Йемендин мамлекеттик аба компаниясынын учагы бүгүн Индия океанына кулап, ичиндеги 153 кишинин ичинен бир гана жаш бала аман калды. Кырсык болгон жерден куткаруучулар дагы бир нече кишинин сөөгүн алып чыгышты. Учак Йемендин башкалаасы Санадан Индия океанындагы Комор аралдары мамлекетинин борбор шаары Морониге бараткан экен. Морониге ал таңкы саат үчкө жакын конмок, бирок ага жетпей Индия океанына кулап, минтип кырсыкка кабылып олтурат.
Комор аралдарына бараткан кырсыктуу учактагы жүргүнчүлөрдүн 60тан ашууну Франциянын жарандары болгону, алардын бир бөлүгү сапарын Парижде, же Марселде баштап, Йеменде самолет которгону маалымдалды. Окуя болгон жерге бүгүн Франциянын бир чоң кемеси жана эки аскердик учагы жетип барып, куткаруу иштерине көмөк көргөзүүдө.
Yemenia Air авиакомпаниясынын өкүлү Мохаммед Сумаири “кырсыкка начар аба ырай шарттары себеп болушу ыктымал, ошол маалда ал жерде катуу шамал үйлөп турган” деген жоромолун билдирди. Ал анткен менен, Франциянын транспорт министри Доминик Бюссро океанга кулаган А-310 учагы 2007-жылы француз адистери тарабынан текшерилип, анда бир катар техникалык мүчүлүштүктөр табылганын эске салды. Андан бери бул учак Франциянын аймагына каттаган эмес, деп тактай кетти ал.
Комор аралдары Мозамбик кысыгындагы Мадагаскардан 300 чакырымдай түндүк-батыш тарапта жайгашкан, адистер мындан 13 жыл илгери дал ушул аймакта Эфиопиялык учак кырсыкка учурап, 120дан ашуун адам мерт болгонун эске салышууда.
Кабарчылар Париж, Морони жана Санадагы аэропортто ондогон кишилер чогулуп, жакындары тууралуу маалымат издеп, күтүп турушканын билдирүүдө.
Yemenia Air аба компаниясынын 51% акциялары Йемен өкмөтүнө, калган 49%ы Сауд Арапстан өкмөтүнө таандык экен. Бул кырсык ушул ай ичинде француз жарандары кабылган экинчи ири авикырсыкка айланды. 1-июнь күнү Рио-де-Жанейродон Парижге бараткан учак океанга кулап, андагы 228 киши каза тапкан.
Европа Биримдигинин транспорт боюнча комиссары Антонио Таджани дүйнөдөгү бардык кооптуу учактарды атайын кара тизмеге киргизүүгө үндөдү.