Аба ырайы: бийик тоолуу аймактарда кар жаайт

Кыргызгидромет борбору 25-май күнү Кыргызстанын кээ бир аймактарында аба-ырайы туруксуз болорун эскертти. Түнкүсүн Ысык-Көл облусунун чыгышында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир аймактарында, Чүй, Жалал-Абад облустарынын бийик тоолуу райондорунда кар жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10...15, күндүз 26...31,

Талас облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 25...30,

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 11...16, күндүз 27...32,

Нарын облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 15...20,

Ысык-Көлдө түнкүсүн 7...12, күндүз 16...21,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3...+2, күндүз 5...10

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14, күндүз 29…31 градус жылуу болот. (JsA)

Дагы караңыз

Арменияда митингге чыккандар ТИМдин имаратын бөгөттөдү Молдованын мурдагы президенти Игорь Додон 72 саатка камалдыАпышев: колдонулбаган ИВЛ аппараттарын Орусия кайра албай жатат Министр Иманов жараксыз паспортторду сатуу тууралуу маалымат берди