Ооганстанда ичкилик ичкен жигит балак жеди

Ооганстанда соттун чечими менен ичкилик ичкен жаран балакталды. Бир кездери талип бийлиги тарабынан кеңири колдонулган шариятка негизделген бул жазалоо Ооганстанда дагы деле токтой элек экендиги айгинеленди.
Айыпкерди эл алдында жазалоонун бул түрү Ооганстанда талиптердин режими менен кошо жок болду деп ойлогон болсоңуз жаңыласыз. Ооганстанда шарият боюнча жазалоо дале күчүндө.

"Азаттыктын" карамагындагы видео-тасмада сот ак шалбарчан жигиттен "сага арак ичтиң деп айып коюлду, Исламда буга анык-так жаза каралган. Ичкениң чынбы? Шариятта каралган жазалоону кабыл аласыңбы?" деп сураганын көрөбүз.

http://da.azadiradio.org/flashembed.aspx?t=vid&id=24546267&w=640&h=429&skin=embeded

(Видеотасма "Азаттыктын" ооган кызматынын интернет барагынан алынды)
Айыпталуучу «ооба» деп жооп берип, соттун чоң терезелүү бир кабат жапыс имаратынын алдындагы бетон тектирчеде чакан килемчеге тизелеп отурду. Ак чалмачан сот дароо эле аны учуна коргошундун бүдүрлөрү уютулган төрт элидей жазы кайыш балак менен сабай баштады. Төрт-беш киши кобурашып, анын ичинде аз дегенде бир аскер кызматкери четте карап турду.

Бул тасма Ооганстанда шариятка негизделген жазалоо дагы деле ишке ашырылып жаткандыгын далилдейт. Адистердин айтымында, мындай көрүнүш өлкөдө сейрек эмес.

Кабул университетинин мыйзам профессору Вадир Сафи шаарларда жарандык мыйзам үстөмдүк кылса, айыл жерлеринде шарият көбүрөөк колдонулат дейт.

Ооганстандын мыйзамы исламдык да, жарандык да мыйзамдарды камтыйт, качан кайсынысын колдонууну соттор өздөрү аныкташат.

Соттор өздөрү туура көргөн мыйзамды колдонушат. Кабулда, Жалал-Абадда же Кандагарда бир эле кылмыш үчүн ар башка мыйзам пайдаланышы мүмкүн. Мыйзам бир, соттор ар кандай. Алар өздөрү туура көргөндөй өкүм чыгарышат.

Бул окуяны жеринде көрөн күбөлөр талибандын убагындагы баш кесүүгө же колу-бутун шылып салууга караганда, бул жеңил жаза экендигин айтышты.

Бирок бул бүгүнкү Ооганстанда шарият мындай оор жазага жол бербейт дегенди билдирбейт. Мыйзамдын айрым талдоосуна ылайык, ала жипти аттаган аялдар таш бараңга алып өлтүрүлүп, баңгичилер балакталып, «тазалансын» деп бир нече күнгө чынжырланып коюлушу ыктымал. Мындан тышкары киши өлтүргөн айыпкер өлүм жазасына тартылышы үчүн курмандыктын үй-бүлөсүнө өткөрүлүп берилиши мүмкүн.

2001-жылы талип режими кулагандан кийин Ооганстанда өлүм жазасын ишке ашыруу кескин кыскарган. Эл аралык Мунапыс уюмунун эсебинде, 2009-2010-жылдары өлкөдө бул жаза колдонулган эмес, бирок былтыр эки киши өлүм жазасына тартылды.