Абактагы Бекназаров Убактылуу өкмөттөгү үзөңгүлөштөрүнө кайрылды

Азимбек Бекназаров cот залында. 9-декабрь, 2022-жыл

Абактагы Азимбек Бекназаров Убактылуу өкмөттүн башка мүчөлөрүнө кайрылып, банк кутучаларындагы акча боюнча үн катууну суранды.

Он төрт жыл мурда болгон окуя үчүн айыпталып, камакка алынган Азимбек Бекназаровдун адвокаты Айбек Турдуев 18-октябрда билдирүү таратты.

Анда 2010-жылы май айында тергөө тарабынан уячалардан алынган акчаны Убактылуу өкмөттүн бөлүштүрүү, иштетүү жөнүндөгү коллегиалдуу чечими боюнча Азимбек Бекназаров жалгыз камалып отурганы айтылат.

Жактоочу мөөнөтү эскирген кылмыш иши кыскарууга тийиш экенин, Кылмыш-жаза процессуалдык кодекстин талаптарына ылайык, мөөнөтү өткөн кылмыш иши боюнча адамды кармап, камоого тыюу салынарын, бүгүнкү күнү Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн ичинен бул мыйзам жалгыз Азимбек Бекназаровго гана иштебей жатканын белгилеген.

Адвокат Бекназаров айыпталып жаткан беренедеги кылмыш эксперттин, текшерүүлөрдүн, ревизиялардын, аудиттин актылары ж.б. документтер менен ырасталбаса, олуттуу зыяндын же мыйзамсыз кирешенин суммасы жөнүндө маалымат жок болсо, кылмыш иш козголбошу керектигин белгилөөдө.

Ошондой эле саясатчынын иши боюнча андай документтер 14 жылдан бери жоктугун эске салган.

Жактоочу Айбек Турдуев Бекназаров сентябрда кармалгандан бери бул иш боюнча Убактылуу өкмөттүн же ошол учурдагы тийиштүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү суралып же суралбаганы тууралуу маалымат жоктугун "Азаттыкка" билдирди.

"Тергөөнүн купуялуулугу деген бар, бирок бизде ким суралды, ким суралган жок, тергөө кандай болуп жатканы белгисиз. Анткени бизди бир сурап, анан бөгөт чарасы тандалды. Ошол бойдон биз менен тергөө амалдары болгон жок. Балким, башка тарап менен жүрүп жаткандыр. Мыйзамсыз кармалып турат дегенибиздин бир нече негиздери бар. Бул иштин мөөнөтү өткөн, экинчиден, мындай ишти козгоого мыйзам жол бермек эмес. Себеби бул иш экономикалык берене болгондуктан, түздөн түз эксперттин корутундусу же текшерүү документтери болгондо, уурдалган, мыйзамсыз табылган мүлк боюнча далил болгондон кийин гана иш козголот. Бул жерде телефон сүйлөшүүсү боюнча гана болуп жатат, башка далил жок деп ойлойм. Анткени ал мүлктү ким жана кимден алган, аны ошол банктан алган акчадан сатып алып жатабы - далил жок", - деди адвокат Турдуев.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Азимбек Бекназаровго “ири өлчөмдө кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу” беренеси менен иш козгоп, 12-сентябрда камакка алган. Атайын кызмат саясатчы “2010-жылдын апрелиндеги окуяларда банк кутучаларынан жана өкмөт үйүнөн алынган акчаны уурдоо жана коротуу фактысы” боюнча кармалганын билдирген.

Билдирүүдө ошондой эле Азимбек Бекназаров өзүнүн Конституциялык укуктары бузулуп, мыйзамсыз камалганы боюнча президентке, башкы прокурорго, тийиштүү сотторго кайрылганы, жыйынтык чыкпаса адам укуктары боюнча Эл аралык органдарга кайрылганга мажбур болору тууралуу жазылган.

Дагы караңыз

Бекназаров кармалды. Банк кутучаларына катылган купуя

Саясатчы учурда Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда. Фейсбук баракчасына жарыяланган кайрылуусунда саясатчы өзүнө “жасалма кылмыш иши козголгонун” айтып, “Бакиевдердин реваншисттик саясатын токтотууга” чакырган. Муну менен катар Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө да кайрылып, банк кутучаларынан алынган каражат боюнча үн катууну суранган.

"2010-жылдын 7-апрелинен кийин Максимдин банктарынан, ячейкалардан табылган бакиевчилердики делген акча тергөөчүлөрдүн токтому, башкы прокурордун санкциясы менен кылмыш иштердин алкагында алынып, Улуттук Банкка тапшырылган. Ал акчаны мамлекеттин бүтүндүгү, коопсуздугу, бакиевчилердин реваншисттик-кипишин, батыровчулардын сепаратисттик аракеттеринен келип чыккан улуттар аралык жаңжалды басуу үчүн Убактылуу бийликтин толук кандуу иштетүүгө укугу болгон", - деп жазган Бекназаров.

Саясатчы сентябрь айында дагы абактан президентке кат жазып, 2010-жылы Апрель окуясынан кийин 1 млн долларды кымырып алган деген маалыматты убагында Жогорку Кеңеште түзүлгөн депутаттык комиссия, Башкы прокуратура текшерип, мыйзам бузуу аныкталбаганын кабарлаган.

"Айрыкча Роза Исаковна, сизден Убактылуу бийликтин башчысы катары ячейкалардан алынган акчаны бөлүштүргөн адам катары, Сооронбай Шарипович, сизден ошол акчанын жардамы менен Ош облусунда тынчтыкты камсыз кылган губернатор, кийин өкмөт башчысы, президент болгон инсан катары, Алмазбек Шаршенович, Темир Сариев, сиздерден Убактылуу өкмөттүн каржы, банк чөйрөсүнө кураторлук кылган мүчөлөрү, 2011-жылдан кийин өкмөт мүчөсү, өкмөт башчылары, президент болгон адамдар катары үнүңөрдү чыгарып коюуну суранам", - деген саясатчы.

Дагы караңыз

Афоризм үчүн айып: Фейсбукка пикир жазган адамга өкүм чыкты

Бекназаров акыркы үч жылда Кыргызстанда демократия, адам укугу менен эркиндиги кескин чектелгенин, калыс сөз айткан интеллигенция, аксакалдар, оппозициялык саясий партиялар жана саясатчылар азайганын белгилеген.

Ал мурдагы президенттердин кезектеги жолугушуусун өткөрүү демилгесин көтөрүүгө жана анда "Кыргызстанда реалдуу жүргүзүлө баштаган Бакиевдердин реваншисттик саясатын токтотуу маселесин коюуну өтүнгөн".

Бекназаров чындыкты айттыбы?

2010-жылы 7-апрелдеги бийлик алмашуудан кийин келген Убактылуу өкмөт АУБ, “Манас Банк”, “КыргызКредитБанк”, “Ысык-Көл Инвестбанк” баштаган банктардагы күмөндүү эсептерди камакка алган. Кийинчерээк Бишкек шаарынын прокурору Кубанычбек Абыловдун уруксаты менен атайын тергөө тобу ондон ашуун банк кутучаларын ачып, Бакиевдин жакындарына таандык делген 21 миллион долларды таап чыгып, Улуттук банкка сактоого жөнөткөн.

Бирок 2010-жылы күзүндө баш прокурор болуп келген Кубатбек Байболов банк уячалары "мыйзамсыз ачылган" деген негиз менен кылмыш ишин козгоп, ага катышкан прокуратура кызматкерлерин жумуштан четтеткен. Бир жылга жакын созулган тергөөдөн кийин аларды сот актаган.

2010-жылы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Темир Сариевдин жана Алмазбек Атамбаевдин Бекназаров менен телефондон сүйлөшүүсү делген аудиолор интернетке жарыяланган. Видеодо үнү Сариев менен Бекназаровдун окшош адамдар банк эсептеринен ири суммаларды алып, кайсы бир иштерге чыгымдоо тууралуу сөз кылган. Бул далай саясий талкууларга себеп болгон. Ошол учурда Бекназаров менен Сариев жазып алынган сүйлөшүүлөр монтаждалып, бурмаланганын айтышкан.

Бекназаров атын атаган Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгон Исмаил Исаков ошол учурда бийликтин максаты кооопсуздукту камсыз кылуу болгонун, банктан алынган каражаттар боюнча буга чейин да бир нече жолу текшерилгенин билдирүүдө.

Исмаил Исаков.

"Бекназаровдун айткандары чындыкка дал келет. Анткени ошол алган каражаттардын бардыгын 2010-жылдагы окуяда абалды турукташтыруу үчүн Убактылуу өкмөт колдонгон. Алардын бардыгынын отчеттук материалдары, алган адамдардын кол каттары бар. Бир нече жолу текшерилген. Ошол учурда Жогорку Кеңеште биринчи орунду алып келген "Ата-Журт" партиясы оппозиция болуп, алардын өкүлдөрү буга абдан көңүл буруп, текшерүүнү талап кылышкан. Андан башка дагы комиссия түзүлүп, текшерген. Кийин Атамбаевдин тушунда баш прокурор болгон Аида Салянова дагы текшерген. Азыр ар нерсени айта берсе боло берет, анткени убакыт өтүп кетти. Эгер Бекназаров өзү жеке бир нерсе кылса, ошону ачык айтып чыгыш керек. Ушул имаратты алыптыр, ушунча акча бериптир, ушунун атына жазылыптыр деп тактап көрсөтүш керек. Жалпылап айткан туура эмес. Ошол эле айтып жаткандардын артында качып кеткен Бакиевдердин кландары турат. Алар Убактылуу өкмөттү атайылап жаманатты кылып, өздөрүн таптаза көрсөткүсү келген аракети көрүнүп эле турат", - деди Исаков.

2011-жылы ошол кездеги парламент депутаты, азыркы УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев “Азаттыкка” маек куруп, Апрель окуясынан кийинки банк кутучаларынан алынган каражаттар жөнүндө иликтөө жүргүзүлүп, аягына чыгышы керек деген болчу:

“Банктан канча акча алынганы да бүдөмүк. Бүгүн биз банктагы кутучаларды ачканда комиссиянын курамында кайсы адамдар болгонун толук ала албай жатабыз. Себеби баары жашыруун жүргүзүлгөн. Туура, банктарда мурдагы президенттин тууган-уругунун же бала-чакасынын, жакындарынын кутучалары болушу мүмкүн”.

Журналист Лейла Саралаева Кыргызстандын жаңы тарыхында күмөн жаратуучу жагдайлар ачыкталып, чекит коюлушу керек деп эсептейт.

"Мен Кыргызстандын жаңы тарыхында ак тактар калбашын колдойм. Ал эми дал ушул банктын уячаларынын каражаттын уурдалышы, 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялар, "ыңкылап" кандай болгону, андагы башка өлкөлөрдүн ролу аягына чейин териштирилбеген тарыхтагы ак тактар болуп келген. Ошол кезде окуянын шары менен көп эле саясатчылар, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү мунун артында Кремл турганын айтышкан. Ошондуктан бул жагдайлардын туура иликтениши тарых үчүн деле туура болмок", - деди Саралаева.

Буга чейин банк уячаларынан 21 миллион доллар эмес, андан алда канча көп каражат алынганы тууралуу кыйла айтылган. Айрым булактарда Бакиевдерге тиешелүү делген банктардан 7-апрелден кийин 100 миллион доллардын тегерегинде акча алынганы айтылган.

Бекназаровдун жакындары анын кармалышы саясий негизде болгонун айтып келишет.

68 жаштагы Азимбек Бекназаров - Жогорку Кеңештин депутаты, баш прокурор, 2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары кызматын аркалаган. 2022-жылы 23-октябрда Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, Биринчи май райондук сотунун чечими менен быйыл 14-июлда акталып чыккан.