Ооганстанда ИМге каршы кубаттуу бомба ташталды

GBU-43/B өзөктүк эмес бомбасы.

Ооганстандын Нангархар провинциясында жасалган АКШ армиясынын соккусунан "Ислам мамлекети" террордук тобунун 36 согушкери жок кылынды. Бул маалыматты ооган расмийлери ырастап, операция Кабул менен макулдашылганын билдирди.

Ооганстандын Нангархар провинциясындагы "Ислам мамлекети" террорчул тобунун согушкерлерине каршы операцияны АКШ армиясы 13-апрелде кечке маал жүргүздү.

Пакистан менен чектешкен Ачин районундагы туннелдер комплексине "бомбалардын энеси" деп аталган 9800 килограммдык өзөктүк эмес бомба ташталды. Аба соккусу тууралуу алгач Ак үйдүн маалымат катчысы Шон Спайсер жарыялады:

- Ооганстандын жергиликтүү убактысы боюнча кечки жетилерде, Кошмо Штаттардын армиясы Ооганстанда ядролук эмес бирок эң чоң бомбасын колдонду. Ал күчтүү жана таамай урган курал. Биз "Ислам мамлекети" экстремисттик уюмунун согушкерлерине эркин жүрүүгө жана аймактагы өкмөттүк күчтөргө, алардын америкалык кеңешчилерине кол салууга мүмкүнчүлүк берген туннелдер менен жер төлөлөрдүн комплексин бутага алдык.

Спайсердин сөзүн Ооганстандын расмийлери да ырасташты. Аткаруу бийлигинин башчысы Абдулла Абдулла АКШ армиясынын бомбасы ооган өкмөтү менен макулдашылып ташталганын билдирди.

Ал эми Коргоо министрлигинин өкүлү Давлат Вазиринин айтымында, соккудан "Ислам мамлекети" террордук тобунун 36 жоочусу жок кылынды. Ал ошондой эле жардыруудан жайкын тургундарга зыян келбегенин кошумчалады. Бул билдирүүнү Ак үйдүн маалымат катчысы Шон Спайсер да ырастады:

- Кошмо Штаттар "Ислам мамлекети" террордук уюмуна каршы олуттуу күрөшүүдө. Биздин армия жайкын тургундар арасында жоготууларды жана операциянын жыйынтыгындагы болжолдуу кесепеттердин алдын алуу үчүн тиешелүү коопсуздук чараларын көрдү.

Пентагон тараткан маалыматка ылайык, тарыхта биринчи жолу колдонулган GBU-43/B бомбасы транспорттук учактан ташталганын билдирди.

Ооганстандын мурдагы президенти Хамид Карзай оогандардын жерине мындай бомбанын ташталышын айыптады.

Ал өзүнүн Твиттердеги баракчасына "Бул террорго каршы согуш эмес. Биздин мамлекетти кооптуу жана жаңы куралдарды сыноо полигону катары колдонуу адамкерчиликке жатпайт", - деп жазды.


Сокку урулган маалга тушташ АКШ президенти Дональд Трамп жогорку деңгээлдеги делегациясын Кабулга жиберди. Трамп президенттикке шайлангандан кийин алгач ирет келген жогорку мартабалуу америкалык жетекчилер Ооганстанда кызмат өтөп жаткан тогуз миңдей аскердин келечегин аныктамакчы.

Өткөн аптада Нангархар провинциясында "Ислам мамлекети" экстремисттик уюму менен урушуп жаткан америкалык атайын күчтөрдүн жоокери окко учкан эле.

АКШ президенти Дональд Трамп журналисттердин суроосуна жооп берип жатып соккуну "абдан ийгиликтүү аткарылган кезектеги миссия" деп баалады. Бирок президент кубаттуу бомбаны колдонууга жеке өзү буйрук бергени тууралуу суроого түз жооп берген жок.

- Эмне болгону баарына айдан ачык. Мен өз армияма уруксат бердим. Дүйнөдөгү эң күчтүү армиябыз өз ишин адаттагыдай эле эң мыкты аткарды. Биз аларга толук уруксат бергендиктен соңку мезгилде ийгиликке жетишип жатат. Эгер акыркы сегиз аптада болгон окуяларды соңку сегиз жылдагы менен салыштырып көрсөңөр, чоң айырманы байкай аласыңар. Биздин аскерий лидерлерибиз жана жалпы армиябыз эң мыкты. Биз алар менен сыймыктанабыз жана Ооганстанда дагы бир миссиябыз ийгиликтүү аткарылды.

АКШ президенти Доналд Трамп.



Узундугу тогуз метр, салмагы дээрлик 9800 килограммга жеткен GBU-43/ B бомбасы Ирактагы согушта колдонуу үчүн чыгарылган. Анын бир даанасынын баасы 16 миллион долларды түзөт. Алгач 2003-жылы сыноодон өткөрүлгөн, бирок 13-апрелге чейин иш жүзүндө колдонулган эмес.

Ошентсе да GBU-43/ B АКШнын эң чоң бомбасы эмес. Андан чоң, оор аскерий техникага каршы колдонулган СС бомбасынын салмагы 13 600 кг жетет, бирок анын жарылуу күчү GBU-43/Bдан азыраак.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.