Евробиримдик менен Ооганстан биргелешип уюштурган донорлор конференциясына 70тей өлкө жана ондогон эл аралык уюмдар менен агенттиктердин өкүлдөрү катышты. Анын соңунда ооган өкмөтүнө 2017- 2020-жылдарга убада кылынган жардамдын акчалай өлчөмү 15,2 миллиард долларга жетти.
Буга чейин 2012-жылы Токиодо донорлор жыйынында 2016-жылга чейин 16 миллиард доллар же жылына 4 миллиард доллар убадаланган эле. Ортодо 2014-жылы да Лондондо ушундай жыйын өткөн. Бирок, ооган өкмөтү эми акчаны алыш үчүн саясий, экономикалык жана социалдык чөйрөдө бир катар реформаларды жүргүзүүсү талап кылынат.
Жыйындын конок ээси - Евробиримдик өз тарабынан 2020-жылга чейин 5 миллиард евро же 5,6 миллиард доллар ажыратууну убада кылды:
- Бул акча жөнүндө гана эмес, саясий колдоо тууралуу дагы. Биз ооган өнөктөштөр менен, ооган жетекчилиги менен жардамды өз элине жеткирүү үчүн иштешүүнү улантабыз. Бирок, бул саясий колдоону да туюндурат, - деди биримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини.
Донорлор конференциясына тушташ ооган өкмөтүн Евробиримдик качкын макамын бербей койгон жарандарын кайра артка алуусуна милдеттендирген келишимге кол коюлду:
- Биз Европага ар кандай жагдайлардан улам келип калган оогандардын баары качкын макамын ала албай турганын түшүнөбүз. Бардык процедуралардан, анын ичинде соттук жараяндан өткөндөн кийин да качкын катары таанылбагандар чыгышы мүмкүн. Биз аларды эмне кылабыз? Алар биздин жарандар да. Өз алдынча эле таштап салабызбы же кандайдыр бир чара көрүлөбү? Бул шарттар сүйлөшүлдү, ар кандай деңгээлде талкууланды жана макулдашуу жетишилди, - деди Ооганстандын Башкы аткаруучусу Абдулла Абдулла Брюсселден.
Келишимге ылайык, мекенине учак менен мажбурлап кайтарылган оогандардын жол кире чыгымын Евробиримдик көтөрөт, ал эми Кабул өкмөтү аларды документ менен камсыздап, кабыл алуусу абзел.
Расмий эсептер боюнча, маселен, былтыркы жыл ичи 170 миң ооган жараны Евробиримдик өлкөлөрүнөн, көпчүлүгү Германиядан башпаанек сураган. Немистердин ДПА агенттигинин жазганына караганда, алардын кеминде 80 миңин артка кайтаруу мерчемделүүдө.
Ооганстан алган жардамдын үчтөн бирин АКШ менен Евробиримдик берип келе жатат, андан кийинки ири донорлор арасында Жапония жана Индия бар. Мындан сырткары Кошмо Штаттар өзү Ооганстанда жылына 5 миллиард доллар коротот, анын 4 миллиарды коргонуу жана коопсуздук тармагына, бир миллиарды жарандык жардам иретинде сарпталат.
Өткөн айда АКШнын Ооганстандын реконструкциясы боюнча башкы инспектору Вашингтон администрациясын бул өлкөдө миллиардаган долларды жакшы көзөмөлсүз эле сарптап жатканы үчүн сындаган.
Эл аралык “Транспаренси Интернешнл” уюму да донорлор конференциясына тушташ атайын баяндама жарыялап, Ооганстанда коррупция деңгээли абдан жогору бойдон калып жатканына көңүл бурду. “Азаттык” менен маегинде Вашингтондогу Брукингс институтунун талдоочусу, Ооганстан боюнча адис Ванда Фелбаб Браун (Vanda Felbab-Brown) буларды айтты:
- Маселе канча акча коррупциялык каналдар аркылуу чыгарылып же туура эмес сарпталып жатканында. Азыркы өкмөттү жетектеген президент Гани менен башкы аткаруучу Абдулла шайлоо учурунда коррупцияга каршы күрөшүүнү убада кылышкан. Андан бери эки жыл өттү, айрым бир аракеттер, чаралар көрүлдү. Анткен менен өкмөт эбегейсиз жана терең коррупциянын символикалык өңүтүн да али жойо алган жок.
Президент Ашраф Гани конференцияда сүйлөгөн учурда өкмөтү коррупцияга каршы аракеттерди улантарын, реформалар жүргүзүлөрүн убада кылды.
АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри болсо конференциянын жүрүшүндө "Талибан" террордук тобун ооган өкмөтү менен тынчтык келишимин түзүүгө чакырды:
- Мага дагы бир жолу кайталап койгонго уруксат бергиле. "Талибандын" Ооганстанды тышкы күчтөрдөн арылтуу максаты талап же козголоң менен ишке ашпайт. Бул тынчтык аркылуу гана келет.
Брюсселдеги донорлор конференциясына тушташ "Талибандын" согушкерлери өлкөнүн түндүгүндөгү Кундуз шаарына кайрадан кирип, акыркы үч күндөн бери ал жерде тазалоо операциялары жүрүп жатты.