Ооганстандык 16 жаранды атып салган деп күнөөлөнүп жаткан америкалык жоокердин адвокатынын билдиришинче, анын кардары Ооганстанга көңүлү кыйылып жатып кеткен.
Жөнөкөй адамдардын бейчеки жерден өлтүрүлүшү Кабул-Вашингтон арасындагы алаканы кескин начарлатты. Президент Карзай НАТОнун аскерлерин кыштактардан чыгып кетүүнү жана чоң базалардан чыкпоону талап кылган.
11-мартта түн жамына Кандагар провинциясындагы аскерий базасынан чыгып кетип, 16 ооганды атып салган деп шектелген америкалык жоокер буга чейин үч мөөнөт Иракта кызмат өтөгөн. Уруштарда эки жолу жараат алган.
Сотто жоокерди коргоочу адвокат Жон Генри Браундун айтышынча, аскердин өзү жана үй-бүлөсү ал согушка жөнөтүлбөйт деп ойлошкон экен.
-Ага "Сен (урушка) кайра жөнөтүлбөйсүң", деп айтылган. Анын үй-бүлөсү да ал эми кайра барбайт деп жоромол кылып жатышкан. Ошентип, жоокерге жана үй-бүлөсүнө анын Жакынкы Чыгыштагы кызматы бүттү деп айтылган. Анан эле бир түндө баары өзгөргөн. Менин оюмча, адилеттик үчүн жоокер үй-бүлөсү менен кайра согушка жөнөтүлгөнүнө сүйүнбөгөндүгүн айтып коюу керек.
Аты жөнү жашыруун кармалып жаткан аскер, маалыматтарга караганда, 38 жашта жана эки баласы бар.
Пентагондун шаршембиде билдиришинче, бул аскер тергөө иштери жана жеке коопсуздугу үчүн Ооганстандан чыгарылып кеткен.
Адвокат Браундун сөзүнө караганда, аскердин үй-бүлөсү Ооганстандагы кандуу каргашаны эшитип, үрөйлөрү учуп, аң-таң болушкан. Себеби, анын мусулмандар же Жакынкы Чыгыштын эли жөнүндө эч качан жаман сүйлөгөнүн эч качан угушпаптыр.
-Алардын баарынын эси чыгып, нес боолушкан. Ал эч качан мусулмандар жөнүндө жаман айткан эмес. Ал эч качан Жакынкы Чыгыштагы адамдарга каршы сөздөрдү сүйлөгөн эмес. Ал, жалпылап айтканда, аябай жоош момун адам. Ошентип, бул окуядан алардын үрөйлөрү учту.
Адвокат Браун кээ бир маалымат булактарынын америкалык сержант арактан, көңүлү чөгүп жүргөндүктөн жана үй-бүлөсүндөгү проблемалардан улам шайтанга азгырылып, күчүн карпайым жарандардан чыгарган деген мааламаттарын тастыктоо керек дейт.
Кандуу булоон оогандар арасындагы нааразылыкты күчөтүп, Кабул менен Вашингтон ортосундагы мамилени бир кыйла осолдотту. Буга чейин НАТОнун Баграмдагы аскерий базасында Курандын өрттөлгөнү өлкөдө катуу кыжырданууларды жараткан эле.
Кандагардагы апаат окуядан кийин президент Хамид Карзай НАТО аскерлерин кыштактардан чыгып кетип, ири базарларда калууга чакырган. Карзай АКШнын Коргоо министри Леон Панетта Кабылга келгенде, Ооганстандын коопсуздук күчтөрү улут коопсуздугун 2013-жылдан тарта өзүнө алууну каалаганын да айткан. Вашингтондун планы боюнча НАТО күчтөрү жоопкерчиликти 2014-жылы Ооганстандын өзүнө өткөрүп бериши керек.
Бул окуяга туштап, талиптер да позициясын катаалдантты. Кошмо Штаттар менен Ооганстанда тынчтык орнотууга багытталган Катарда болчу даярдык сүйлөшүүлөрүн токтотконун жарыя кылды. Вашингтон илең-салаң позицияны карманып жатат деп күнөөлөдү. Ага удаа талиптер Карзайдын өкмөтү менен сүйлөшүүдөн баш тартканын жар салды.
АКШ бийликтери өз жообунда Ооганстанда тынчтык орнотуу боюнча сүйлөшүүгө талиптер катышсын деген көз карашын өзгөртпөгөнүн билдирди. Ак Үйдүн айтымында, АКШ жетекчилиги элдешүүнүн ийгилиги ооган өкмөтү менен козголоңчулардын өз ара мунасасына багыңкы деп ишенет.

Ал эч качан мусулмандар жөнүндө жаман айткан эмес. Ал эч качан Жакынкы Чыгыштагы адамдарга каршы сүйлөгөн эмес. Ал аябай момун адам...Адвокат Браун...