Ооганстандан чет элдик молдолор куулду

Ооган коопсуздук кызматкери кармалгандар менен.

Ооганстанда бийликтер өлкөгө келип алып, жихадга чакырып жүргөн ондогон чет элдик молдону өлкөдөн чыгарды. Ооганбыз деп мечиттерде жашап жүргөн молдолор чындыгында Пакистандан, айрымдары Ирандан келгендер экен.
Ооганстанда коопсуздук күчтөрү өлкөнүн түштүгүндө жүргөн 35 чет элдик молдо-имамды өлкөдөн күч менен чыгаргандыгын билдирүүдө.

Отуз бир пакистандык, төрт ирандык молдо түштүктөгү Кандагар дубанындагы Данд ооданындагы мечиттерден куулду. Алардын баары жергиликтүү элди ооган өкмөтүнө каршы жихадга же "ыйык согушка" катышууга үндөгөн деп айыпталган.

Данд ооданынын акими Ахмадулла Назик "Азаттыктын" ооган кызматына пакистандык молдолор Пакистандын Балужистан дубанынан келгендер экендигин билдирди. Назиктин сөзү боюнча алардын жанынан пакистандык ички паспорттор табылган:

Биз Данд ооданында Пакистандан 31, Ирандан 4 молдонун жүргөнүн аныктадык. Биз алардын ошол өлкөлөрдөн экендигин аныктадык. Суракка алып, алардын ооган паспорту жок экендигин билдик. Алар ооган айылдарындагы мечиттерге кирип алышыптыр. «Биз ооганбыз, Газниден келдик, Калаттан келдик" деп Ооганстандагы шаарларды айтып жүрүшүптүр.

Назик ирандык төрт жаран да Кандагардан чыгарылганын бышыктады.

Бул молдолор элди өкмөткө каршы жихадга үгүттөп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөндөн кийин өкмөт өткөн айда иликтөө баштаган эле.

Назиктин ырастоосунда, Пакистандан дагы деле молдолор келип жатат. Кандагар бийликтери чет элдиктердин Түштүк Ооганстанга мыйзамсыз келишине каршы атайын иш-чараларды даярдап жатышат.

Чек ара аймагындагы чабуулдардан улам, Кабулдун Исламабад менен алакасы кийинки кездери начарлап кеткен.

Ооган президенти Хамид Карзай Пакистан армиясын ооган айылдарын туш-келди аткылап, коогалуу аймактардагы кырдаалды ого бетер курчутуп жаткандыгын айткан.

Бул айыпты четке каккан Исламабаддын ырастоосунда, пакистандык аскерлер чек аранын Ооганстан тарабынан кол салууларга жооп берүүгө аргасыз болуп жатат.