Азыркы президент Хамид Карзай калган 30 атаандашынан озуп, биринчи эле айлампада жеңе алабы же жокпу? Өлкө тарыхындагы экинчи президенттик шайлоо ушул суроого жооп бермекчи.
Шайлоо участкалары ачылагандан көп узабай добуш берген президент Хамид Карзай оогандарды добушканаларга барууга үндөдү:
- Бул шайлоо, кудай буюрса, тынчтыкка, алга жылууга, ооган элинин өнүгүп-өсүшүнө салым кошот деп ишенем. Оогандыктарды келип, добуш берүүгө чакырам. Алардын добушунун жардамы менен Ооганстан коопсуз, бейпил өлкөгө айланат.
Буга чейинки сурамжылоолордо Карзайдын жарышты жеңүү мүмкүнчүлүктөрү жогору бааланып келди. Бирок биринчиле айлампада жеңишти камсыздоо үчүн ал добуштардын жок дегенде 50 процентин жана 1 добуш алууга тийиш. Карзайдын негизги атаандашы катары мурдагы тышкы иштер министри Абдулла Абдулла аталууда. Мурдагы пландоо министри Рамзан Башардост жана финансы мекемесинин мурдагы жетекчиси Ашраф Гани Ахмедзай да бир топ добуш чогулта алышат деп күтүлүүдө.
Абдулла бүгүн Кабулда добуш берип жатып, элди талиптердин коркутуп-үркүтүүлөрүнө моюн сунбоого үндөдү:
- Коопсуздук кырдаалы жана бурмалоолорго байланышкан кооптонууларга карабай ушунча адамдын катышканы мени кубандырбай койбойт. Ооганстандын бүт аймагы боюнча эл добуш берип жатат. Элди добушканаларга барып, өз келечегин тандоого эч нерсе токтоо албайт деп үмүттөнөм.
Президенттен тышкары бүгүн оогандар 34 вилайеттин жергиликтүү кеңешине өкүлдөрдү да шайлашты.
Добуш берүү башталгандан кийин баш калаада жана тынчыбай жаткан түштүк аймактарда жардыруулар, ок атышуулар жөнүндө кабарлар түшүп жатты.
Ооган бийлиги массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн добуш берүүчүлөрдү чочутпоо үчүн ар кандай зордук-зомбулук жөнүндө кабар бербей турууну өтүнгөн. Талиптер шайлоону үзгүлтүккө учуратаарын эскертип, өткөн жумада бир нече кол салууларды ишке ашырган. Укук коргоочулар жана журналисттер өкмөттүн өтүнүчүн айыпташты. Алар шайлоо участкаларына барган эл кандай коркунучтарга туш болушу мүмкүндүгүн билүүгө укуктуу деп ырасташууда. Хьюман Райтс Уоч эларалык уюму бийликтин демилгесин “цензура киргизүү аракети” жана “сөз эркиндигин негизсиз бузуу” катары сыпаттады.
Шайлоо күнү коопсуздукту камсыздоого 300 миңдей чет өлкөлүк жана жергиликтүү жоокер тартылды. Бирок талиптер көзөмөлдөгөн 9 чөлкөмдө добуш берүү уюштурулган жок.
Көз карандысыз шайлоо коммиссиясынын маалыматына ылайык, өлкө аймагы боюнча жалпы жонунан 6 жарым миңдей шайлоо участкалары ачылган.
Салыштырмалуу тынч деп эсептелген түндүк аймактардан келген кабарларга караганда, кээ бир добушканаларда шайлоочулар өз тандоосун билдирүү үчүн кезек күтүп турушту.
Маалыматтарга ылайык, участкалар расмий жабылгандан кийин да үлгүрбөй калган шайлоочуларга добуш берүү мүмкүнчүлүгү берилмекчи.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.