Ооганстан Индиянын жардамы менен куралданмакчы

Хамид Карзай Индияга үч күндүк сапарга барды. Ал Жаңы Делиден Ооган армиясына курал-жарактан көбүрөөк жардам берүүнү суранаары маалымдалды.
Ооганстандын президенти Хамид Карзайдын Индиядагы үч күндүк сапары башталды. Ырасмий Кабылдын маалымдашынча, Карзай Жаңы Делиден Ооган армиясына курал-жарак жагынан көбүрөөк жардам берүүнү суранат. Бул визит Ооганстан - Пакистан ортосундагы мамиле курчуп турган учурга туш келүүдө. Ай башында талаштуу чек ара тилкесинде эки өлкөнүн аскерлери кагылыша кетип, бир ооган офицери апаат болгон.

Ооганстандын президентинин басма сөз өкүлү Аймал Файзи ишемби күнү Кабылда журналисттер үчүн жасаган билдирүүсүндө президент Карзай Жаңы Делидеги визити кезде Ооганстандын аскерий-техникалык кем-карчын толтурганга көмөк берүүнү сурарын айтты. Ошондой эле Индия Ооганстан үчүн дос жана стратегиялык өнөктөш экенин баса белгиледи:

- Индия Ооганстандын досу жана стратегиялык өнөктөшү. Ооганстан жана Индия ортосундагы узак мөөнөттүк стратегиялык кызматташтык келишмине кол коюлган. Президент Карзай Индиядагы сапары маалында Индиянын жетекчилигин Ооганстандын стратегиялык кубаттуулугун бекемдөөгө көмөктөшкөнгө үндөйт.

Аймал Файзи Жаңы Делиде Ооганстан-Пакистан ортосундагы чек араны аныктаган Дюран сызыгы да талкууланарын кошумчалады.

Жаңы Делидеги Ооганстандын элчисинин “өлкөбүз Индиянын согуштук жабдыктарына муктаж” деген сөзүн Times of India гезити Карзайдын сапары алдында жазды. Press Trust of India жаңылыктар агенттиги Индиянын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Саед Акбаруддинге шилтеп, Жаңы Дели Ооган тараптын андай өтүнүчүн толук аткарганга даяр экенин кабарлады. Ал Индия экономикалык долбоорлорго өзгөчө маани бергенин, бирок “коопсуздук жана саясый маселелер” Ооганстандын экономикасына тескери таасир этип атканын да белгилеген.

Маалыматтарга караганда, Индия буга чейин Ооганстандын инфраструктурасына 2 миллиард доллардан ашык инвестиция салган.

Байкоочулардын айымында, президент Карзайдын Индия менен стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө аракети коңшулаш Пакистанды кыжырдантышы мүмкүн. Анткени Исламабад узактан бери Индия - Ооганстан арасындагы жакындашууга каршы жана алардын өз ара кызматташуусу жакшырса, Пакистанды камалоого алып барат деп кооптонот. Индия менен Пакистан болсо 1947-жылы британ оторчулугунан бошонгондон бери өз ара үч жолу согушкан. Айрым серепчилер айткандай, эки ортодо “түбөлүккө чечилбес” Кашмир проблемасы бар. Деген менен буга чейин эки ирет премьер-министрлик кылган Наваз Шариф жаңы өкмөттүн башына ырасмий түрдө олтурар замат Индия менен мамилени жакшыртарын 11-майдагы парламенттик шайлоодон соң жарыя кылган.

Азыр Ооганстан - Пакистан мамилеси осолдоп турган кез. Ай башында Британ оторчулугу доорунан мураска калган талаштуу Дюран тилкесинде Ооган жана Пакистан чек арачылары атыша кетип, бир ооган офицери окко учканы кабарланган. Ооган тарап Пакистанды оор артиллерияны жана танктарды колдонду, бир нече чек ара бекетин кыйратты деп күнөөлөгөн. Исламабад Ооганстанды атайын бузукулукка барды деп айыптаган.

Пакистан да Ооганстанга стратегиялык жактан өнөктөш болууну жана ооган аскерлерин машыктырып бергенди сунуш кылган. Бирок ырасмий Кабыл сунушту жоопсуз калтырган.

Индиянын аскердик окуу жайларында бир нече жылдан бери Ооган армиясынын офицерлери тактикалык билим алып жүрөт. 2011-жылы эки өлкө ортосунда стратегиялык кызматташуу жөнүндөгү келишимге кол коюлган. Ага ылайык, 2014-жылы НАТО башындагы эл аралык күчтөр Ооганстандан чыгып кеткенге байланыштуу Индия ооган аскерлерин машыктырууну кеңейтет. Бирок Индия аскерий унааларды айтпаганда, Ооганстанга курал-жарактан жардам бере элек.