантат деди:
- Ооганстанда биз өкмөттүк күчтөр "Ал-Каида", "Талибан" жана "Ислам мамлекети" аттуу террордук топторго каршы турушу үчүн жардам берүүнү улантабыз. Биз ошондой эле Ливия өкмөтүнө жана элине коопсуздукту камсыздоого көмөктөшө беребиз. Германия жана АКШ террорго каршы күрөштө жана маалымат алмашууда тыгыз кызматташууну улантууну макулдаштык.
Өз кезегинде Германия канцлери Ангела Меркел да ооган маселесине токтолду:
- Ооганстан калкка акылга сыярлык келечек берүү жолунан чыкпаш керек. Германия Ооганстанда аскердик катышуусун улантууга даяр. Кошмо Штаттар Ооганстандын келечеги үчүн чоң жоопкерчиликти көтөрүп жатышына биз чоң ыраазычылык билдиребиз. Эл аралык коомчулуктун Ооганстанды жардамсыз калтырбашы талиптерге түшүнүктүү болуш керек.
КМШ мамлекеттеринде да Ооганстандагы кырдаал тынчсыздануу жаратып жатканы белгилүү. Жамааттык коопсуздук келишими уюму жакында эле Тажикстан аймагында аскердик машыгуу өткөрдү.