Кыргызстанда акыркы бир жылдан бери талкууга түшүп келген бажыдагы коррупция боюнча журналисттик иликтөөдөн соң мамлекеттик органдар тиешелүү чара көрбөй, мыйзам бузуп жатат деген адвокат Нурбек Токтакуновдун арызы Биринчи май райондук сотунда 4-мартта каралды. Ишти караган судья Абдразак Боронбаев адвокаттын жүйөлөрү жетишсиз экенин айтып, аны канааттандыруудан баш тартты. Токтакуновду сотко кайрылууга мажбур кылган окуя былтыркыга барып такалат.
2019-жылы декабрда Нурбек Токтакунов Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов боюнча Башкы прокуратурага арыз менен кайрылган. Анда адвокат бир катар журналисттик иликтөөлөргө, расмий билдирүүлөргө таянып, Матраимовдун чыгашасы кирешесинен көп экенине көңүл бурууну жана мыйзам бузулганы аныкталса, «Мыйзамсыз баюу» беренеси боюнча иш козгоону өтүнгөн. Бирок Башкы прокуратура адвокаттын арызы боюнча иш козгоодон баш тарткан. Буга байланыштуу Нурбек Токтакунов сотко кайрылган болчу.
Эми сот адвокаттын арызын кайрадан четке кагып отурат. Токтакунов бул маселе боюнча арызы улам четке кагылып жатканын бир себепке байланыштуу деп божомолдойт:
«Соттун акыркы чечими бир эле нерсени түшүндүрөт: Райымбек Матраимов жана анын кланы Кыргызстанда укук коргоо органдарын эле эмес, сот системасын да көзөмөлдөгөн таасирдүү фигура экенин билдирет».
Нурбек Токтакунов райондук соттун чечиминин үстүнөн шаардык сотко кайрыларын кошумчалады. Ал эми Башкы прокуратура жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы адвокаттын жүйөсүн четке каккан болчу. Маселен, Башкы прокуратуранын өкүлү Ороз Бердикожоев Токтакунов жазган маалыматтар боюнча кылмыш иши андан мурун эле катталганын айткан.
«2019-жылы 10-декабрда Токтакунов Башкы прокуратурага Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду жоопко тартыш үчүн коррупция, кылмыштуу кирешелерди адалдоо, салыктан качуу фактылары боюнча иликтөө жүргүзүүнү өтүнүп кайрылган. Ал арыз ошол күнү маалыматтардын эсептик журналынын автоматташтырылган базасына катталган».
Прокурорду бул иш боюнча тергөөнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети жүргүзүп жатканын кошумчалаган. Дал ушундай эле жоопту Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынан да айтышкан.
Ал эми Нурбек Токтакуновдун арызында аты аталган Райымбек Матраимовдун жакындары жана адвокаттары акыркы жагдай боюнча эч кандай комментарий берише элек.
Буга чейин Райымбек Матраимовдун агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов иликтөөлөрдө сөз болгон 700 миллион долларга тиешеси жок экенин айткан.
«Иним Райымбекке карата чындыкка дал келбеген жалган жалаалар айтылып, ага карапайым эл ишене турган деңгээлге жеткиришти. Сабыр кылып, унчукпай келгенибизден пайдаланып биздин дарегибизге каалагандай көө сүйкөштү. Биздин үй-бүлөнүн артынан өчү бардай түшүп, бир жактуу маалыматтар менен чабуул коюшту. Бажы тармагындагы мыйзамдарды, иштөө тартип-эрежелерин тактабай туруп, өзү издөөдө жүргөн, алдамчылык менен кылмыш иши козголгон адамдын сөзүн маанилүү далил катары чыгарышты», - деп өткөн жылы 18-декабрда «Фейсбуктагы» баракчасына жазган.
Комиссиянын иши создуктубу?
Ал ортодо бажыдагы коррупциялык схемалар боюнча жарыяланган журналисттик иликтөөдөн соң түзүлгөн депутаттык комиссиянын иши да создугуп жатканы белгилүү болду. Алгач бир айлык мөөнөт менен түзүлгөн комиссиянын иши 20-февралда дагы бир айга узартылган.
Коомчулуктун кызыгуусун жараткан комиссия алгач активдүү иш алып барып, анын жыйындарына журналисттер, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү маалымат берип жаткан. Бирок комиссия мүчөлөрү акыркы жолу 11-февралда жыйын өткөргөн жана андан бери отурумга чогула элек.
Депутаттык комиссиянын мүчөсү Аалы Карашев жыйындын өтпөй жатышын мындайча түшүндүрдү:
«11-февралда жыйында Бажы кызматынын төрагасы маалымат бербеди беле. Ошондон бери жыйын өтө элек. Мен комиссиянын катардагы эле мүчөсүмүн. Жыйындын качан өтөрүн төрага аныктап, бизди жыйынга чакырат. Алар чакырса эле катышып барып калабыз».
Ал эми депутаттык комиссиянын төрагасы Талант Мамытов менен байланышуу аракетибизден майнап чыккан жок.
Чынында эле комиссиянын акыркы жыйынында Мамытов кийинки отурумдарда журналисттик иликтөөдөн соң козголгон кылмыш ишинин негизинде сурак берип жаткан парламент депутаттары Алтынбек Сулайманов, Дүйшөн Төрөкулов чакырыларын кабарлаган. Мындан сырткары журналисттик иликтөөдө аты аталган Райымбек Матраимов чакырылып, «Азаттыктын» Прагадагы журналисти Али Токтакунов менен видео байланыш аркылуу аңгемелешүү болору да айтылган болчу.
Саясий эксперт Орозбек Молдалиев бийлик органдары бул маселе боюнча коомчулукка маалымат бериши керек деген пикирде:
«Бул иш эми акыркы бир күн ачыкка чыгат. Бирок ал учурда жаңжал менен бүтүп, кайсы бир адамдардын отставкасы менен аяктап калышы мүмкүн. Ошон үчүн мамлекеттик органдар ачык-айкын эле маалымат бербесе азыркы бийликтин кадыр-баркына чоң сокку болуп калышы да ыктымал».
Былтыр «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» жана «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөр жарыяланган. Аларда Матраимовдун аты аталган.
Райымбек Матраимов иликтөөлөрдө сөз болгон 700 миллион долларга тиешеси жок экенин айтып келет. Анын бир тууганы, депутат Искендер Матраимов, үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» сотко кайрылышкан. Алар «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетирген» деп «Азаттык» радиосунан, кабарчы Али Токтакуновдон, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарынан жалпысынан 60 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн. Бул иш сотто өзүнчө каралууда.