"Эгемендик маселеси". АЭС долбоорун элге түшүндүрүү иштери башталды

"Росатом" корпорациясынын иш-чараларынын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын өкмөтү жана Орусиянын "Росатом" корпорациясы кыргыз жергесинде атомдук электр станциясын (АЭС) курууга байланыштуу коомчулукта түшүндүрүү иштерин баштаганын билдирди. Бул боюнча эки жыл мурда меморандум кабыл алынып, долбоордун баштапкы техникалык-экономикалык негиздемеси даяр болгон.

Чакан АЭС кайсы жерге курулары азырынча так эмес. Адистер бул аракеттер Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндөгү процесстердин уландысы экенин белгилеп, атомдук станциянын тобокелдиктери бар экенин эскертип жатышат.

Үгүт жана аны каржылоо

"Росатом" корпорациясы Кыргызстанда кура турганы айтылып жаткан атомдук электр станциясынын долбоору жөнүндө жаңы маалыматты энергетика министри Таалайбек Ибраев Жогорку Кеңештеги “Элдик” депутаттык тобунун 4-октябрдагы жыйынында айтты.

Министр буга байланыштуу эки тарап тийиштүү жумуштарды алып барып жатканын, анын ичинде эл ичинде түшүндүрүү иштери башталганын билдирди.

Таалайбек Ибраев

“Биз былтыртан баштап “Росатом” менен Энергетика министрлиги меморандум түзгөнбүз. “Росатомдун” башкы директору Лихачёвго жолуктук. Эң биринчи тапшырма АЭС куруу боюнча коомчулук менен иштөө болгон. Ал боюнча иштер жүрүп жатат. Азыр жерди тандоо иштери жүрүүдө. Ал жерде муздатуу үчүн суу анан электр энергиясына кошулууга ыңгайлуу шарт болушу керек. Станция эки-үч жылда курула калбайт, беш-алты жылга барып салынат”, – деди министр Таалайбек Ибраев.

Кыргыз өкмөтү "Росатом" менен бирге АЭС куруу тууралуу сүйлөшүүлөрдү 2022-жылы январда баштаган жана чакан АЭСтерди куруу жаатында кызматташуу меморандумуна кол коюлган. Андагы кабарларда бул корпорациянын башкы директору Алексей Лихачев Кыргызстандын аймагында RITM-200N реактордук станциясынын базасында аз кубаттуу атомдук электр станциясын куруу пландаштырылып жатканын билдирген.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев "Росатомдун" иш-чарасында. 22-ноябрь, 2022-жыл.

2023-жылы жана 2024-жылдары да ар кайсы форматта, анын ичинде Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун деңгээлинде жолугушуулар болду.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен "Росатом" корпорациясынын башкы директору Алексей Лихачевдун жолугушуусу. Сочи, Орусия. 8-июнь, 2023-жыл.

Быйыл май айында "Росатом" корпорациясы Кыргызстанда жаткан чакан атомдук электр станциянын (АЭС) баштапкы техникалык-экономикалык негиздемеси даяр болгонун билдирген. Андан бери Кыргызстанда буга байланыштуу бир катар иш-чаралар, анын ичинде мамлекеттик кызматкерлер жана эксперттер катышкан жыйындар өттү.

"Росатом" корпорациясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Дмитрий Константинов сентябрдын соңунда Бишкекте өткөргөн басма сөз жыйында буларга токтолгон:

Дмитрий Константинов

"Кыргыз өнөктөштөр атомдук электр станциясы долбоорун ишке ашыруунун бардык аспектилерине тыкыр киришип жатат. Өлкөнү чечим кабыл алууга даярдоо үчүн башынан аягына чейин карап, техникалык этаптарын, ньюанстарын жана башка жагдайларын талдашууда. Бул абдан маанилүү жумуш. Биз да Кыргызстанга бул иштерди алып баруусуна активдүү жардам берип жатабыз. Анын ичинде маалыматтык семинарларды өткөрүп берүүдөбүз".

"Росатом" корпорациясы Кыргызстанда уюштурган өзөктүк инфратүзүмдөрдү өнүктүрүү боюнча семинер. 16-май, 2024-жыл.

"Росатом" корпорациясы өзүнүн Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн быйыл жыл башында ачкан. Ишкана өлкөдө уран калдыктарын рекультивациялоо иштерин жүргүзүү менен бирге, гидро, шамал жана күн электр станцияларын куруу долбоорлорун ишке ашыруу менен да алектенүүдө.

Кооптуулук жана геосаясат

Кыргызстан бийлиги толук старт берсе "Росатом" Ала-Тоодо бир нече чакан атомдук электр станцияларын кура турганын жар салган.

Бул демилгелер башталгандан бери коомчулукта түрдүү талкуулар жүрүп келет. Айрымдар анын кооптуулугун айтышса, кээлери атомдук станция өндүргөн электр энергиясы кымбатыраак түшөрүн белгилешет.

Энергетика боюнча эксперт Эрнест Карыбеков “Азаттыкка” мындай деди:

Эрнест Карыбеков

"Калыстык үчүн айтып коюш керек, дүйнөдөгү эң бекем конструкциялар бул атомдук электр станциялары болуп саналат. Кооптуу жери – өзөктүк отундун калдыктары (отходы ядерного топливо). Бул долбоордо азырынча анын калдыктары кантип жок кылынары айтыла элек. Ошон үчүн өкмөт долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин ачык көрсөтүшү керек. Дагы бир жагдай, бизде, Кыргызстанда атомдук энергетика багытында адистер жок. Станцияны салып, иштетишсе анда бул үчүн кайра эле орусиялык адистер иштөөгө туура келет. Башка маселе, “Росатом” өз планында портативдик 50-55 мегаваттык станцияларды курабыз деп жатат экен. Бирок бул абдан төмөн кубаттуулук. Кыргызстандын муктаждыктарын, дефицитин жабуу үчүн жан үрөп жатсак, анда бизге кеминде 1000 мегаватт кубаттуулукка ээ электр станциялары керек. Айталы, ошол эле куруу пландалып жаткан “Камбар-Ата-1” гидро электр станциясы 1900 мегаватт кубаттуулукка ээ болот. Болбосо биз көптөн бери сунуштап жүргөн Кара-Кече көмүр кенине жылуулук электр борборун куруп, 1200 мегаватт кубаттуулукка жетишсек болот. Соңку долбоор аба ырайынан, шамалдан же күндөн көз каранды эмес жана ал өндүргөн электр энергиясы арзаныраак түшөт. Кара-Кеченин өзүндө туруп, көмүрдү жагып электр энергиясын алсак анын 1 кВт/саат электр энергиясы 1 сомдун тегерегинде гана өндүрүлмөк. Ал эми ошол эле атомдук электр станциясынан чыккан 1 кВт/саат электр энергиясы 3-4 сомго түшөт. Аны эл көтөрө албаса, ишкерлерге сатсак кымбат болсо, анда кимге сатышат? Мына ушул жагынан да АЭС бизге канчалык зарыл билбейм. Негизи атомдук энергетика көбүнчө башка ресурстары жок өлкөлөрдө көбүрөөк өнүккөн. Бизде суу, көмүр турса, эмне үчүн буга кызыгып жатканыбыз да мен үчүн таң калычтуу”.

Орусиянын "Росатом" корпорациясы Борбор Азия өлкөлөрүндө атомдук электр станциясын курууга кызыкдарлыгын соңку жылдары гана билдире баштаган. Корпорация Тажикстанга сунушун берсе, Өзбекстан менен макулдашуу кабыл алды.

"Росатом" корпорациясынын иш-чараларынын бири.

Казакстанда иш жүзүндө атомдук долбоорго старт берилгени калды. Узак талкуу жана нааразылык менен коштолгон маселе бул өлкөдө 6-октябрь күнү референдум менен жыйынтыкталды. Шайлоочулардын 71% “макул” деп жооп беришти.

Мына ушундан улам адистер дүйнөлүк ири держава, анын ичинде Орусия аталган чөлкөмдө өзүнүн геосаясий кызыкчылыктарын сүрөп, өз өндүрүшүн лобби кылып жатканын белгилешет.

“Жогоруда айтканымдай, атомдук энергетика дүйнөдө 10 чакты мамлекетте өнүккөн. Эң чоң атомдук реакторлорду жасагандар Орусия, АКШ, Франция, Түштүк Корея, Индия жана башка мамлекеттер. Дүйнөдө мына ушулардын ичинде күрөш жүрөт. Айталы, эгер сиз ширеңке чыгарсаңыз, байыш үчүн аны сатыш керек да. Муну үчүн ар кимиси ар кайсы мамлекетке барып, “менин ширеңкемди ал” деп саясатты жүргүзө баштайт. Ал жерге бир кирип алса, кийин тынбай сата беришет. Ошол сыяктуу эле азыр атомдук электр станциясын киргизүү боюнча саясат жүрүп жатат. Орусия “биз Борбор Азияны ушул багыт боюнча ээлеп калалы, биздин реакторлор орносун” деп жан үрөп жатат. Башкача айтканда регионго кирип, белги коюп, желегин илип койгусу бар. Бирок эгемендикти колубузга алган өлкө катары мында биз өз алдыбызча чечим кабыл алышыбыз керек. Мунун артында суверенитет маселеси да жатат”, – деди эксперт Эрнест Карыбеков.

Атомдук электр станциясы - бул өзөктүк реакциянын жардамы менен электр энергиясын өндүргөн ишкана. Ал үчүн отун катары чектелүү деңгээлде байытылган уран жана башка заттар колдонулат.

АЭСтин реакторунда урандын атомдорунун бөлүнүшүнөн улам өтө көп көлөмдөгү жылуулук бөлүнүп чыгат. Бул жылуулук сууну кайнатып, андан чыккан буу турбиналарды айландырат. Өз кезегинде тынымсыз айланган турбиналар электр жарыгын пайда кылат.

"Росатомдун" Беларустагы атомдук электр станциясы. 7-август, 2020-жыл.

Уран радиоактивдүү элемент болгондуктан АЭСтен чыккан калдыктар же зыянсыздандырылышы керек, же кайра иштетилиши зарыл. Атомдук электр станциялары адатта муздак суунун туруктуу булагына муктаж.

1986-жылы СССРдин курамындагы Украинанын аймагында Чернобыл АЭСи жарылып, ондогон кишинин өмүрүн кыйган жана айлана-чөйрөгө болуп көрбөгөндөй радиоактивдүү заттарды чачкан. Бул дүйнөнүн атом энергетика тарыхында эң ири кырсык деп саналат. Анын кесепеттери ушул күнгө чейин уланып келет.

2011-жылы Жапониядагы кубаттуу зилзаладан кийин Фукушима атомдук электр станциясы катуу жабыркап, радиоактивдүү заттар сыртка чыгып кеткен. Бул кырсыктан кийин жапон өкмөтү өзөктүк энергияга болгон көз карандылыгын азайтууну чечкен.

Фукушимадагы окуя Германиянын АЭСтен баш тартуу чечимине да түрткү берген. 2023-жылдын апрель айында Германияда акыркы үч атомдук электр станциясы ишин токтоткон.