Ооганстандагы бейпил күндөр

Пэг Подлич атасы доктор Вильям Подлич (солдон экинчи) жөнүндө: ”Ал Экинчи дүйнөлүк согушка катышкандан бери тынчтык үчүн кызмат кылууну арзуу кылганын дайыма айтаар эле. 1967-жылы ЮНЕСКО атамды эки жылга Кабулда билим берүүнүн негиздери боюнча эксперт кылып алган. Ал социалдык изилдөөлөргө кызыккандыктан, өмүр бою кайда барбасын: Аризонагабы, Мексикагабы, же башка жерлергеби, сөзсүз сүрөт тартчу. Ал Ооганстанда түстүү слайддарды “Kodachrome” менен тарткан. Ошондой эле кичинекей Olympus фотоаппаратын пайдаланган"

”Мен Аризона штатынын Темпе шаарында чоңойгом. Атам сиңдим Яна экөөбүзгө апам экөө менен чогуу Ооганстанга барууну сунуш кылганда, мындай мүмкүнчүлүк мени абдан кубандырган,”- дейт Пэг Подлич (оңдо). "Жогорку класстарды Темпеде эмес, бейтааныш экзотикалык өлкөдө окуймун... Албетте, Аризона менен Ооганстандын маданий айырмачылыктары өтө чоң, бирок мага жашоо аябай кызыктуу болду. Адамдар жылуу мамиле кылып, жардамдашкысы келип турганы көрүнчү. Мен эч нерседен бейкам кыз болсом да эч кандай кыйынчылык же мүңкүрөө болбоду!  Ал кезде убакыт азыркыдай катаал эмес болчу."
 

Пэг Подлич (кара көз айнекчен) ата-энеси менен чогуу Кабулдан Пешаварга автобуста баратышат.

Яна Подлич Кабулдан 30 чакырым түндүк батыштагы Исталиф кыштагындагы базарда сүрөткө түшүүдө. “Биз Кабулга июндун чайыттай ачык күнү эртең менен келдик. Атам бизди аэропорттон күтүп алды жана бажыканадан тез эле өткөрүп кетти. Биз Кабулга Улуттар Уюмунун  'kombi' тибиндеги микроавтобусу менен келдик. Мен аябай чарчаган элем. Ага карабай, жол боюнда мени таң калтырган кочкул жашыл, көк, күрөң түстүү сөлөкөттөр али да жадымда. Атам бул чадрачан аялдар экенин жана кээ бир аялдар коомдук жайларда да ушундай кийинип жүргөнүн мага түшүндүрүп берди. Биз мындай кийимди эч качан “бурка” деп атаган эмеспиз.

Итсалиф кыштагынын эркектери дарактын көлөкөсүндө баарлашып отурат.

Яна Подлич (солдо) жана Пэгги Подлич Кабулдагы Пагхман багында. Ал кездеги ажыйып бак азыр жок.

Окуучу кыздар мектептен кайтышууда. 30 жылга жетпей талиптер кыздардын мектепке баруусуна тыюу салган. “Ооган кыздар балдар сыяктуу эле жогорку класстын деңгээлинде билимдүү болушчу. Кыздар жана балдар форма кийип жүрүшчү. Кыздардын орто мектепке чадра (бурка) кийип келүүсүнө уруксат жок эле,- дейт Пэг Подлич.- Кыз-келиндер эркектердей эле коллежде окушчу”.

Башталгыч класстын окуучулары мектептин короосунда бийлешүүдө. Мугалим жана окуучу музыкалык аспапта ойношууда.

Чоңдор менен балдар Кабул дарыясында сууга түшүүдө

Студенттер топурактан салынган класста химия сабагын өтүүдө

Мен Кабулда бир жыл болдум. Ал кезде биз Шар-е Нау паркына барган жолдогу Шар-е Нуа деген жерде жашачубуз, -дейт Пэг Подлич.- Ата-энем 1940-жылдары Колорадо штатындагы Денвер шаарында жашаган. Апам Кабул  бийиктиги, дайыма күндүн чакыйып турганы, алыстагы кооз тоолору менен Денверди эске салганын айтып калчу. Мен Кабул кургак ландшафты, жаандын өтө сейрек жааганы жагынан Аризонага окшош деп ойлочумун. Мен Аризонада төрөлгөнмүн. Ошон үчүн Ооганстандын айбаттуу сулуулугу мага жакын эле.”

Кабул дарыясынын жээгиндеги Шах-до Шамшира мечити

Торт, токоч жана башка ширин даамдарды крем менен кооздоп жаткан бала

“1968-жылдын жазында автобуска түшүп алып, Хайбер ашуусу аркылуу Пакистандын Пешавар жана Лахор шаарларына бардык, -деп эскерет Пэг Подлич.- Жол көбүн эсе аң-дөңдүү экен. Жол бирде тоодон ылдый кетсе, бирде ойку-кайкы болуп, тоого чыгып кетет! Биз Кабылдан чыгаар алдында атам автобусту суук көздөн сакташ үчүн айланып ысырыктап чыккан жигитке акча төлөгөнү алиге көз алдымда.  Был ырым шыпаа болуп, сапарыбыз жакшы болду деп ойлойм.

Советтер Союзунун жардамы менен курулган Саланг туннели. Узундугу 2,6 км. туннель 1964-жылы ачылган

Өспүрүм балдар үйлөрүнө баратышат. Кабулдун чети

Бамиян өрөөнүндө жарга чегилип жасалган Будданын эстеликтерин талиптер 2001-жылы жарып кыйратышкан.  “Бамиянга жол начар экен. Ошондуктан, сапарыбыз оор болду. Бирок кенен жашыл өрөөндү, жардын бооруна оюп жасалган Будданын заңкайган эки эстелигин эч качан унута албайм...
Мен тарыхый эстеликтерди жасоонун техникалык өзгөчөлүгүн түшүнбөсөм да айкелдер мага сыйкырдуудай көрүндү”, дейт Пэг Подлич.

Будданын кичинекей бедизи. Бамиян өрөөнү

“Коллеждин деңгээлиндеги мугалимдерди даярдоочу эки жылдык Жогорку педагогикалык коллеж Кабулдун батыш тарабындагы Сех Аграб жана Пул-е Сурх жолундагы Карт-е Сей деген жайда болчу,” -дейт Пэг Подлич. Сүрөттө: Мырза Бахир (солдо) - Вильям Подличтин орун басары болгон ооган мугалим.

Ооган жаштары чай ичип, ырдап жана музыка ойноп, көңүл ачышууда

Соодагер эптеп жасалган алачык астында оогандардын татуу даамы – жалебини бышырууда

Көчөдө сейилдеп жүргөн эже-сиңдилер, Кабул

Пэг жана Яна Подлич окуган Кабулдун Америка эл аралык мектебинин жалпы көрүнүшү. Пэг айымдын айтымында, 1967-68-жылдары мектепте 250 чакты бала-кыз окуса, алардын 18и  жогорку класста окуган.

Ооган аскерлеринин ансамбли кайсы бир салтанатта

“Мен Кабылдын сырт жагындагы Дарул-Аман жолундагы Америка эл аралык мектебинде окудум,-дейт Пэг Подлич.- Темпе шаарында  үйдөн мектепке чейин төрт гана квартал болчу. Кабулда автобустун аялдамасы үйүбүздүн жанында эле. Айдоочу  пипилдеткенде, Яна экөөбүз үйдөн чуркап чыкчубуз. Автобуста бизге сари кийген индус аял баш-көз болчу. Автобус күн сайын 20дай окуучуну Кабулдун ичинен чогултуп, анан дөңдү айланып,  шаардын батыш ныптасындагы мектепке жеткирчү”

Вильям Подлич Кабулдун сыртындагы дөңдү өрлөп баратат