Билимден өксүгөн майып балдар

Кыргызстанда майыптыгы бар миңдеген балдар атайын жайларга бөлүнүп, толук кандуу медициналык жардам албай, билим алууга болгон укуктары чектелүүдө. Бул билдирүүнү эл аралык "Human Rights Watch" уюму атайын отчетунда жарыялады.

"Инклюзияны талап кылуу: Кыргызстандагы майыптыгы бар балдардын билим алуудагы тоскоолдуктары" деп аталган 74 барактан турган иликтөө инклюзивдик билимден четтетилген миңдеген балдардын укугуна арналган.

"Human Rights Watch" уюму 2019-жылдын октябрь айы менен 2020-жылдын июль айына чейин Кыргызстандагы майыптыгы бар 111 баланы жана чоңдорду сурамжылоого алган.

Алардын арасында атайын мектептердин мугалимдери, ата-энелер, майып адамдардын укугун коргогон активисттер да бар. Аталган уюмдун өкүлдөрү өлкөнүн төрт аймагындагы майып балдар менен өспүрүмдөрдү багып, окуткан алты жатак жайга барып, абал менен таанышкан.

Изилдөөнүн автору Лаура Миллс майып балдар айрыкча билим алуудан өксүп жатканына токтолду.

"Кыргыз өкмөтү 2019-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун майыптыгы бар адамдардын укугун коргоо конвенциясына кол коюу менен мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга инклюзивдүү билим берүү милдетин алган. Демек, мындай балдар өзү жашаган жердеги кадимки мектептерге баруу укугуна ээ. Ошентсе да инклюзияга муктаж миңдеген балдардын билим алуу укугу чектелүүдө".

Дагы караңыз Майып бала үй-бүлөнүн бекемдигин сынайт

"Жабык жайларда балдар кыйналып жашайт"

Изилдөөнүн алкагында интернатка жайгаштырылган балдарды дарылоого жана багууга кайдыгер мамиле жасалып, аларды басмырлаган учурлар аныкталган.

Уюм психо-неврологиялык интернаттардын кызматкерлери психотроптук дарыларды балдарга берип, аларды жүрүм-туруму үчүн жазалаган фактыларды каттаган.

Байкоого алынган алты жатак интернатта балдарды окутуу жана аларга толук кандуу медициналык жардам көрсөтүү үчүн шарт түзүлгөн эмес.

Назгүл Турдубекова.

Кыргызстандагы майып балдарды бөлүп караган интернаттарды жоюу жана андагы балдарды үй-бүлөлөргө кайтарып, толук кандуу билим алуусун шарттоо боюнча иш алып барган укук коргоочу Назгүл Турдубекова мамлекеттик билим берүү системасы жоопкерчиликтен качып, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды бөлүп келет деген пикирде:

"Мамлекеттик билим берүү системасы өз милдетин аткарбай, жоопкерчиликтен качыш үчүн майып балдарды окутуудан кадимкидей баш тартат. Кичинекей, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен коомду кайра коркутат. "Булар соо балдарды чаап жиберет" деп, аларды сегрегация кылып бөлөт. Бул мамлекеттин балдарга кам көрүү милдетинен түздөн-түз баш тартканы. Экинчиден, майып балдардын укугун урматтабай, тебелөөгө барабар. Маселен, интернатта окуп жаткан балдарды үй-бүлөгө кайтарып, анан аларга ар дайым мониторинг жасап турабыз. Ата-энелер бизге интернаттан балдар ар дайым биттеп, арыктап, жалтак болуп келгенин айтып жатат. Билимден да аксап жатканын айтышууда. Мамлекет аларды интеграциялоону кечеңдетпей ишке ашырышы керек".

Дагы караңыз Өзгөчө балдарды чектебейли


Турдубекованын бул пикири "Human Rights Watch" уюмунун изилдөөсүндө да тастыкталат.

2012-жылдан тарта Кыргызстанда балдар тарбияланган 17 интернатты жабуу чечими кабыл алынган. Алардын үчөө мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды бакчу. Анткен менен азыркы тапта 3 миңдей психо-неврологиялык жактан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен өспүрүмдөр жабык интернаттарда жашап, атайын мектептерден билим алууда.

Билим алууга болгон мамлекеттик тоскоолдуктар

Алардын кадыресе мектепке аралашуусуна өлкөдөгү эки мамлекеттик орган тоскоолдук кылууда деп айтылат отчетто.

Алардын бири - Психо-медициналык педагогикалык комиссия. Анын курамына кирген дарыгерлер менен педагогдор ар бир майып баланын билим алуусуна өзүнчө чечим чыгарып турат.

"Human Rights Watch" дал ушул комиссия майып балдардын билим алуусун чектеп жатканына токтолгон.

Комиссиянын жетекчиси Зоя Кононенко отчет боюнча төмөндөгүдөй жүйө келтирди:

"Балдардын укугу корголбой калды деген тыянакка мен бир жагынан макул болсом, экинчи жагынан макул эмесмин. Тар чөйрөдө эле карабай, баланы коргоонун бардык түрүн эске алуу керек да. Ооба, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар өзгөчө корголушу керек. Бирок ошол эле маалда соо балдардын укугу да бар эмеспи. Эгер майып бала коомго коркунучтуу кулк-мүнөзгө ээ болсо аны жалпы мектеп же бала бакчага бөлүү анын өзүнө деле зыян. Азыр ата-энелер мурдагыдай майып балдарын катып, укугун чектеген заман болбой калды. Баары баласын окуткусу, коомго аралаштыргысы келет. Муну иушүнүп турабыз. Биздин комиссия ал балдардын билим алуу мүмкүнчүлүгүнө жараша бөлөт".

Кыргызстанда майып балдарды окутуунун бир нече түрү бар. Алар үчүн атайын мектептер, бала бакчалар иштеп, көпчүлүгү үйүнөн билим алат. Эл аралык укук коргоочу уюм бул билим берүүнүн сапатын да анализдеп, талапка жооп бербейт деп тапкан. Себеби, педагогдордун көбү тажрыйбасыз болууда.

Ушундан улам интернат жана атайын мектептердеги билимдин сапаты өтө начар. "Human Rights Watch" балдардын жалпы мектепке баруу укугун чектөө менен Кыргызстандын бийлиги өзү кол койгон эл аралык конвенцияларды бузуп жатканын белгилейт.

Эл аралык адам укугу нормаларына ылайык ар бир майып бала өз үйүндө тарбияланып, сапаттуу, жалпы билим алууга укуктуу.

10 жаштагы аутизм менен жабыркаган Арсендин апасы Самара Үкүтаева уулунун эң эле жөнөкөй укуктары чектелип, билим алуусу аксап жатканын айтууда:

"Биздин балдарды "тагдырдын өгөй балдары" деп коюшат. Себеби, бала бакча, мектепте бөлүп коюшат. Коом дагы балдарыбызды өгөйлөйт. Мамлекет мындай балдарга интернаттардан башка эч кандай шарт түзүп берген эмес. Ата-энеге эле түшкөн түйшүк. Кайда алып барсак, кантип жашоого аралаштырсак деп чуркап жүрөбүз. Мамлекет ар түрдүү комиссия менен тоскоол боло берет. Ушинтип жүрүп, ата-энелер да оорукчан болуп калууда".


Отчет соңунда "Human Rights Watch" уюму майып балдарды коомго аралаштыруу, тең укуктуулугун камсыздоо жана алардын үй-бүлөсүнө кам көрүү боюнча бир нече сунуштарды берген. Эскерте кетсек, отчетту аталган уюм 10-декабрь эл аралык адам укугу күнүнө карата жарыялады. 25-ноябрдан тарта Кыргызстанда БУУнун адам укугу боюнча кампаниясы өтүүдө.