Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы эксперттердин маалыматына таянып, Ооганстандын түндүк провинциясындагы “Талибан” кыймылынын согушкерлери көбөйгөнүн маалымдады. Маселен, 2018-жылы согушкерлер 2,5 эсе, анын ичинен чет жактан жалдангандары 6 эсе көбөйгөн. Учурда алар Ооганстандын жарымынан көбүн көзөмөлдөп турат.
Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев бул өлкөдөгү кырдаал Борбор Азия мамлекеттеринин да тынчын алып жатканын айтып, анын ар кандай кесепеттеринин алдын алыш үчүн кийинки жылы Тажикстанда машыгуу болорун билдирди:
- Ооганстанда ар кандай күчтөр топтолуп жатканы жана ошол топтордун чек арага жакындап келатканы талкууланды. Бул Борбор Азия мамлекеттерин кооптондурбай койбойт. Анткени террористтик, экстремисттик уюмдардын биздин аймакка кирип кетүү коркунучу бар. Бул коркунучтарга бөгөт коюш үчүн 2019-жылы Тажикстан Республикасында биргелешкен чек ара машыгууларын өткөрүү маселеси каралды.
Аскердик машыгууну Тажикстанда өткөрүү тууралуу чечим чыкканы бекеринен эмес. Себеби, Тажикстандын атайын кызматы Кундуз, Тахор жана Бадахшан провинцияларында согушкерлердин ири топтору бар экенин, ошондой эле алардын машыгуу талаалары кеңейип баратканын билдирген. Азыркыга чейин Ооганстанда 70тен ашык теракт болсо, анын айрымдары бул өлкөнүн Тажикстан менен Түркмөнстандын чек араларына жакын провинцияларында ишке ашырылган.
Генерал-майор Кубатбек Кожоналиев Ооганстандагы согушкерлердин көбөйүшүнүн себеби жана анын Борбор Азияга тийгизген таасири тууралуу буларга токтолду:
- “Ооганстанга учурда согуш болуп жаткан Сириядан, Ирактан согушкерлер келип жатат” деген божомолдор бар. Бирок алар кайдан келгенин иликтеп, алардын паспортун текшерген эч ким жок да. Бирок Борбор Азияга коркунуч бар. Жакында эле массалык маалымат каржаттарына “Ооганстан аркылуу Борбор Азиядагы мамлекеттердеги абалды курчутуу аракети болушу мүмкүн” деген маалыматтар тарады.
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 2-ноябрда Чүй облусунун аймагынан эл аралык террордук уюмдун тогуз мүчөсүн кармаганын жарыялаган. Алардын бешөө чет элдик, төртөө кыргызстандык болгон. Кармалгандар 2017-жылдан бери Сирия менен Ооганстандагы террордук уюмга жоочуларды тартуу жана даярдоо боюнча иш жүргүзүп келишкени айтылган. УКМК аларды “Кыргызстанда ок атуучу жана жарылуучу заттарды колдонуу менен диверсиялык аракеттерди көрүүгө камынышкан” деп айыптаган.
УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Марат Иманкулов Борбор Азиядагы мамлекеттерден Ооганстандагы согушкерлердин катарына кошулган жарандар көбөйгөнүн айтты:
- Тажикстандан, Өзбекстандан, Кыргызстандан, Казакстандан жана Орусиядан баргандар бар. Ошондой эле Кытайдын Шинжаң уйгур автономиялуу районунан баргандар да көп. Акыркы маалыматтар боюнча алардын саны алты миңге чукулдаган. Бирок андан да көп болушу мүмкүн. Алар каражат менен камсыздалып, сырткы күчтөрдөн жардам алып жатышат. Бул алар Борбор Азия өлкөлөрүнө кол салууга даярдык көрүп жатышканынын белгиси.
КМШ өлкөлөрүнүн чек ара кызматтарынын жетекчилерин президент Сооронбай Жээнбеков да кабыл алды. Жолугушууда ал Кыргызстан үчүн чек ара коопсуздугун камсыз кылуу тышкы жана ички саясаттагы негизги маселелердин бири экендигин белгиледи.
Чек ара башчыларынын сөз болуп жаткан жыйынында Ооганстандагы кырдаалдан тышкары күн тартибиндеги алты маселе каралып, 27 чечим кабыл алынды.