Ооганстан: Суу ташкында жүздөгөн кишинин өмүрү кыйылды

Ооганстандын түндүгүндөгү Баглан провинциясын нөшөрлөгөн жаандан кийин суу каптады.  БУУнун Азык-түлүк программасынын маалыматына караганда, 300дөн ашуун адам каза тапты, көптөгөн тургун жараланды, миңден көп үй талкаланды.

 

Ооганстанды башкарган "Талибан" кыймылы 12-майда маалымдагандай, Баглан аймагында бери дегенде 1630 киши жараат алды, 2660дөн ашуун турак жай кыйрады. Куткаруучулар жана катардагы оогандар аман калгандарды издөөнү улантууда. 
 

Баглан провинциясында оогандар ылай астынан тирүү калгандарды куткарып, өз оокатын сактап калуу аракетин көрүшүүдө.

 

"Тез жардам" машинеси суу астында калган Шержалал айылына жакын жерге барды. 
10-майдан бери жаан тынбаган Баглан провинциясында миңдеген үй жарым-жартылай же толугу менен кыйрады. 

 

Адегенде өзгөчө кыйын абал Багланда түзүлгөнү расмий айтылып, кийин жапа чеккен аймактарга Бадахшан, Гор жана Герат кошулду. 
 

Ташкында төрт үй-бүлө мүчөсүн жоготкон Багландын 45 жаштагы тургуну Салим жакындарынын Шержалалдагы мүрзөсүнө баратат.
 
 

48 жаштагы Хажи Сараха жаратылыш кырсыгында бүт үй-бүлөсүнөн айрылды, өзү жарадар болду.



 

Шержалал айылы селден кийин. БУУнун Гуманитардык маселелер боюнча кеңсесинин (OCHA) маалыматына ылайык, Ооганстан климаттын өзгөрүүсүнөн эң көп жапа чеккен жана андай өзгөрүүлөргө даярдыгы жок өлкөлөрдүн бири.  




 

Оогандык бала топон суу астында калган машинанын жанында. Шахрак Мухажирин айылы. 

 

Ыктыярчылар Шержалал айылында жабыркаган балдарга нан таратууда. 
 

Тоолуу аймакта транспорт байланышы жана камсыздоо жолдору үзгүлтүккө учурады. 
 

Төрт жакынынан ажыраган наристе кыз эркек бир тууганынын мүрзөсүнүн жанында турат. Шержалал айылы

Куткаруучулар Ооганстандын түндүгүндөгү сел каптаган тоолуу аймактарда аман калгандарды издөөнүү улантууда. Нөшөрлөгөн жаандан кийинки селден бери дегенде 300 киши каза тапты.