Кундуздагы ооруканага чабуул жаңылыштык деп табылды

"Чек арасыз дарыгерлер" уюмунун Кундуздагы ооруканасы 3-октябрдагы авиачабуулдан кийин.

АКШ Ооганстандын Кундуз шаарындагы ооруканага жасалган чабуулду иликтөөнүн жыйынтыгында аны "жаңылыштык алып келген кайгылуу кокустук" деп баалады.

3-октябрдагы чабуулда эл аралык “Чек арасыз дарыгерлер” уюмунун кароосундагы бул ооруканада 30 чакты адамдын өмүрү кыйылган эле.

Ооганстандагы эл аралык жана америкалык күчтөрдүн кол башчысы, АКШ генералы Жон Кемпбелл иликтөөнүн жыйынтыктары тууралуу 25-ноябрда Кабулда маалымат жыйынын өткөрдү. АКШ генералы анда Ооганстандын түндүгүндө жайгашкан Кундуздагы ооруканага чабуул атайын жасалбаганын белгиледи.

"Америкалык аскерлер оорукана же башка ушул сыяктуу жайларга эч качан атайылап чабуул жасаган эмес", - деди генерал.

- Иликтөөлөр Кундуздун тегерегиндеги бир канча күнгө созулган оор салгылашуулардан кийин жаңылыштыктар болуп, анын натыйжасында оорукана соккуга кабылганын көрсөттү, - деп белгиледи Жон Кемпбелл

"Чек арасыз дарыгерлер" уюму болсо бул чабуулду америкалык аскерлердин одоно шалаакылыгы деп баалады.

"Бул окуя америкалык аскерлердин шалаакы мамилесин жана согуш жүргүзүү эрежелерин одоно бузгандыгын көрсөттү", - деп белгиледи аталган уюмдун башкы директору Кристофер Стоукс 25-ноябрдагы билдирүүсүндө. Анда чабуул жаңылыштык болгонуна күмөн саноо айтылып, бул каргашаны калыс жана акыйкат иликтөөгө дагы бир жолу чакырык ташталган.

АКШ иликтөөсүндө бул чабуулда кеминде 31 адамдын өмүрү кыйылып, дагы 28 киши жаракат алганы белгиленген. Иликтөө жыйынтыгын жарыялаган генерал Кемпбелл каргашага тиешеси бар кызматкерлер өз милдеттерин аткаруудан бошотулганын кошумчалады.

Аны менен маалымат жыйынына кошо чыккан эл аралык күчтөрдүн маалымат катчысы, генерал Вильсон Шоффнер буларды айтты:

- Иликтөөдө ага катышы бар айрым адамдар кызматташтыктын эрежесин сактабаганы аныкталды. Андан кийин эмне болгонун эсепке алуу менен айтканда, бул иликтөөнүн өзү процесстеги маанилүү кадам. Бирок бул бардык ишти карап чыгуудагы бир гана кадам.

Ооган президенти Ашраф Гани ооруканага жасалган чабуул абдан кайгылуу окуя болгонун айтып, мындан ары мындай каталарга жол берилбеси зарылдыгын белгиледи.

Быйыл сентябрь айынын этегинде талиптер Ооганстандын 300 миң калктуу Кундуз шаарын басып алып, үч күн бою кармап турушкан. Ооган армиясы АКШ аскер күчтөрүнүн жардамы менен калааны бир аптага жакын убакта согушкерлерден бошоткон. Ооганстанда азыр АКШнын он миңге жетпеген аскери бар.