АКШнын Коргоо министри Леон Панетта Ооганстанда Кошмо Штаттардын аскерий базасында ыйык Куран китеби өрттөлгөнү боюнча кечирим сурады.
Шейшембидеги билдирүүсүндө Панетта Кабулдун четинде “Баграм” аба майданындагы базада болгон окуяны Ооганстандагы эл аралык аскер күчтөрдүн командачысы, америкалык генерал Жон Алленден укканын айтты.
НАТОнун аскерлери бул жерде Куранды өрттөшкөнү жөнүндө кабар таркагандан кийин “Америкага өлүм!” деп кыйкырган нааразы топ Баграмдагы базанын жанына топтолду.
Генерал Жон Аллен ооган элинин жана өкмөтүнүн алдында бул боюнча “чын дилинен кечирим” сурады. Ал Куранды өрттөө алдын ала атайын жасалган окуя эмес экенин, жетекчилер бул жөнүндө билер замат эле аны токтотушканын айтты.
"Аскерлер “Баграмда” диний мазмундагы көптөгөн китептерди, анын ичинде Куранды да, өрттөгөнүн билер замат эле аны токтоттук, мен окуяны тез иликтөөнү буйрудум, - деди генерал. - Ал материалдар кайра калыбына келтирилип, диний жетекчилерге өткөрүлүп берилет”.
Курандын өрттөлгөнүнө зээни кейиген 2 миңдей адам шейшембиде “Баграмдын” маңдайындагы митингге чогулган. Айрымдар бөтөлкөлөргө куюлган майды күйгүзүп ыргытып жатышты, кээ бирөөлөрү базаны ташбараңга алышты, “Америкага өлүм!”, “Каапырларга өлүм!” деп кыйкырып турушту.
НАТОнун сакчылары болсо буга жооп иретинде желим ок менен атып, сырттан, жана асмандан тик учактан байкап турушту. “Франс пресс” маалымат агенттигинин фотожурналисти желкесине желим ок тийгенин кабарлады. Ал ушул жерге чогулгандардын ичинде кеминде жети адам желим октон жаракат алганын кошумчалады. “Баграмдагы” митингде эч ким өлгөнү тууралуу кабарланган жок.
Бир нече жүз адам бул күнү Кабулда да нааразылык митингине чогулушту.
Таштандыдан табылган...
Ооган провинциалдык кеңешинин жетекчиси Ахмад Заки Захед базадагы америкалык аскерий жетекчилер өрттөн сакталып калган “Курандын” 30га жакын нускасын ага беришкенин билдирди. Анын айтымында, китептердин айрымдары жарым-жартылай күйүп калган.
Захеддин айтымында, бул базада иштеген жергиликтүү беш ооган кызматкери базадан чыккан калдыктар өрттөлө турган жерде ыйык китептин нускаларын көрүп калышкан. Калдыктарды күйгүзүүнү ошол замат алар токтотушканын айтты.
Аллендин чын дилинен кечирим сурап жаткан билдирүүсүн ооган сыналгысы улам кайталап көрсөтүп жатат. Адатта, дал ушундай ыйык китепке карата орой мамиле же ушуга окшогон окуялар чет өлкөлүктөргө карата зордук-зобундун күчөшүнө алып келип жүрөт.
"Мен соңку окуя боюнча залал тарткандардын баарынан чын дилимен кечирим сурайм. Ооганстандын президентинен кечирим сурайм, бул ислам республикасынын өкмөтүнөн кечирим сурайм, жана эң эле башкысы, мээрман ооган элинен кечирим сурайм, - деди Аллен. - Мен бул окуяны заматта байкай калган жана аны убагында токтотууда бизге жардам берген жергиликтүү оогандыктарга ыраазычылыгымды билдирем".
Отко май куюп...
Курандын өрттөлүшү менен байланышкан нааразылык тууралуу алгачкы ирет айтылып жаткан жок. Былтыр апрелде АКШнын Флорида штатында чиркөөнүн башчысы Терри Жонс Куранды өрттөгөндө Ооганстанда бир нече күндүк нааразылык демонстрациялары болгон. Андагы тополоң-тоздо 10 адам өлүп, дагы ондогон киши жаракат алган эле.
Андан сырткары, ооган жеринде НАТОнун аскерлери да түрдүү бейжагым кылыктары менен жергиликтүү элдин кыжырына тийген учурлар биринчи жолу катталып жаткан жери жок.
Өткөн айда интернеттеги YouTube сайтында Пентагонду беймаза кылган бир видеоролик коюлган болчу. Анда төрт америкалык аскер өлтүрүлгөн талиптердин жасатына заара ушатып жатканы көрсөтүлдү. Окуя чоң жаңжал жаратып, мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон өзү ага кийлигишгенге, тыкыр иликтөөнү талап кылганга мажбур болду.