Премьер-министр Улукбек Мариповдун жарлыгы менен Абдикарим Алимбаев өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.
Баткендин буга чейинки губернатору Өмүрбек Суваналиев 4-майда “башка кызматка өткөнүнө байланыштуу” деген жүйө менен кызматтан бошотулган.
48 жаштагы Абдикарим Алимбаев буга чейин Чек ара кызматынын төрагасы жана анын орун басары кызматтарында иштеген.
Баткен облусунун жетекчисин алмаштыруу тууралуу чечим Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда ондогон адамдын өмүрүн алган жаңжалдан кийин кабыл алынып жатат.
Дагы караңыз
Конституциянын кабыл алынганына 28 жыл толдуМарипов курулуш компанияларын Баткенге жардам берүүгө чакырдыСадыр Жапаров: жаңы Баш мыйзамда азыркы чакырыктар эске алындыТИМ: Тажикстандан чыгарылган кыргыз жарандарынын маселеси көзөмөлдө