Чабандестин чаалыкпаган ышкысы

Чаткалдык чабандес Өмөр Орозбаев аксакал.

Өмөр Орозбаев Чаткалдын Кызыл-Токой айылында жашайт. Турмуштун ачуусун да, таттуусун да татып, ушу тапта 81 жаштын чайын ичип отурган кези.

Атасынан эрте ажырап, ат жалын тартып мингени Өмөр чабандес катары айылдаштарына таанымал. Бул өнөрүнүн аркасы менен ал элге таанылды, куугунтукка да кабылды.

Согуш кезиндеги балалык, бир баштык алтын

Өмөр аба, айылдаштары айтмакчы, Өмөр палван, 1938-жылы төрөлгөн. Атасы менен апасын жакшы билбейт, төрт жашында атасын согушка алышып, аз өтпөй апасынан ажырап, турмуштун кермек даамын эртелеп тартыптыр.

Төрт баласын согушка жөнөткөн чоң атасы Мамбетаалы балдарынын кайгысын тартып, кан түкүрүп, алышкан оорудан оңоло албай ал да каза болуп, Орозбайдын эки уулун иниси Мамасыдык багып алган. Өмөр аба Мамбетаалы чоң атасын элес-булас билет. Небересин алдына алып отуруп, урушка кеткен төрт баласынын амандыгын тилеп отурганы көз алдында калыптыр.

Кырсык бир тооруса чатак го, ошол кыйын күндөрдө эш туткан жалгыз иниси Кутбидин да жок, Орозбайдан калган мал-мүлккө ээ чыккан абасынын үйүндө күн кечирип калат. Небереси менен жолуккан сайын таенеси ага табышмактуу бир сырды айтып, бирок анын эмне экенин жашырып коёт.

«Кутбидин деген үкөм өлүп калган. Анан кийин таенем айтат: «Сага бир белегим бар. Апаң болсо өлүп калды. Сен болсо абаңдын колунда калдың. Сага сактай турган бирдемкем бар» дейт, бирок айтпайт. Анан жүрө бердим. Ара-торо ошондо 15ке барып калгам. Таенеме барам. Эч айтпай жүрө берди. Ошентип жүрүп бир күнү айтты. Таенемдин таежеси бар эле, Шекер деген. Ошол эрге кете турган болуп калган экен. «Шекер кетип атыры, мен болсом картайып калдым, сенин ушул белегиңи беришим керек эле. Шекер алды. Эми кокус… ошол берет, дайындадым», деди. Ону деле айтпады, жүрө бердим. Бир күнү айтты, таенем. «Бир калта атаңдан калган күмүш бар» деди. «Атаң бир алтын-күмүштү сага таштап кеткен. Сага өмүр бою, балалуу-чакалуу болушуңа жетет, бир чоң алтын-күмүш бар, ошондо. Шекерге бердим, мен өлүп калат окшоймун», деди. Ал бирөөгө эрге тийип Өзбекстанга кетип калды. Жүрдүм».

Кичинекей Өмөр ошентип абасы Мамасыдыктын колунда калып, табышмактуу алтын-күмүштү ойломок тургай, «кантип күн өткөрөм» деп жүрүп убакыт колдон суурула берет. Ал ортодо атасына берилген «борон» менен урушка барбай калган Мамасыдык абасы дагы бир аял ала коём деп райондук прокурордун каарына калат. Кол күчү жетишпей турган кыйын чак, жаш аял ала койгон абасы бала-чакасын алып Өзбекстанга өтө качат.

Окуя азыноолок басты-басты болгон чакта айылга жашырын келип үй-бүлөсүнүн калганын көчүрүп кетет. 1953-жылы туугандары барып Мамасыдыкты Чаткалга алып келишет. Кызыл-Токойго ошол кезден тартып отурук алышып, Айгыр-Жалга барбай калышат. Ал жерде деле мал карамай, колхоз башкармасы жаңы келген туугандарына чарбанын малын бактырат.

1958-жылы Өмөр аба аскерге алынып үч жыл милдетин аткарып келет. Чаткалдык боз улан Ыраакы Чыгышта Владивостокто аскер курулуш батальонунда иштеп, бир топ акча топтоп, айылга бардар келгенин ушу азыр да канааттануу менен эстейт. Согушка кеткен абалары менен атасы кайтпай калышты. Согуш дегенде ал кичине кезинде Жаңы-Базарга энеси көк бээни минип уулун алдына өңөрүп алып келгенин, топураган элди, ыйлап атышкан аялдарды, карыларды элестетет.

«Согушка 1942-жылы (кеткен), ошондо раис экен. Борошев военкомат үч жүз адамды бир жөнөткөн. Мен элес-элес билем. Ошондо атам раис. Мурун кой ферма болгон. Ал кезде бир эле перме кою бар. Магазинчи болгон экен. Анан кийин элди уюштуруп, колхозду уюштурган киши болгон да. Ленин колхозунун баштыгы – раис болгон. Үч колхоз - Чапаев, Ворошилов, Ленин. Анан Орозбай атам ошол үчөөнү бириктирип чоң колхоз кылып раис болгон экен. Военкомат үч жүз адамдын ичинде беш ага-инини жөнөткөн. Мамасыдык, Анарбектин атасы, биринчиси ошол, экинчиси менин атам Орозбай, Мамасейит, Темирдин, Токтоматтын атасы. Кочондун атасы. Дөөлөткелди улуусу экен, ол калыптыр, бирок өлүп калыптыр. Төртөө кеткен. Ошондо раис болуп турганда Жороев айтыптыр: «Өй, элге да керек, мен байкабай чакырык берип коюпмун, сен калгын». «Борон» деген болчу экен, кала турган, элди бага турган райистерге берчи экен. «Мен калтырайын, сен калгын» десе болбой, «үч жүз келип калды, жанагы абам, ошол ооруп калса ушуну калтыр» деп кете берген экен. 1942-жылы июнь айында кеткен».

Кыргызстан Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында. Архивдик сүрөт.

Ошол кеткен атасынын дарек-дайны жок болду, кийин-кийин согуштан аман кайткан Алимбек деген кишиден атасын Куйбышев шаарында аскерлер тамактанып аткан учурда көргөнүн укту. ««Орозбайдын ошол оокатынан жеп өттүк» деп Алимбек деген киши бизге айткан», дейт Өмөр аба. Атасы тууралуу «дайынсыз жок болду» деген кагаз келген. Калгандарына «курман болду» деген кагаз келген.

«Жапар аке, Кочондун атасы, 1947-жылы келди. Согуштан канча кийин келди, ошондо да бирге кеткен экен. «Мамасейитке ок тийгени дайын» деп кабар келген. Меники «дайынсыз» деген кагаз. «Өлүп калган» Дөөлөт келди. Мамбетаалы чоң атам тирүү кезинде кичинекей элем, алдында илмийип отурчу элем. Мени эркелетип отурчу, кан түкүрчү. Отуруп алып кан түкүрүп ийчү эле. Төрт агайыны кеткен. Анан чоң атам да өлүп калды».

Кандуу согушка бир күнү Чаткалдан 300 адамды жөнөткөн райондук аскер комиссарын жакындары кетип ачуусу келген Раман деген киши түндө келип атып салыптыр. Кетип аткандардын жакындарынын бир тобу аскер комиссарын каргап, буулуккан ачуусун ар ким ар кандайча чыгарган окшобойбу. Бийлик өкүлүнө кол көтөргөн ал кишини, жанындагыларын эки жумага жетпей кармашып, аны да атып салышыптыр.

Чаткалдыктардын эсинде согуш бир күндө 300 адам аскерге кеткени, алардын ичинен саналуу гана кишилер аман кайтканы, ачууга алдырган канышкыялык адамдын баарына күнөөлүүдөн бетер райондук аскер комиссарын атып салганы, аз өтпөй өзү да совет огунан набыт болгону аркылуу эсте калды окшойт.

Кызыл-Токойдогу жашоо

Аскерден акчалуу кайткан Өмөр аба Мамасыдык абасы экөөлөп Кызыл-Токойго үй салып, өз алдынча тирилигин баштаган. Кыйла жыл Терек-Сайда кенде жардыруучу болуп иштеп, кийин кайра өз айылына келип, чарбанын жылкысын багып, бала кезинен келаткан ышкысын ишке ашырды.

Дагы караңыз Мааданкул карыянын карапайым өмүрү

«Мен ат минип, жалаң улакчы боюнча жүрө бердим. Расса (аябай) улакты чаптым. Каерде той болсо ошо жерде, Өзбекстанга барып, башка жерлерге барып, жигит болуп жүрдүм да. Анан кийин мен 15-20 киши менен оодарышка (эңишке) түштүм. Баарын жыктым, амеки бир да жыгылбадым. Эч жыгылбадым. Аны элдин баары билет, «Өмөрдөн бөлөгү баары жыгылган» дешет. Баары азыр да айтышат. Мен көп адамды жыктым, анан улакты көп чаптым. Каерде жакшы ат болсо сатып ала берчү элем. Баасына карабай, кымбат болсо да жакшы атты алып мине берчү элем. Акырында Чегир деген ат келди кечээ, картайганда. Ошону чаап жүрдүм, палван болуп. Азыр деле тааныштар Өмөр палван дешет. Кой десең болбойт, эл оодарышка көп түшөт да. Мен баарын жыкчу элем. Көбүн Өзбекстанга, Казакстанга, Тажикстанга барып түштүм. Тажикстанга улакка барчу элек. Бир ай, бир ай улак чаап эле ошол жакта сандалып жүрүп анан кийин келчү элек. Тажикстанга, ол жак кыргыз болот, эли бар, ошерге бүт эле кыргыз болот тиги Тажикстан. Бир району жалаң кыргыз, ошол жерлерге барчу элек. Өзбекстанга бу кыргыздардын көбү түшүп кеткен, малын багышат, жайы менен той, улакчы болушчу. Анан кийин-кийин Өзбекстан кышында кыла турган болуп калды».

Улак менен эңиштин кызыгына берилген Өмөр аба бир жолу эр эңиште кавказдык жигитти утуп коюп, ага чырлашкан тарап менен уруша кетип, аягы абак менен аяктаганын ушу азыр да жылмаюу менен эскерет. Жеңилген жигит менен элдешип жыйындан тынч тарашкан экен, бирок урушкандарды ажыраштырганы келген милициянын арызы менен иш козголуп, жаңжалды баштагандар соттолгон экен.

Жогорку Кеңештин имаратын салган аксакал

Өмөр абанын экинчи ирет соттолушу да кызык. Балдарына той бермекчи болуп, чогулткан акчасына достору менен чогуу барып Таластан 360 кой сатып алышат. Жайлоодо семирген малды ашуу ашырып кымбатына саталы, тапкан пайдага той өткөрөлү деген ниет го.

«Өзүбүздүн пулубузга алганбыз, мурун да алып барып сатып көбөйткөнбүз» дейт Өмөр аба. Бирок бул ирет иш оңунан чыкпай, Таластагы белгилүү колхоздун башкармасы башкы ветеринардык дарыгердин чабандар менен кошулуп алып жасаган кыңыр ишин билип калып, чуу көтөрүп, койлорду сатканы да, алганы да кылмыш жоопкерчилигине тартылат. 360 кой чарбага кайтарылат. Өмөр аба акчасынан да күйүп, бир жарым жыл эркинен ажыратылып Бишкекте кадимки азыркы Жогорку Кеңештин имаратынын курулушуна катышкан.

«“Ак үйгө” иштетишет эле. Ичиндеги бүт ишин кылат. Эми таштандысын да ташып, башкасын да, арматурун кармап, иши кылып аяк-быягы бул жерде 6 ай, 7 ай иштеп калдым. Анан Кулатов мага жооп бербедиби. Жогорку Советтин эмеси Кулатов деген болгон. Ошо Кулатовго арыз берсем «туура эмес эми» деп, мага биерден сыйлык берип, «жакшы жүрдү, ушу түрмөдө да жакшы жүрдү» деп, ошо Кулатов, муногу депутаттардын чоңу (он беш эле адам болчу ал убакта) ал жерден мени бошотуп жиберген».

Өмөр аба төрт жолдошу менен Таластан арзан кой алып кымбатына сатуу аракети ошентип ишке ашпай калган соң соодагерчиликке чекит коюптур. Кой чатагы чыкпаса ал киши деле базар экономикасына чыйыр салган ишин уланта бериши деле мүмкүн болчу.

Улакчылар. Иллюстрациялык сүрөт.

«Бабанов деген азыр бар го, Бабанов. Бабановдун атасы раис экен, Россия деген колхоз бар экен. Ошерден барып алганбыз. Кийин анан Бабанов чатакты салып, прокурорго да айтып, «чаткалдыктар ушу койлорду сатып алып атыры» деп, ошол убакта «политбюро» экен, колхоздун раиси. Прокурорлорду биздин көзүбүзчө тилдеп, сотторду тилдеп, «чаткалдыктарды камайсыңар, камабасаңар силер менен күрөшөм» деп отуруп алды да. Бабанов раис эле ошол убакта».

Чарба малын кемитпей сактап, коммунисттик идеяга берилген андай жетекчилер ал заманда арбын болчу. Өмөр аба болгон иштин аныгына чыгуу кыйынга турганын, тергөөчүлөрдүн алдында койчулар акча алганын танышып, «короодогу койлорду уурдап алышкан» деп айыпты чаткалдыктарга жүктөп салышканын, алардын калпын карапайым бир адам жокко чыгарып, чындыгын айтканын эстейт. «360 койдун пулу көп болгон, кыпкызыл, баарын чогултуп мен түйүп баргамын» дейт. «Жайлоого, тетигил Алаташтын башына» чейин барышканын ушу азыр да жадынан чыгара элек.

«Ушу балам, түрмөгө түшкөндү да айта бересиңби?» дейт аксакал өткөн кезин эскере отуруп.

Өмөр абанын өмүр жолу ысык-суугу аралаш, сыдыргыга салгандай тегиз да эмес. Ал ошонусу менен кызык. Каруу-күчү барында элинде белгилүү улакчы, балбан катары таанылган Өмөр абанын карылыгы кышы узак, жайы кыска Чаткал өрөөнүндө өтүүдө. Аскердик милдетин Владивостокто аткарып, чабандестик ышкысы аны Орто Азиянын бир топ жерлерине алып барды,эр оюндары дегенде азыр деле делебеси козголуп, каны кызый түшөт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.