Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:08

Мааданкул карыянын карапайым өмүрү


Мааданкул карыя.
Мааданкул карыя.

Мааданкул аксакал 94 жашта. Тоңдун Ак-Сай айылында жашайт. Аксакалдын өмүр жолу көпчүлүк элеттиктерден айырмаланбайт. Бирок ар бир кишинин турмуш жолу өзүнчө жомок сыяктуу эле. Мааданкул Сулайманов карыя да өзүнө таандык кайталангыс жолду баскан.

“Ие, кабарчы болсоң, айланайын, менин тагдырым көп”, -деп баштады Мааданкул аба өмүр жолу тууралуу аңгемесин. 94 жаштагы карыя үч жылдай илгери жыгылып кетип, жамбашын сындырып алган. Болбосо, уул-кыздары айткандай, балдардан калышпай чуркап, тиричилик кылчу экен. Ошондон бери сыртка өз алдынча чыкпай калган. Бирок кенен бөлмөдө чыгырыгын түртүп алып бир аз дене жазат. Мааданкул аба мурдагыдай каалашынча баса албаганына гана өкүнбөсө, табиятынын шайдоот.

- “Жашыңда берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттү” деп минтип сайрап отурам. Карып калдым. Токсон үчтөмүн. Туура жүрүш керек экен. Мен өмүрүмдө туура жүрүптүрмүн да. Чынчыл болуш керек экен. Ууру да кылган жокмун, ушак да сүйлөгөн жокмун мен.

Карыя “күрс-күрс” жөтөлүп коюп, чарбада өзүнө бөлүнгөн норманы жаштайынан такай ашыра аткарганын айтып, сөзүн улантты.

- Иш планын ашыгы менен аткарып койчумун. Жалкоо киши кыйшактап кетет да. Мен кыйшалактачу эмесмин. Аны эл билет экен да. Адегенде Темир Канатты сугардым, андан кийин Көк-Сайды сугардым. Анан кыйын сугатчы болуп, белек алып жүрдүк. Бир күнү сугатчылардын чогулушу болуп, баарыбызга “жакшы иштейт” деген белек кагаз берди. Анда “Большевиктеги” бир сугатчы: “Эмне кылам муну мен? Андан көрө 5 сом бербейби?! Урдум муну!” - деп ыргытып жиберди. “Кагаздын бетине мактап жазып коюптур. Мактаганда эмне кереги бар?” - дейт. Ошондой турмуш өткөрдүк, баштан. Жакшы турмуш өткөрдүк, жаман турмуш өткөрдүк.

Мааданкул карыя небере-чөбөрөсү менен.
Мааданкул карыя небере-чөбөрөсү менен.

Мээнткеч жигит Мааданкул Сулайманов бир нече жыл бою колхоздун кой фермасынын башчысы да болуп эмгектенет. Чарбадагы бул жооптуу чарбалык кызматка дайындалганы да бир кызык.

- Мал багып, кой багып жүрдүм. Бир күнү кой багып атсам колхоздун кеңсесине чакырышты. Анда Төрт-Күл өзүнчө колхоз. Барсам башкарма: “Сен ферма (башчы) болосуң”, - дейт. “Ай, же катты билбесем, же сүйлөгөндү билбесем, кантип уй ферма болом? Деги эле киши менен сүйлөшкөндү билбейм. Болбойм!” десем, башкарма: “Болосуң!” – деп ферма башчы кылып койду. Сөздү элден үйрөнөт экенсиң. Анан ферма башчы болуп төрт жыл иштеп калдым.

Мааданкул карыянын мууну 1930-жылдардагы капасалаңдуу учурда бышып, согуш отун кечкен, жашоонун ачуу тузуна да кокодон тойгон.

- Мен 8-классты эле бүттүм. Жетиммин да. Кайрылышар киши жок. Ата-энем жок. Жумушка келсем мени көп киши башкарып алчу. Кой кайтартат. Анда апийим деген желмогуз бар болчу. Апийим тилдиртет, апийим кырдыртат. Ар кимдин сөзүн так аткарып жүрчү экенмин. Ошонун кесепети мага тийди окшойт. 17 жаштан он чакты күн өткөндө эле армияга чакырып кетишти.

Мааданкул Сулайманов Украинада жүрүп, билегинен катуу жараат алат. (Кийин II топтогу согуш майыбы деген макам берилет). Бирок кан майдандан тирүү чыкканына топук кылып: “Украинада оор жараат алып, алты ай жатып айыктым. Сөөк талкаланып кеткен экен. Ажал жок экен, канча октон калдым. Эчен ажалдан калдым. Момунтип сайрап отурам эми”, - дейт карыя жүзү жайнап.

Согуш ардагери Мааданкул Сулайманов. Бишкек.
Согуш ардагери Мааданкул Сулайманов. Бишкек.

XVII кылымда өткөн француз жазуучусу Франсуа Ларошфуконун “Кишилер картайганда келесоо да, даанышман да болуп калат” деп айтканы бар. Ал эми Мааданкул карыянын сөзүн тыңшап отуруп, даанышмандыкты жана жаш баладай жөнөкүйлүктү байкадым. Жөнөкөйлүк өзү улуулуктун белгиси эмеспи.

- Аракка барбаган киши жакшы. Мен аракты чөнтөгүмө салып жүрүп иччүмүн. Анан Кудай-Таала өзү эле эрк берди, мага. Аракты эл деле “кой” деген жок. Өзүм да “кой, ай” деген жокмун. Арак такыр эле барбай калды, мага. Өзүм арак ичпей калдым.

- Береги тамакты кандай ичесиз? Нан, эт, сүт, айран, кымызды?

- Алар курсакка деле батпайт. Кичине, кичине ичем, - деди кызыл жүзү жаш баланын бетиндей нурланган карыя жанымдагы бир чети карыя-журналист, бир чети айылдашы Тенти Орокчиевдин суроосуна. Айтмакчы, карыя ушу Тенти аганын мугалим атасы өткөн кылымдын 30-жылдары ага боор тартып, мээрмандык кылганын астейдил эскерди:

- Орокчу деген мобу кишинин атасы болчу. Андай киши болбойт. Ал киши мага да көз салып жүргөн экен, "жетим" деп. Кечинде сүт бышаарда колдон жетелеп алып, үйүнө алып барып... Аялынын аты Рабия. “Эй, мобул балага сүткө көөлөбөй каймакка көөлө”, - деп өзү каймакты алдырып келип, килейген талканды каймакка көөлөтүп, колума карматып койчу. Бир колума батпай, эки колдоп кармайм.

- Ошо кезде кант бар беле?

- Кант бар болчу. “Соку кант” деп койчу. Бир кантты алып, ташка жанчып жечүбүз.

Кант демекчи, бир кезде буудайды жүгөрүгө алмаштырууну көздөгөн СССРдин жетекчиси Никита Хрущев 1964-жылы август айында Ысык-Көлгө келгени али да карыянын жадында. Хрущев КПССтин эң жогорку жетекчилигиндеги кутумдун натыйжасында бийликтен оодарылган кезде КПСС БКнын 1-катчысы жана СССР Министрлер Советинин төрагасы болчу.

Албетте, кырктын кырындагы Мааданкул Сулайманов таажысы башынан түшкөнү турган Хрущевди жанынан көргөн эмес. Бирок килейген империянын падышасынын Ысык-Көлгө келгени, Мааданкул абанын айтымында, көлдүктөр үчүн чоң окуя болгон экен.

- "Хрущев келди" деп калышты. Баарыбыз дүрбөп... Анда машине жок да. Ат менен жүрчүбүз. Учкашып-чиркешип алып "Хрущев деген келиптир" деп элдин баары чурулдап, атчаны атчан, жөөсү жөө Көлдү бойлоп жүрүп отурдук. “Хрущев тетиги Караколдун чатынан барып, сууга түшүптүр, жылаңачтанып алып” дешти. Ошондо орус да, кыргыз да карыялар: "Бекер денесин көрсөтөт. Сууга бекер түштү да бул. Жылаңачтанбай эле койсо болмок”, - деп айтты. Ошондон кийин бат эле кызматтан түшүп калды...

please wait

No media source currently available

0:00 0:12:35 0:00

Баса, ушу Никита Хрущевдин тушунда, тагыраагы 1960-жылдан тартып Ата мекендик согуштун I, II топтогу майыптарына кол менен башкарылчу “Запорожец” автокөлүгү бериле баштаган. Ал кезде жеңил машине сейрек болгондуктан “Запорожец” көпчүлүк советтик жарандардын көзүнөн учкан унаа эле. Баасы 1000 жащик арактын пулуна тете “Запорожецти” сатканга ээсинин укугу жок болчу. Карыянын тун уулу Тилебалды Сулайманов 1980-жылдардын аягы, 90-жылдардын башында Мааданкул аксакалга “Запорожецтин” ордуна кыргыз өкмөтү тарабынан кадимки төрт дөңгөлөктүү араба жана ат берилгенин айтты:

- Союз таркаар маалдын аягына келип калган учур болчу да. Ал кезде биздин Кыргызтанда “Запорожецтин” ордуна ат араба бере баштаган. Кадимки эле ат, арабасы менен. Ошондо районго Бишкекте заводдон чыккан арабалар келе баштаган. Ат бияктан, колхоздон берилген. Социалдык камсыздоо министрлигинен берилген болуш керек. Президент А. Акаевдин учуру болуп калган.

"Запорожец-966". (1966-1973)
"Запорожец-966". (1966-1973)

Жашы токсондон ашкан Мааданкул Сулайманов аксакалдын балалыгы кунары жок жылдарга туш келгени менен, арийне, баладай санаасыз жана оюнга тойбогон күндөрдү да көргөн.

- Бий деген жок болчу. Чынын айтыш керек. Эскичилик. Балдар чогулуп алып эле ойноп жүрчү элек. Чикит деген бар болчу. Ак чөлмөк... Той учурунда оюнга алаксып жүрүп шорпо да ичпей калчубуз.

Маданкул абанын айтымында, жайында өз курдаштары менен уйдун жүнүнөн топ жасап алып, тепкилешчү экен. Себеби, 80 жыл мурда азыркыдай булгаары жана желим топтор жок.

- Жайдын күнү уй түлөйт го? Ошол түгүнөн топ жасап алып да ойноп жүрдүк. Уйдун жүнү бат кирип кетет экен. Ушаласаң эле томолонуп калчу. Тепкилесең тез эле катуу болуп калат. Аны менен да ойноп жүрдүк.

Кыздар өзүнчө “Ачакей-жумакей” деген оюну бар эле. Алар эки бөлүнүп алып: “Сенин атаң тигиндей-мындай” деп, кээде уруша да кетишчү. Биз: “Эмне жетпей атат силерге? Эмне урушуп атасыңар? Же силерге күйөө жетпей атабы?” - деп шылдыңдачубуз.

Мурдагы СССРде 1930-жылы чыгарыла баштаган СХТЗ 15/30 трактору.
Мурдагы СССРде 1930-жылы чыгарыла баштаган СХТЗ 15/30 трактору.

Ысык-Көлдүн тескейиндеги Тоң аймагына 1930-жылдары алгачкы трактор кандай келгени да буурул чач карыянын күнү бүгүнкүдөй көз алдында турат.

- Мен кичине чакта дөңгөлөктөрү арсайган тиштүү тракторлор келип калды. Ошону ээрчип, “Большевикке” (кыштактын аты) барчубуз, көрөлү деп соңуркап. Анын баары жоголбодубу.

Ажайып балалык дүйнө боз улан жаштык менен кошо акырындап кош айтышканы табигый көрүнүш эмеспи!

- Эртең менен эрте биз Көк-Сайдан ылдый келатканда буркураган эле, чаңдаган эле сонун жыт келчү. Ал жыттын баары жоголду. Ал жыт, көрсө, токойдон чыгып атыптыр. Чычырканак, ит мурун, жылгын деген сонун чөптөр бар эле. Көрсө абаны оңдоп аткан ошол токойдун жыты экен да. Азыр деле “токой көп болсун, токойго тийбегиле” деп айтып жатпайсыңарбы! Эми жыт эмес, какыраган эле таш калбадыбы. Илгери ушу сайдын ташы жөн эле кооз болчу. Кызыл таш, сары таш, сарала таш...

Редактордон: Мааданкул Сулайманов (туулган 1925-жылы) менен макаланын автору 6-7-октябрда жолугуп сырдашкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​

XS
SM
MD
LG